Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тартипке салынуу, иретке келүү.
2. Орношуу, жайланышуу, орун алуу. Камкор жолдошуна ыраазы болгон студент чуркап жетип жакшы орунга жайгашат (Бейшеналиев). Бул имаратта селолук советтин конторасы жайгашкан.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тартипке салынуу, иретке келүү. 2. Орношуу, орун алуу, жайланышуу. Камкор жолдошуна ыраазы болгон студент жакшы орунга жайгашты (Бейшеналиев). Өткөн жылы, курулган үйлөргө 70 үй-бүлө жайгашты («Кыргызстан аялдары»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тартипке салуу, орду-ордуна коюу, орундаштыруу. Малды жайгаштырып коюп [малчылардын] бардыгы от жагылган ыктоону жамаалады (Убукеев). Акман бир жумушту жайгаштырып.. тура калды (Сыдыкбеков).
2. Турууга жай берүү, орноштуруу. Жолоочуларды мейманканага жайгаштырып койгула («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тейлөө, иреттөө, тартипке келтирүү. Малчылар малды жайгаштырып коюп, бардыгы от жагылган ыктоого чогулушту (Убукеев). 2. Орундаштыруу, жайлаштыруу, орун алып берүү, орноштуруу. Мандикерлерди Оштун Пиян базар деген жерине жайгаштырды (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от жайгаштыр-
приведенне в порядок, упорядочивание, устраивание, расстановка по местам; налаживание; размещение;
күчтөрдү жайгаштыруу расстановка сил;
кадрларды тандоо, жайгаштыруу жана тарбиялоо подбор, расстановка и воспитание кадров;
өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу эк. размещение производительных сил.