ЖАЙСАҢ Энциклопедия "Манас". ч.1. ЖАЙСАҢ — топоним. Эпос боюнча Алтай тараптагы Уркун суусунун куймасы (Сагымбай Орозбаков, 1. 246). Географиялык реалияда Зайсаң Чыгыш Казакстандагы тоолуу өрөөн жана андагы суу.