ЖАЙКАЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ары-бери ыргалган жагымдуу көрүнүш. Ой-тоо толгон түркүн гүл, Желге ыргалып жайкалган (Барпы). Бул жер болсо мына чөбү чабылып, айдаган сулулар жайкалып калды (Байтемиров). Телтору атты берсеңиз, Жоого минсин жайкалып («Курманбек»). Жайкала басып айылдын келиндери айттап жүрүшөт (Каимов).