Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Акырын кыймылдатуу. Дыйкандар сакалдарын желге жайкап, Карашат эгиндерин эртең байкап (Аалы). Буркурап согуп күзгү жел, Буудандын башын жайкаган (Мидин).
2. Жөнгө салуу, тынчытуу, аяк-быягын айтып жоошутуу, жайгаруу Алдап-соолап жайкайын. Арада чатак сөз болсо, Жайкай жүрсөң жигиттик (Барпы). Жайкай сүйлөп, Оозунан чаң буркурайт (Аалы).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. трясти;
приводить что-л. в движение;
ак сакалын жайкаган он потряхивал своей (густой и длинной) седой бородой;
2. то же, что жайга-;
кейиген дилин билгизбей, жайкап сүйлөп, токтолду стих. его обиженное сердце незаметно обласкав, он замолчал;
алдап-соолап жайкайын фольк. уловками и хитростью я (всё) улажу;
жакшы сөз менен жайкайын я добрыми речами обойду (его);
бал сөзу менен ары жайкап, бери жайкап своими медовыми речами то так, то этак улещая;
кур сөз менен жайкаган пустыми разговорами он втирал очки.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жөнгө салуу, ыраазы кылуу, жоошутуу, жайгаруу. Мырзагүл оорулуунун ал-жайын сурап, көңүлүн жайкайт (Кыргызстан аялдары). Акылы менен жайкаган, Алты айлык азапты, Көз ачымда байкаган («Манас»). 2. Акырын кыймылдатуу, теңселтүү, ыргоо. Буркурап согуп күзгү жел, Буудайдын башын жайкаган (Алыбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көңүлү куунак капарсыз, шайыр мүнөздө болуу, алчылануу, жагалдануу. 2. Көңүл жубатуу, кошоматтануу, жалпалактоо, жайкаңдоо. Бу куу неме кайра жайкактап соолуга түшүп, анан жайбаракат сүйлөмөк болду (Бектенов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Чайпалуу, теңселүү, ыргалуу; кубулуу, кулпуруу; чоң, узун келип, жайылып туруу (мис., сакал). Жайкала басат. Жайкалып жашыл шибер миң кубулуп, Чачырайт ак байчечек төрдүн гүлү (Үмөталиев). Сакалы жайкалган карыя.
2. Жарашып, келишип туруу. Көйнөгү жайкалып турат. Жакшы айгырдын үйрү өсүп, Жал-куйругу жайкалган (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от жайка-;
1. раскачиваться из стороны в сторону;
жайкала басат он ходит важно, плавно покачиваясь;
сакалың жайкалган у тебя борода лопатой; твоя борода важно расправлена; твоя борода придаёт тебе важный вид;
чөбү жайкалган жер место, покрытое густой и сочной травой;
кызыл ат жүрөт жайкалып, өзөндүн тегиз сазында фольк. по ровному прибрежному болоту величаво расхаживает сивый конь;
2. быть впору и к лицу;
көйнөгу жайкалган на ней платье впору и к лицу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ары-бери ыргалган жагымдуу көрүнүш. Ой-тоо толгон түркүн гүл, Желге ыргалып жайкалган (Барпы). Бул жер болсо мына чөбү чабылып, айдаган сулулар жайкалып калды (Байтемиров). Телтору атты берсеңиз, Жоого минсин жайкалып («Курманбек»). Жайкала басып айылдын келиндери айттап жүрүшөт (Каимов).