Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Акырын кыймылдатуу. Дыйкандар сакалдарын желге жайкап, Карашат эгиндерин эртең байкап (Аалы). Буркурап согуп күзгү жел, Буудандын башын жайкаган (Мидин).
2. Жөнгө салуу, тынчытуу, аяк-быягын айтып жоошутуу, жайгаруу Алдап-соолап жайкайын. Арада чатак сөз болсо, Жайкай жүрсөң жигиттик (Барпы). Жайкай сүйлөп, Оозунан чаң буркурайт (Аалы).