Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Орун, турак, мекен. Ушул шаарды, ушул сонун жайды түзгөн эмгекчи эл өзү го (Баялинов). Дагы нарылай түшүп, отурууга жай тандашты (Бейшеналиев). Булардын көбүндө үй да, жай да жок (Сасыкбаев). || Үй, турак жай, чарбак. Ойлодум: сонун жай кимдин жайы (Үмөталиев).Төшөк, жата турган орун. Мейманга жайды көрсөттү (Бейшеналиев). Жай таппадым жатарга (Токтогул). // Кандайдыр бир аныкталгыч сөздөрдөн кийин айтылып, тиешелүү мекемелерди, ишканаларды ж. б. атайын орундарды билдирүүдө колдонулат. Соода жайы. Коомдук жайлар. 2. Кандайдыр бир нерсенин же бир иштин ал-абалы, шарты, жөнү, жагдайы. Ашым иштин жайын эми гана түшүндү (Каимов). Жалкоонун жайы ушундай, Жайкалып уйку салыптыр (Тоголок Молдо). // Өз эркинчелик, өз алдынча болгон абал. Мал катары айдадың, Кедейди койбой жайына (Каралаев). Аябай айласы кеткенде Айганыш кызды жайына койгон (Байтемиров). 4. Жайлуу, орундуу, ылайыктуу. Чылмайран тоо келишкен, Чыбыры тегиз малга жай, Койлору төлдөп эгизден («Олжобай менен Кишимжан»).