жайла
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I этиш. Жайды бир жерде өткөрүү, жайында бир жерде туруу. Суу сугарып, арык чаап, Саратан чөлдү жайладың (Тоголок Молдо).
ЖАЙЛА II этиш. 1. Жайгаштыруу, орду-ордуна коюу, тартипке салуу; тынчытуу (мис., көңүлдү). Малыңды жайлап болгон соң, Келгиле калбай жабыла (Токтогул). Кыйыштырып сөз сүйлөп, Кыйланын көөнүн жайлаган (Осмонкул).
2. Өлтүрүү, жок кылуу, түбүнө жетүү. Бир канчасын жайлап, далайларын туткунга алдык (Каралаев). Алышкан жоосун жайлаган, Алп мүчөлүү сен кимсиң? («Манас»).
ЖАЙЛА III этиш. Акырындоо, шашпоо, жай кыймылда болуу. Күрпүлдөк суусу жайлап агып, жээгине камыш өнө баштайт (Сыдыкбеков).
ЖАЙЛА IV этиш. эс. Сыйкырлап күн жаадыруу. Кар жаадырган Элдияр, Кара таш салып күн жайлап («Эр Табылды»). Күндү катуу жайладым, Күз булутун байладым («Эр Табылды»).