Киргизско-русский словарь Юдахина
1. распростёртый, разбросанный, распущенный;
жайма көкүл распущенная чёлка, распущенная косичка; пышная челка, пышный чуб;
жайма куйрук распушённый, распущенный хвост;
жайма базар ист. базар, на котором товары раскладывались на лотках и на земле;
2. уст. мешок, наполненный до краёв (мера сыпучих тел);
эки капка жайма кылып алдым я получил два полных (наполненных до краёв) мешка;
3. фаза скачек с козлом, когда в них принимают участие все (участники скачек, а не отдельные наездники).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Сатылуучу нерселер элге көрүнүп турсун үчүн жайылып коюлган, ар ким өз буюмун көтөрүп сатма (базарга карата). Жайма базардан учурап калдык (Убукеев).
2. Идиштин кыры менен текшилене, жайпама салынган. Эки капка жайма кылып салынган буудай.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сатуучу нерселер элге көрүнүп турсун үчүн жайылып коюлган, ар ким өз буюмун көтөрүп сатма (базарга карата). Жайма базардан учурап калдык (Убукеев). Тебетей жок, издеп калдык жаймадан (Токомбаев). 2. Идиштин кыры менен тең, жайпама, текшилене салынган. Бир чоң чакага жайма кылып ун салып берди. Эки капка жайма кылып алдым. 3. Жайылып, жазылып турган. Жайма көкүл. Жайма тузак.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от жаймала-
сровняться с краями; стать плоским, сровнявшись с краями;
баланын алагай чоң көзү жез чарага жаймаланган боорсокко түшө калды большие на выкате глаза мальчика увидели чашку, до краёв наполненную баурсаками (см. боорсок);
шаттык менен жаймаланган Нуракең тамылжыды чала бышкан алчадай стих. Нураке, преисполненный радости, рдел, как полузрелая вишня.