ЖАЙГАР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жайлаштыруу, тейлөө, тартипке салуу, жөнгө салуу. Жаткан экен Кулжыгач, Өз элин өзү жайгарып («Олжобай менен Кишимжан»). Көсөл атасынын жоктугун билгизбей жумуштарынын баарын жайгарып коёт (Каимов). 2. Сөз менен көңүлүн көтөрүп, ыраазы кылып коюу, ынандыруу, көңүл сооротуу, тынчытуу. Тамаша кылам, аксакал, кемчилик кимдин башынан өтпөйт – деп Барпы сөз менен жайгарды (Байтемиров). Баары билет, баары күйөт, кайгырат. Бирин бири калп чыгар деп жайгарат (Нуркамал).