Киргизско-русский словарь Юдахина
жайлуу I
(жайлы)
удобный, хороший, приятный;
мал кыштатууга жайлуу жер место, удобное для зимовки скота;
жайлуу, эптүү мал экен, Маникерди мага бер фольк. ты отдай мне Маникера (коня), ловкое, хорошее животное;
иши бир жайлы болгончо до выяснения его дела, пока его дело не выяснится;
жаткан жери жайлуу болсун! (об умершем) да будет ему земля пухом! (букв. да будет место, где лежит он, удобным);
жайлы-жайлата или жайлы-жайлай на протяжении всего лета.
жайлуу II
(жайлы)
обладатель места где-л.;
үйлүү-жайлуу см. үйлүү 2.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Ыңтайлуу, орунтуктуу. Эртеси Жылдызкандар кеч ойгонушту. Жаткан жери жайлуу болгондуктан, мемиреп уктап калышыптыр (Байтемиров).
¨ Жаткан жери жайлуу болсунөлгөн адамды урматтоо үчүн айтылуучу сөз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ыңгайлуу, ыктуу, орундуу. Кечке чейин жайлуу жер таппай чыйрыккан Жылдызкан мындай ылымта жерде кадимкидей жылый түштү (Байтемиров). Эмгекке дыйкан тунгандай, Эгинге жайлуу жер болот (Осмонкул).