распростёртый, раскинувшийся; широкий;
жайык бет широколицый; с плоским лицом;
көк жайык зелёная горная поляна;
төш жайыгын караса, дөбөлүү тоонун керидей фольк. если посмотреть на ширину его груди, она подобна бугристому склону горы;
алды жайык удачливый, счастливый;
жалпы-жайык см. жалпы.
сын. Жазы, кең; жалпак; жайылып жаткан, түз тегиздик. [Кыштактын]., чыгыш тарабы да кичине көтөрүлө түшүп, анан жайык сайдын нугу менен чектелет (Таштемиров). Кең көкүрөк жайык төш, Келберсиген шер экен («Семетей»). Жайык бет, Кашаттын үстү кыйла жерге мелтиреп жаткан чоң жайык (Байтемиров).,
ЖАЙЫК (Орол, Урал) — топоним. Эпос боюнча түрк уруулары мекендеген жерлердин бири: «Эдил, Жайык жери бар, Эне-атабыз өскөн деп, Бир кыйла элдин кеби бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 16),— деп айтылат. Түштүк Урал жана Каспий бою ойдуңундагы дарыя. Эдил (Волга), Ж. (Урал) дарыялары түркчө мурдагы аталышы менен «Манас» эпосунда гана эмес, казак-кыргыздардын оозеки чыгармаларында алар качандыр бир кездерде мекендеп келген жерлер катары көп эскерилет. Бул Чыңгызкандын тукумдары негиздеген Алтын-Ордонун талкаланып, анын курамындагы айрым уруулардын кийин казак-кыргыздардын арасына келип сиңип кетиши менен байланыштуу.
Географиялык реалияда Урал 1775-ж. чейин Жайык деп аталган. Түштүк Урал жана Каспий бою ойдуңундагы дарыя.
Жазы, кенен, жайылып жаткан түздүк. Биз айылдан чыгып кечмелиги жайык өзөн сууга туш келдик (Каимов). Ошонун эки өйүзү бизге карайт, жана да белден берки жайык талаа (Турусбеков). Кашаттын үстү кыйла жерге мелтиреп жаткан, чоң жайык (Байтемиров).