Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы жайлоо сөзүн жай+ла+оо морфемаларына ажыратуу туура эмес. Ал жай деген зат атооч сөзгө -ла мүчөсү уланган жайла этишине зат атооч жасоочу -к мүчөсү жалгануудан келип чыккан (ДТС, 227). Аяккы г тыбышы үндүүгө айланышы созулма үндүүнүн пайда болушуна алып келген: жайлак>жайлов>жайлоо. Ал эми г тыбышы к тыбышына алмашуусунда Ат-Жайлак жайлоосунун аты жаралган.