Киргизско-русский словарь Юдахина
тил I
1. в разн. знач. язык;
койдун тили овечий язык;
тилин салып высунув язык (от усталости, напр. о собаке);
баш кесмек бар, тил кесмек жок погов. (послу, посланцу) голову отрезать можно, язык отрезать нельзя (т.е. он имеет право сказать всё, что ему поручено);
тил - ойдун сандыгы погов. язык - хранилище мысли;
эне тил родной язык;
кыргыз тили киргизский язык;
тил билеби? он язык знает? (чаще подразумевается киргизский язык);
тил - менин тууганым, тил - менин душманым погов. язык мой - враг мой (букв. язык - родной мой, язык - враг мой);
кызыл тил, кара тил эпитеты языка;
өнөр алды - кызыл тил погов. высшее искусство - красноречие (букв. красный язык);
кара жаак Акбалта кара тилин кайрады фольк. красноречивый Акбалта навострил свой язык (приготовился речь держать);
акыл-насаат айтууга бар бекен кызыл тилдериң? фольк. есть ли у вас языки, чтобы дать совет?
көркөм адабияттын тили язык художественной литературы;
билим тили язык науки;
тили чыгып келе жатат (ребёнок) начинает говорить;
2. брань, оскорбление;
тил ук- выслушивать брань, подвергаться оскорблениям (словом);
жамандан тил укканча, жакшыдан таяк же- погов. чем от дурного слышать оскорбление, лучше быть побитым хорошим;
3. весть, известие;
Буракжандан тил келди, тил келгенде тилчи не деди? "ай караңгы түн" деди,"ашыктык кыйын иш" деди фольк. от (девушки) Буракджан весть пришла, когда весть пришла, что вестник сказал? "безлунная, тёмная ночь", сказал, "любовь - дело трудное", сказал;
4. воен. язык, вестник, осведомитель;
тил ал- или тил сура- разузнать, добыть сведения, расспросить;
тилди кармап алалы, тилден тилди сурайлы фольк. поймаем языка и получим от него сведения;
тил тарт- тайно разведать, разузнать;
тил тартмакка келгенмин, тилимди ал, мергеним стих. прибыл я сюда, чтобы разведать, послушайся меня, охотник мой;
ушу келген кошуундан тил чыгарбай, кырды эле фольк. он уничтожил всех, чтобы не дать языка (который бы мог разгласить);
Коконго тил түшүрбөс максат менен, тостурду чек араны каскак менен стих. чтобы не пропустить в Коканд (в Кокандское ханство) языка, он велел преградить границу копьями (копейщиками);
5. разг. слово;
ал тил жыйнап журөт он слова собирает;
сен "тандан" башка тилди билбей калгансынбы? ты чтоже, кроме "не знаю", другие слова забыл?
6. уст. печатный орган;
7. язычок варгана;
тил ал- или тилге көн- послушаться, согласиться на уговоры;
айткан тилди албайт он не внемлет тому, что ему говорят;
менин тилимди алса или мага тил алса если он меня послушается;
мага тил албай койду он меня не послушался;
айткан кепке тил албай не внимая словам; не слушаясь того, что (ему) говорят;
тил алыш- взаимно уважать, слушаться друг друга;
тил албаган балаңыз бел ашпаган арыктай стих. непослушный сын ваш подобен кляче, неспособной перейти через перевал;
тилиме кенбөдү он на мои уговоры не согласился; он меня не послушался;
тил алгыч или тил алчаак послушный, сговорчивый;
тилге кел-
1) соглашаться на уговоры;чуть уступать соглашаясь, идя на разговоры, на переговоры;
ал такыр тилге келбей койду он ни на уговоры, ни на разговоры не согласился, не пошёл;
2) заговорить, обрести дар речи (гл. обр. об умирающем);
достуңуз Манас кабылан кээде тилге келе алса, кээде тилге келе албай, дарты катуу момундай фольк. твой раненый друг Манас-леопард то заговорит, то не может говорить (теряет дар речи) - вот как тяжела его болезнь;
тилге келтир- заставить подчиниться, послушаться;
тил алдыр- уговорить;
абышканы тил алдыра албадык мы не могли уговорить старика, мы не могли добиться от старика согласия;
тил билгилүү понятливый и послушный;
адал жүргөн- адамдар - киргили жок тазадай; тил билгилүү эр болсо, дили жумшак "казыдай" стих. кто живёт честно, тот чист; у понятливого и послушного молодца сердце мягко, как казы (см. казы I);
тилине кир- неодобр. поддаться чьим-л. уговорам; принять на веру чьи-л. разговоры;
ушакчылардын тилине кирбе не поддавайся уговорам клеветников;
мага тили тийди он меня обругал или оскорбил меня словом;
кудайга, шариятка тили тийди он непочтительно отозвался о боге, о шариате;
менин жамандыгымбы же жаштыгымбы, сизге баягыда тилим тийип калды потому ли, что я дурной, потому ли, что я молод, я в тот раз вас оскорбил;
тил тийгиз- оскорбить;
"бекке тил тийгизди" деп, маатогуз айып ойлоду ист. на меня наложили девятку (см. тогуз 2)
штрафа (см. айып 3): ты, мол, оскорбил бека;
тил чыкпай не произнося ни слова;
чай кайнамга тил чыкпай, аш бышымга унчукпай, карап турду калайык фольк. некоторое время (см. кайнам) стоял народ, не произнося ни слова, долго (см. бышым) стоял молча;
анын тилинен чыкпайт он во всём следует его указаниям; он его не ослушивается;
тил алдынан тил чыгып говорят, один другому возражая (пошёл спор, начались препирательства);
тили оозуна жукпайт или тили буудай куурат он говорит очень быстро и без запинки; он прямо чешет и чешет;
тилинен чаң чыгат (о хвастуне, пустослове) у него каскад слов; с языка у него фейерверки летят;
тил суут- немного унять (напр. бурный разговор);
тилинин түбү жоон болуп калган (о пьяном) у него язык не ворочается;
тил сүйлө- говорить;
тил сүйлөбөй потеряв дар речи (напр. о больном);
тил айт- молвить;
көп сүйлөбөй, тил айтпай, ойлоп турат бул Кыяз фольк. много не говоря, (и даже) не молвя, стоит этот Кыяз и думает;
тил сүйлөтпөй лишив дара речи;
тил-оозу жок сулк жатып калыптыр он безмолвно, недвижимо лежит;
тилден кал- лишиться речи (напр. об умирающем);
куш тили имеющий форму небольшой узенькой полоски (напр. о мясе, мелко нарезанном поперёк волокна);
куш тилиндей или куш тилдей маленький (напр. о лоскутке, листке бумаги); коротенький (напр. о сообщении);
куш тилиндей кат маленькое письмо, письмецо;
куш тилиндей жооп коротенький ответ;
чымын-чиркей тилиндей чуточный, незначительный;
тил тарт- не решаться говорить, замолкать;
аткан ок таштан кайтпайт, элчи кандан тилин тартпайт погов. пущенная стрела от камня не отвращается (не обходит его), посол хана не стесняется (говорит всё, что ему поручено);
тилин тартпай (он) смело (говорит);
тилин тартпай сүйлөду он говорил смело, не стесняясь в выражениях;
тилин тартпаган несдержанный на язык; смелый на словах;
каяша сүйлөп, тилин тартпады он противоречил и говорил смело;
тарт тилиңди, доңуз! замолчи, свинья!;
тилиңди тартат пальчики оближешь, язык проглотишь;
тили кесилген бран. тот, кто говорит что-л. неуместное или то, что навлекает несчастье;
тилиң кесилгир! или тилиңе тикен кирсин! или тилиңе жара чыккыр! или (более мягко) тилиңе келгир! или тилиңе тибиртке! типун тебе на язык!;
тилдин учунда турат вертится на кончике языка;
айтып жибере жаздап, тилинин учунда токтотту он вот-вот готов был сказать, но в последний момент удержался;
тилинде сөөлу бар или южн. тилинде мөөрү бар у него бородавки или печать на языке (по старому поверью, проклятие такого человека обязательно возымеет действие, а потому он должен был воздерживаться от проклятий или брани);
тилинде сөөлү бардын каргышы ката кетпейт проклятие человека с бородавкой на языке безошибочно (т.е. обязательно возымеет действие);
тилинде тикени бар или тилинен заар төгүлгөн у него злой язык;
айтып жүрүп тилим тешилди я так много говорил, что язык себе намозолил;
тилден бал агыз- говорить медоточиво;
тили буруу ирон. иноязычный; не говорящий по-киргизски;
узун тилдер сплетники;
тил сындырмак южн. скороговорка;
ат кара тил болгондо когда наступило лето (букв. когда у лошади язык стал чёрным, т.е. когда она стала питаться травой);
тили байланды (см. байлан-);
тил азар то же, что тилазар.
тил- II
разрезать на узкие полоски, на ломтики;
тактай тил- пилить доски;
апийим тил- собирать опиум (на поле, надрезая головки мака);
тракторум күчкө кел, дыңды бузуп тиле бер стих. набирайся сил, мой трактор, взрывай целину, прорезай полосы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Омурткалуу айбандардын жана адамдардын оозунун ичиндеги тамакты чайнап жутууга жардам берүүчү, анын даамын аныктоочу, ал эми адамдарда, андан тышкары, табыш чыгарууга катышуучу орган. Жылдызкандын эриндери кеберсип, тили оозуна батпай суусап жатат (Байтемиров). Тишиң түшүп, тил калган. Эби келбейт сүйлөөгө (Токтогул).
2. Сүйлөөгө, өзүнүн оюн айтып түшүндүрүүгө болгон жөндөмдүүлүк, речь. Кузьма Иванов тилге келбей жатып.. үзүлдү (Сасыкбаев). Оолуктуруп адамды, Чечен кылган тил болот (Тоголок Молдо).
3. Коомдо байланыш-катыш жасоонун, пикир алышуунун куралы болгон тыбыштык жана лексико-грамматикалык каражаттардын системасы. Кыргыз тили. Орус тили. Өлүү тилдер.
4. Жазуучунун, ар кандай чыгарманын, илимий эмгектердин, публицистиканын ж. б. түрлүүчө белгилер менен мүнөздөлүүчү, өз ара айырмалануучу стили, речь. Газетанын тили. Адабий чыгарманын тили. Поэзиянын тили. Оозеки тил. Адабий тил.
5. сог. Керектүү маалымат алууга мүмкүн болгон туткун. «Тилди» алып келген Жапар болду (Баялинов). Арасын тосуп алалы, чором, «Тилди» кармап алалы, чором! («Манас»).
6. Сөгүү, сөгүп тилдеп айтылган сөз. Тил угуп калдык. Бекер тил укпайлы.
Тили буудай кууруу к. буудай. Тили күрмөөгө келбөө к. күрмө II. Тилсиз жоо — ар кандай табигый кырсыктар. Телмиртип мени сүйрөгөн, Тилсиз жоо сага баркым жок! («Семетей»). Бал тилин салуу — алдоо, тили менен жыргатуу, көңүлүн көтөрүү. Бал тилимди салайын, Баарыңарды урдурбай, Аман алып калайын («Эр Табылды»). Тил кат к. кат I. Тили буулуу — сүйлөй албай калуу, тили байлануу. Көпкө чейин тилим буулуп калды. Тил эмизүү к. эмиз. Тили тешилүү — айтып-айтып чарчоо. Мурда айта берип тили тешилген (Байтемиров). Тили байлануу — сүйлөй албай калуу, тили буулуу. Сенин тилиң эмне үчүн байланып калды (Каимов). Тил алдына катуу — сары майдай сактоо, бек катуу, бек катып жүрүү. Падыша үчүн жыйнадык Кап менен жип, арканды, Аз күндө дагы беребиз Тил алдына катканды (Жантөшев). Тилиңе тишиң күбө — «сөзүңө бекем тур», «сөзүңө бек бол» деген мааниде колдонулат. Тилин тартпоо — тайманбастан, коркпостон каяша айтып туруу. Ушинтип кымындай сыр айтканы жок, Жазганып тилин такыр тарткан жок (Турусбеков). Тилден калуу — көбүнчө катуу ооруп сүйлөбөй калуу. Батма тилден калды (Баялинов). Каныбек үч күнү тилден калып жатты (Жантөшев). Тилге келүү — 1) бир нерсеге макул болуу, көнүү; 2) сүйлөөгө, бирдеме айтууга жароо (тилден калган, бирок кайра оңолуп, сүйлөй баштаган кишиге карата). Сатылган үйүнө келгенден кийин, алтынчы күндө, араң тилге келди (Аалы). Тил кыска к. кыска. Бөрү тил — уч жагы ичке келип, формасы бөрүнүн тилине окшош болгон найзанын учу. Бөрү тил болот сыр найза, Бөйрөгүнөн сундуруп («Олжобай менен Кишимжан»). Учу болот бөрү тил, Найзанын жайын эми бил («Эр Табылды»). Куш тилиндей — 1) кичинекей, кичине тилке формасында; 2) кыска, кыскача (бир-эки ооз сөздөн турган кабар, кат ж. б. карата).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
II этиш. Узун, кууш тилке кылып кесүү; тилик кылуу, тилик кылып кесүү. Тактай тил. Көк тил. Кайыш тил. Терең салып, тилип жерди тасмадай, Тегиз сээп, бермет данын жайнаткан (Осмонкул). Апийим тил.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
тил (зат а.)
тил азар
тил алгыч
тил алдына катуу
тил алуу
тил алчаак
тил билги
тил бүтүү
тил жетпөө
тил илими//тил таануу
тил кайруу
тил кат
тил катты
тил кыска
тил-ооз
тил-ооздуу
тил-оозу жок жатып калуу
тил-оозунан ажыроо
тил таануу илим
тил табышуу
тил тийгизүү
тил тийүү
тил учунан
тил эмизүү
тилге келүү
тилге кирүү
тилден калуу
тили байлануу
тили барбоо
тили буруу
тили буудай кууруу
тили жок
тили катуу
тили күйүү
тили кыска
тили кычышуу
тили менен орок оруу
тили оозуна батпоо
тили оозуна жукпоо
тили өтпөө
тили суук
тили таттуу
тили тешилүү
тили тийүү
тили узун
тили чыгуу
тилин байлоо
тилин билүү
тилин бүлөө
тилин кайроо
тилин табуу
тилин тартпоо
тилин тартуу
тилин тишине катуу
тилин тиштөө
тилинде сөөлү бар
тилиңди тарт!
тилиңе тибиртке чыккыр!
тилиңе тишиң күбө
тилинен бал тамуу
тилинен табуу
тилинен чаң чыгаруу
тилинен чыкпоо
тилинин учунда туруу

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Байыркы түрк тилинде ти этиши те түрүндө да айтылып, азыркы кыргызча де этишинин маанисин берген. Ага этиштен зат атооч жасоочу -л мүчөсү жырга-жыргал, болжо-болжол, куура-куурал деген сыяктуу сөздөрдө да катышары азыркы кыргыз тилинде даана байкалат. Азыркы кароол дөбө тизмегин кароолчу дөбө деп түшүнгөнгө барабар десек, анда тил сөзү да «дей турган орган» дегенди билдирген сөз болуп чыгат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сары майдай сактоо, бек катуу, жашырын бекем катып жүрүү. Падыша үчүн жыйнадык, Кап менен жип арканды, Аз күндө дагы беребиз, Тил алдына катканды (Жантөшев). Тил алдына катып жүргөн акыркы акчасын да алдап алды («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтылган сөздү, акыл-кеңешти угуу, аны менен макул болуу, айтканга көнүү, сөзүн жерге таштабоо. Көпкөлөң тилин биз алып, Өлгөнү келген экенбиз («Манас»). Оң бас десе тил албай, Тескери кетет уялбай (Тоголок Молдо). Тил ал балам деди. Тил алуу керек деп эскерттим. Энемдин тилин албадым (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсеге макул болуу, көнүү. Тилге келсе Канчоро, Абаке кылып алууга, Күлчоро кепти салды эми («Сейтек»). Асан оңой эле тилге келди. 2. Сүйлөөгө, бирдеме айтууга жароо (тилден калган, бирок кайра оңолуп, сүйлөй баштаган кишиге карата). Сатылган алтынчы күндө араң тилге келди (Токтогул).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсеге макул болуу, көнүү. Тилге келсе Канчоро, Абаке кылып алууга, Күлчоро кепти салды эми («Сейтек»). Асан оңой эле тилге келди. 2. Сүйлөөгө, бирдеме айтууга жароо (тилден калган, бирок кайра оңолуп, сүйлөй баштаган кишиге карата). Сатылган алтынчы күндө араң тилге келди (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Азгырылуу, бирөөнүн сөзүн сүйлөө, бурулуп кетүү. Анын тилине кирип ээрчип кетти («Ала-Тоо»). Мобуга окшогон жалкоо, бузукунун тилине кирип жүрсөң керек (Байтемиров). 2. өт. Сүйлөө, кепке-сөзгө келип, бирдеме айтуу. Таң атты, Алым кайра тилге кирди (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Жемелөө, урушуу, сөгүү, тил тийгизүү. Улууга жаман айтпаган, Кичүүнү тилдеп какпаган, Биздин, биздин башкарма (Осмонов). Жеңи жок жалаң чепкен кийген күнүм, Байбиче кошо тилдеп, күйгөн күнүм (Барпы).

Киргизско-русский словарь Юдахина
тилде- I
ругать, бранить;
көрдөн сууруп, көргө салып тилдейт он ругательски ругает, бранит на чём свет стоит;
кадырың менен тынч кетпей, катыныңча тилдейсиң фольк. вместо того, чтобы подобру ехать, ты бранишь, будто свою жену.
тилде- II
бөрү тилдеп хорошо заострив (копьё, кинжал; букв. придав форму волчьего языка).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жемелөө, урушуу, сөгүү, тил тийгизүү. Улууга жаман айтпаган, Кичүүнү тилдеп какпаган, Биздин, биздин башкарма (Осмонов). Жеңи жок жалаң чепкен кийген күнүм, Байбиче кошо тилдеп, күйгөн күнүм (Барпы).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТИЛДИК ЧЕНТАЛАП – талап, ага ылайык шайлоо укуктарына ээ болуу үчүн ошол мамлекеттин ырасмий (мамлекеттик) тилин, (болбосо ырасмий тилдердин бирин, болбосо ырасмий тилдердин баарын) билүү керек. Биркатар көп улуттуу (кээде сабаттуулуктун ченталабы түрүндө) мамлекеттерде таралган. КР Президенттигине КР мамлекеттик тилин билген жаран гана шайлана алгандыктан, Т. ч. КР Президенти үчүн белгиленген.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от тил- II;
бутумду ташка тилдирип, жылаңайлак жургөнмүн стих. я (тогда) ходил босиком, напарываясь ногами на камни;
эздирдиң кара боорумду, тилдирдиң кайыш соорумду фольк. ты причинил мне мученье, из бёдер моих приказал резать ремни;
шай тулпардын баарысы кулагын жоого тилдирди фольк. у всех лучших скакунов враг прорезал уши (тем самым поставив метку и присвоив скакунов);
булдурсунга жонуңду, билбестиктен тилдирдиң ты дал исполосовать плетью свою спину по неведению (потому что я не знал, кто ты).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. имеющий язык;
2. речистый;
чукугандай кеп тапкан тилдүү азамат речистый и находчивый молодец;
ургаачынын кара тилдүүсү самая речистая из женщин;
ооздуу-тилдүү или тилдүү-ооздуу тот, кто за словом в карман не лезет, у кого на слово готово десять;
бал тилдүү сладкоречивый;
кош тилдүү двуличный; предатель;
жатык тилдүү (см. жатык I 2).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Заар тили бар, бирөөлөрдү тилдеген, кагып силкип, жемелеген же жалпы эле көңүл ооруткан сөздөрдү көбүрөөк айткан сүйлөөк, тажаал, каяшачыл. Келинин баласына кылган мамилесин көрүп, байкуг эненин жүрөгү мыжыгат, бир нерсе айтайын дейт, бирок тилдүү келининен айбыгып унчуга албайт. Айта берип, дей берип, өзүм да тилдүү болуп кете турган болдум (Убукеев). 2. Сөзмөр, сөзгө уста, чечен, ширин сөздүү. Чаргын чукугандай кеп тапкан тилдүү азамат (Сыдыкбеков). Чечен тилдүү акындар да, Чебер кооз макташып (Нуркамал). Канымга сөзүн алдырбай, Тилдүү жигит жакшы экен (Барпы). Чебер тилдүү чечендердей сыягың (Калык).

Киргизско-русский словарь Юдахина
просить, желать;
душманга өлум тилегиче өзунө өмүр тиле погов. чем желать врагу смерти, лучше желай себе жизни;
кайыр тиле- просить милостыню;
көктөн тилегени жерден табылгандай нежданно-негаданно привалило (о чём-л. хорошем); как раз то, что искали, оказалось под руками;
өздөрү тилегенче по их собственному желанию.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иши оңунан чыкпоо, көздөгөн максатына жетпей калуу, каалаганы ишке ашпоо. Тийиштик кылса душмандар, Тилеги катып жанчылат (Калык). Ишенген кишим кызматынан түшүп калыптыр, тилегим катты деп капалуу жүрдү («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши оңунан чыкпоо, көздөгөн максатына жетпей калуу, каалаганы ишке ашпоо. Тийиштик кылса душмандар, Тилеги катып жанчылат (Калык). Ишенген кишим кызматынан түшүп калыптыр, тилегим катты деп капалуу жүрдү («Чалкан»). В.: Тилеги таштай катуу. Анын тилеги таштай катты («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
желание, намерение, цель;
тилегим мое желание; мой желанный;
ак тилек
1) чистое, доброе намерение;
2) доброжелатель;
тилегиңе жет желаю тебе исполнения желаний;
тилегиме жеттим или тилегим колума тийди или тилегим ордунан чыкты моё желание исполнилось, мои надежды сбылись;
о кудайым! көптүн тилегин колуна бер! о боже! исполни желание народа!;
тилеги кабыл келген его желание (богом) услышано (букв. принято; его желание исполнилось);
тилеги таш капты или тилеги ташка тийди или тилеги катты его надежды разбиты, надежды его рухнули;
тилектерин ташка тийдирди он разбил его надежды;
тилегиңе ракмат спасибо (тебе) за (доброе) пожелание, спасибо на добром слове;
тилекке каршы к сожалению.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каалоо, өтүнүч, максат. Куп туюнтту жүрөктү, Кудай берди тилекти (Калмырза). Ак жолго түш, тилегиң кабыл болот, Сөзүңдү оңдо, түбөлүк бакыт конот (Баласагын). Тилегиңе жет. Жакшы тилек ар кимде бар (Каимов). Сага окшоп билсем деген тилек менде, Деп Бакең чай чынысын коёт жерге! (Осмонов). Күн да сонун, көлдү карап көп турдук, тилек айтып күмүш тыйын ыргытып (Акматалиев). 2. Көздөгөн максат. Күздөн баштап жогорку окуу жайына өтүү тилеги менен кыз азыр зымыраган машинада жолоочулап келатат (Сыдыкбеков). Кадырбайдан кек алуу керек деген тилекти алдына коёт (Жантөшев). Жакшы тилек – жарым ырыс (макал). Өтөлбөй калган бир тилек, Сенде же менде тумчугат (Мамазаирова).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Тилеги бирге, бир максатташ. Сиз партияга мүчө болбогон менен, ага тилектеш адамсыз (Убукеев). Ага менен инидей Бир тилектеш элибиз (Барпы). Каптаган душман ала албайт, Тилектеш болсо миң адам (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тилеги бирге, бир максатташ. Сиз партияга мүчө болбогон менен, ага тилектеш адамсыз (Убукеев). Ага менен инидей, Бир тилектеш элибиз (Барпы). Каптаган душман ала албайт, Тилектеш болсо миң адам (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көз караштардын жана таламдардын жакындыгынын же жалпылыгынын негизинде кыймыл-аракеттерди уюмдарды же адамдарды колдоо. Чыгып сүйлөөдө жана аракет кылууларда макулдашкандык. Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо бүткүл дүйнөнүн аялдарынын тилектештигин дагы ого бетер чыңдайт. Бул – тилектештик, курбулук ысык мамиле (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Белгилүү бир максатты көздөгөн, тилеги бар. Токтогул.. тилектүү, ойлуу, прогрессивдүү акын (Бөкөнбаев). Бул кандай деп сурасаң, Касиеттүү колхозум Жамандыкты жолотпойт, Ак тилектүү жолдошум (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. желать, стремиться;
2. испрашивать (гл. обр. у бога);
амаңыңды тиленип, асырап жакшы багалык фольк. испрашивая тебе (у бога) здоровья, мы хорошо будем за тобой ухаживать;
3. попрошайничать;
дубанадай тиленген жалактарды көргөмүн стих. видел я лодырей, которые попрошайничают, будто нищие;
4. ходатайствовать.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. тиле этишинин өздүк мамилеси. Уулуңдун убайын көрөм тиленип, Ушундай ишке арнадың, бакбадыңбы (Бөкөнбаев). 2. Тилемчилик кылуу, кайырчылык кылып сурануу. Кайырчы болдум бир кезде, Карды үчүн оокат тиленген (Токтогул). 3. Сурануу, өтүнүү. Аяш ата Момунжан, суукка тоңдум, тонуң бер, Тилендим эки колуң бер? («Сейтек»). Салам айтып өзүңө, Бек тиленди ханыбыз («Курманбек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсени сүрөттөөгө же ички сезимди билдирүүгө карата: аны сөз менен айтып түшүндүрө албайм, сөз менен жеткирүүгө чамам келбейт деген мааниде колдонулат. Айтууга сымбатыңды тилим жетпейт (фольк.). Менин ошол күнкү кубанычымды, ошондогу толкунданып эргигенимди айтпа! Андагы менин абалымды сага айтууга тилим жетпейт («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерсени сүрөттөөгө же ички сезимди билдирүүгө карата: аны сөз менен айтып түшүндүрө албайм, сөз менен жеткирүүгө чамам келбейт деген мааниде колдонулат. Айтууга сымбатыңды тилим жетпейт (фольк.). Менин ошол күнкү кубанычымды, ошондогу толкунданып эргигенимди айтпа! Андагы менин абалымды сага айтууга тилим жетпейт («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өлүм алдында сүйлөөгө чамасы келбөө, тилден калуу. Эми байбичесине дайындамак болгондо тили байланды (Каимов). 2. Бир нерседен корккондуктан же кандайдыр бир себеп менен аптыгып, буулугуп сүйлөй албай калуу, үн катпоо. Кыздын жүрөгү алкымына кептелип, тили байлана түштү («Ала-Тоо»). Самсахун Каныбектин бул сөзунө жооп таба албай үнү туттугуп, тили байланды (Жантөшев). Жантайдын каратып туруп калп айтканына тилим байланып калды (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өлүм алдында сүйлөөгө чамасы келбөө, тилден калуу. Сенин тилиң эмне үчүн байланып калды (Каимов). Эми байбичесине дайындамак болгондо тили байланды (Каимов). 2. Бир нерседен корккондуктан же кандайдыр бир себеп менен аптыгып, буулугуп сүйлөй албай калуу, үн катпоо. Кыздын жүрөгү алкымына кептелип, тили байлана түштү («Ала-Тоо»). Самсахун Каныбектин бул сөзүнө жооп таба албай үнү туттугуп, тили байланды (Жантөшев). В.: Тили буулуу. Акындардын тили буулуп, ооздоруна сөз кирбей калды («Жомоктор»). Ат коюуга жан чыкпай Калктын тили буулду («Сейтек»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Такылдап кыйын сүйлөө, чеченсип сүйлөө. Ия, оңбогон абышка, демейде деле тилиң буудай куурат (Бейшеналиев). 2. Быдылдап бат-бат сүйлөө, быжырап капкайдагыны сүйлөй баштоо (тили жаңыдан чыгып, сайрап турган жаш балага карата). Уулунун тили буудай кууруп, сайрап турган кезин эске түшүрдү («Ала-Тоо»). 3. Сөзү менен ыраазы кылуу, сөзү менен бүтүрүү (тилине күчү чыккан жалкоолорго карата). Сүйлөсө тили буудай куурат, иштесе эки колу шалдая түшөт («Чалкан»). Эшик-төрдүкөргөнүнө бир күн болбой жатып, тили менен тим эле буудай кууруйт (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Такылдап кыйын сүйлөө, чеченсип сүйлөө. Ия, оңбогон абышка, демейде деле тилиң буудай куурат (Бейшеналиев). Акия өзү азамат келин, Тили буудай куурат (Сыдыкбеков). Тигини! Тигини! Тилиң буудай куурат, ээ! (Жакиев). 2. Быдылдап бат-бат сүйлөө, быжырап капкайдагыны сүйлөй баштоо (тили жаңыдан чыгып, сайрап турган жаш балага карата). Уулунун тили буудай кууруп, сайрап турган кезин эске түшүрдү («Ала-Тоо»). 3. Сөзү менен ыраазы кылуу, сөзү менен бүтүрүү (тилине күчү чыккан жалкоолорго карата). Сүйлөсө тили буудай куурат, иштесе эки колу шалдая түшөт («Чалкан»). В.: Тили бадырак кууруу. Таттуу, таттуу сүйлөп, тилиң бадырак куурат (Бейшеналиев). Буудай кууруу. Сүйлөсө жыйналышта буудай кууруп, Эмгекке сугарылган тили балдай! (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Тилинген, шала кесилген кесик. Бирөөнүн кийгени этеги тилик кызыл чепкен (Жантөшев). Боз шинель, тилик калпак, бийик өтүк, Көздөрү күйүп турат балбал жайнап (Токобаев).
2. Малдын кулагына салынган шала тиликтүү эн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тилинген, шала кесилген кесик. Бирөөнүн кийгени этеги тилик кызыл чепкен (Жантөшев). Боз шинель, тилик калпак, бийик өтүк, Көздөрү күйүп турат балбал жайнап (Токобаев). 2. Малдын кулагына салынган шала тиликтүү эн.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жаш баланын сүйлөө речи кадимкидей өсүп-жетилип, тили таттуу кезинен өтүп калуу. Үчтөгү Медердин тили катып баштагыдай кужурабай калды («Ала-Тоо»). 2. Куштардын сайроо мезгили токтолуу, сайрай албай калуу. Жан эргитчү канаттуу куштардын тили каткан (Жоошбаев). Сары ала чымчык тили ката элек кезинде кумардан кануу үчүн куурайдан куурайга учуп конуп жүрүп, бир кайрым күүсүн далай жерге угузат (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу суусоо, чаңкоо. Таңдай кургап, тил катып, Күндөп-түндөп жол тартып («Манас»). Ал жолдо тили ката суусады («Жомоктор»). В.: Тили кургоо. Айнанын тили кургап, оозуна батпай чыкты (Жоошбаев). Тил кургайт, көп кыйындык тартканбыз, Суу үчүн кара жанды сатканбыз (Шамшиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаш баланын сүйлөө речи кадимкидей өсүп-жетилип, тили таттуу кезинен өтүп калуу. Үчтөгү Медердин тили катып баштагыдай кужурабай калды («Ала-Тоо»). 2. Куштардын сайроо мезгилинин токтолуусу, сайрай албай калуусу. Жан эритчү канаттуу куштардын тили каткан (Жоошбаев). Сары ала чымчык тили ката элек кезинде кумардан кануу үчүн куурайдан куурайга учуп конуп жүрүп, бир кайрып күүсүн далай жерге угузат (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сүйлөй албоо, сөз айта албай булдуруктап калуу. Айтор, бир нерсе айтууга таптанып келип эле тили күрмөөгө келбей калат (Каимов). Бирөөлөрдү чакырып, кыйкырайын деди эле тили күрмөөгө келбей койду (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйлөй албоо, сөз айта албай булдуруктап калуу. Күрмөөгө келбей тилдери, Сүйлөй албай балдырап (Осмонкул). Айтор, бир нерсе айтууга таптанып келип эле тили күрмөөгө келбей калат (Каимов). Бирөөлөрдү чакырып, кыйкырайын деди эле тили күрмөөгө келбей койду (Абдукаимов). В.: Тили күрмөлбөө. Суукка кайыгып калдык окшойт, тилибиз күрмөлбөй калды («Ала-Тоо»). Тили күрмөлүү. Бирдеме айтайын десе, Теңирберген менен Акбаланын ортосу бетине чиркөө болуп, тили күрмөлүп турат (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерседен узата кесип, тилип алынган бөлүк. Бир тилим дарбыз, коон. 2. Тилип-кесүү жумушу (мис., апийимди). Бир күнү Солто деген тууганыбыз келип, Беккул экөөбүздү апийим тилимине алып кетмей болду (Элебаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от тил- II;
жантаймадан жыгылып, жаибашы ташка тилинген фольк. свалился он с косогора, бёдра его камнями были исполосованы;
кылыч тийип белине, тилингени андан көп фольк. а ещё больше (на поле брани) таких, поясниц которых касался меч, и они исполосованы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирин бири угуу, түшүнүшө алуу. Кыздын атасы макул болбой жаткан имиш. Анын тилин билген кишини табуу керек болуп турат («Чалкан»). 2. Тетиктерин мыкты ажырата алуу, мыкты билүү. Ушундай станоктордун тилин билген мыкты адистерибиздин бири ушул кыз, – деп четте турган татынакай кызды көрсөттү («Кыргызстан аялдары»). В.: Тилин табуу. Букарбай тилмечиңиз табар алардын тилин (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бирин бири угуу, түшүнүшө алуу. Кыздын атасы макул болбой жаткан имиш. Анын тилин билген кишини табуу керек болуп турат («Чалкан»). 2. Тетиктерин мыкты ажырата алуу, мыкты билүү. Ушундай станоктордун тилин билген мыкты адистерибиздин бири ушул кыз, -деп четте турган татынакай кызды көрсөттү («Кыргызстан аялдары»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтканы айткандай келген, айтканы ката кетпеген, сүйлөгөн сөзү сыйкырдуу, таасирдүү күчкө ээ деген мааниде. Тилинде сөөлү бар зайып айтаар наалат-каргышын жаадырып жатты (Сыдыкбеков). В.: Таңдайында сөөлү бар. Бал тилиңди салганда, Таш да болсо эриткен Таңдайда сөөлүң бар экен («Эр Табылды»). Тамагында сөөлү бар. Каныкейдин таңдайында мөөрү бар, Тамагында сөөлү бар («Манас»). Тилинде мөөрү бар. Перинин кызы Айсалкын Касиеттүү жан экен, Тилинде мөөрү бар экен («Эр Төштүк»). Айтканы ката кетпеген, Тилинде мөөрү бар экен (фольк.).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерсе жөнүндө айтууга камданып, оозунан чыгып кете жаздоо. Ушул жооп тилинин учунда ойноп турса да оозу барбады экөөнүн тең (Өмүрбаев). Өзүнүн жок-житиги жөнүндө тилинин учунда турса да азыр айта албады (Укаев). ...Бул уу сөз тилинин учуна келип, бирок артын ойлоп тиштенип, араң тыйынды Карасакал (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсе жөнүндө айтууга камданып, оозунан чыгып кете жаздоо. Ушул жооп тилинин учунда ойноп турса да, оозу барбады экөөнүн тең (Өмүрбаев). Тилимдин учунда турду эле, кап, унутуп калбадымбы деп кейиди («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Безеленип ырдоо, көп сүйлөө. Кара тилин кайраган, Кадимки чечен Акжолтой («Сейтек»). Кара жаак Акбалта, Кара тилин кайрады («Манас»). Торгой акын булбул чечен сайрады, Таңкы желде таңшып тилин кайрады (Маликов). В.: Тилин бүлөө. Кургак чечен далай-далай сайраган, Тилин бүлөп бекеринен кайраган (Турусбеков). Кызыл тилин сайратып, Бүлөп кетип барамын (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз оюндагысын тайманбастан, жалтанбастан айтуу, тартынбай жаман сөздөр менен тилдей берүү. Ыза көргөн Казак тилин тартпай ан сайын зулум куданын ачуусун кайнатты (Сыдыкбеков). Ушинтип кымындай сыр айткан жок, Жазганып тилин такыр тарткан жок (Турусбеков). Тирмийген жалгыз жаш бала, Тилин тартпай сүйлөдү (Бөкөнбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Унчукпоо, сыр билгизбөө. Илгери-кийин оту күйүшүп кетер деген тилекте тилин тишине катып жүрдү (Ашымбаев). Тилин тишине катып, чыр күйөөсү менен ...жашап келген келинчегинин күйүп-жанаарын берки «көк түтүнгө» башы айланган баңги күйөөсү кайдан билсин («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Унчукпоо, сыр билгизбөө. Илгери-кийин оту күйүшүп кетер деген тилекте тилин тишине катып жүрдү (Ашымбаев). Тилин тишине катып, чыр күйөөсү менен жашап келген келинчегинин күйүп-жанаарын берки «көк түтүнгө” башы айланган баңги күйөөсү кайдан билсин («Кыргыз Туусу»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Оозун кармангандай, унчукпай, акырын тим болуу, ичинен тынуу. Ордо кишилери да нес болгондой, тилдерин тиштеп, көздөрү чекирейип, амирдин жообун күтүп калышты (Касымбеков). ...Агасынын арстан кабагынын серпилгенин көрүп, ...тилин тиштей токтоду (Бейшеналиев). Тилиңди тиштеп, шүк тур деди ышкырылта жекирип (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оозун кармангандай, унчукпай, акырын тим болуу, ичинен тынуу. Ордо кишилери да нес болгондой, тилдерин тиштеп, көздөрү чекирейип, амирдин жообун күтүп калышты (Касымбеков). Агасынын арстан кабагынын серпилгенин көрүп, тилин тиштей токтоду (Бейшеналиев). Тилиңди тиштеп, шүк тур деди ышкырылта жекирип (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Орду жок олдоксон айтылган сөзгө же жан кейиткен суук сөзгө карата тилдөө, каргоо маанисинде колдонулат. Какылдап кечке сүйлөйсүң, тилиңе тибиртке чыккыр! («Ала-Тоо»). В.: Тилиңе келгир! Тилиңе келгир! сөзүңдү токтотчу, – деп ачууланды («Ала-Тоо»). Тилиңе чок түшкүр! Тилиңе чок түшкүрдүн айтканын кара! («Чалкан»). Тилиңе күйдүргү чыккыр! Мени күйгүзгүң бар ээ, тилиңе күйдүргү чыккыр! («Ала-Тоо»). Тилиңе жара чыккыр! Болду эми, тилиңе жара чыккыр! Менин эмне иштеп жүргөнүм менен сенин кандай жумушуң бар? (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сөзүңө бекем тур, сөзүңө бек бол, байкап сүйлө, деген мааниде колдонулат. Кечтим байдын кызынан, бекер берсең да албайм, дегенде Нурбай тилиңе тишиң күбө деп кайталап сурады эле, дагы ошол сөзүн кайталады («Кыргызстан маданияты»). Бектур, Искендер мырза, тилиңерге тишиңер күбө болсун (Турусбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
«Сөзүңө бекем тур», «сөзүңө бек бол», «байкап сүйлө», деген мааниде колдонулат. Кечтим байдын кызынан, бекер берсең да албайм, дегенде Нурбай тилиңе тишиң күбө деп кайталап сурады эле дагы ошол сөзүн кайталады («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай суусоо, чаңкоо. Ысып, тердеп тилим оозума батпады (Баялинов). Он беш күндүк тынымсыз жол, суусуз чөл тилди оозго батырбай акактатат (Шүкүрбеков). Кычандын оозу тилине батпай кургап, чаңкап чыкты (Бейшеналиев). Жылдызкандын эриндери кеберсип, тили оозуна батпай, суусап турат (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кадыр-барктан, сыйдан кетип, сөзү эм болбой калуу, кеби суу кечпөө, эч ким тоготпой калуу. Өмүрлүк жарыңа тилиң өтпөсө, менден кайсы жакшылыкты күтөсүң? (Бердикеев). Так ээси хандарыңар атасы баласына тили өтпөй, баласы атасына тили өтпөй, куулуп ташталды (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кадыр-барктан, сыйдан кетип, сөзү эм болбой калуу, кеби суу кечпөө, эч ким тоготпой калуу. Өмүрлүк жарыңа тилиң өтпөсө, менден кайсы жакшылыкты күтөсүң? (Бердикеев). Так ээси хандарыңар атасы баласына тили өтпөй, баласы атасына тили өтпөй, ...куулуп ташталды (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жан кейиткен заар сөздүү. – О-о, бул карыянын тили суук, айткан сөздөрү коркунучтуу (Абдукаримов). Качыкенин үйүнөн мурункусундай эле бирде жылуу, бирде тили суук каттар келип капалана берчү (Абдукаримов). В.: Тили заар. Какач, айткан сөзүң акыл болгону менен, тилиң заар (Жоошбаев). Тили уу. Тили уу немени шайтан ушу жерден сайды да койду (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаш баланын тили жаңыдан чыгып, кужурап татынакай сүйлөй баштаган учуру. Тили таттуу жаш бала, Сүйлөп берди жай гана («Ала-Тоо»). Айнаштын тилинин таттуу кези: ал бөйрөктү «бөйөк” дейт, – деп коёт (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө жаман сөз айтуу, катуу айтып тилдеп коюу. Жарты нан байдан сурап жеген күнүм, Көрүнгөн байдын тили тийген күнүм (Барпы). Менин дагы тим жүрбөй, Адылга тилим тийди эле (Жантөшев). Балам, сага ачуум менен тилим тийди кечирип кой, – деп өтүнгөндө, – кечтим, апа, – дедим («Ала-Тоо»). Менин жамандыгымбы же жаштыгымбы, сизге баягыда тилим тийип калды («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө жаман сөз айтуу, катуу айтып тилдеп коюу. Тим жүрбөй Адылга тилим тийди эле (Жантөшев). Балам, сага ачуум менен тилим тийди кечирип кой, - деп өтүнгөндө, - кечтим, апа,- дедим («Ала-Тоо»). Менин жамандыгымбы же жаштыгымбы, сизге баягыда тилим тийип калды («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уккан-көргөнүн айта берген, өтө сүйлөөк, ушакчы. Анан калса кийинки убакта кээ бир тили узун немелер эсептеп жүрүшөт имиш («Чалкан»). – Анашов, мен сени жакшы көрөм, жакшы кишисиң. Бирок, тилиң узун («Кыргыз Туусу»). В.: Тили кере кулач. Карачы, мунун тили кере кулач (Укуев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Уккан-көргөнүн айта берген, өтө сүйлөөк, ушакчы. Анан калса кийинки убакта кээ бир тили узун немелер... эсептеп жүрүшөт имиш («Чалкан»). -Анашов, мен сени жакшы көрөм, жакшы кишисиң. Бирок, тилиң узун... («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сүйлөөгө жароо, жаңыдан сүйлөй баштоо. Экөөлөп баланы өбөт, көтөрөт. Баланын тили чыгып, буту басууга келет (Шүкүрбеков). 2. Кеп кайрып каяша сүйлөй баштоо, каршы сүйлөп, айтыша баштоо. Келинчегин көп урчу эле анын да тили чыгып, өчөшүп алыптыр («Ала-Тоо»). В.: Тил бүтүү. Азыр кары-жаш, бай-кедей дебей баарына кулач-кулач тил бүттү («Асаба»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Сүйлөөгө жароо, жаңыдан сүйлөй баштоо. Экөөлөп баланы өбөт, көтөрөт. Баланын тили чыгып, буту басууга келет (Шүкүрбеков). 2. Кеп кайрып каяша сүйлөй баштоо, каршы сүйлөп, айтыша баштоо. Келинчегин көп урчу эле анын да тили чыгып, өчөшүп алыптыр («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Омурткалуу айбандардын жана адамдардын оозунун ичиндеги тамакты чайнап жутууга жардам берүүчү, анын даамын аныктоочу, ал эми адамдарда, андан тышкары, табыш чыгарууга катышуучу орган. Жылдызкандын эриндери кеберсип, тили оозуна батпай суусап жатат (Байтемиров). Тишиң түшүп, тил калган, Эби келбейт сүйлөөгө (Токтогул). 2. Сүйлөөгө, өзүнүн оюн айтып түшүндүрүүгө болгон жөндөмдүүлүк. Оолуктуруп адамды, Чечен кылган тил болот (Тоголок Молдо). Тил арстан босогоңдо комдонгон, Байкабасаң өзүңдү да жеп койгон (Баласагын). 3. Коомдо байланыш-катыш жасоонун, пикир алышуунун куралы болгон тыбыштык жана лексико-грамматикалык каражаттардын системасы. Кыргыз тили. Орус тили. Өлүү тилдер. 4. Жазуучунун, ар кандай чыгарманын, илимий эмгектердин, публицистиканын ж. б. түрлүүчө белгилер менен мүнөздөлүүчү, өз ара айырмалануучу стили, кеби. Газетанын тили. Адабий чыгарманын тили. Поэзиянын тили. Оозеки тил. Адабий тил. 5. сог. Керектүү маалымат алууга мүмкүн болгон туткун. «Тилди» алып келген Жапар болду (Баялинов). Арасын тосуп алалы, чором, Тилди кармап алалы, чором! («Манас»). 6. Сөгүү, сөгүп тилдеп айтылган сөз. Тил угуп калдык. Бекер тил укпайлы. 7. Ургулаганда, тартканда же какканда дабыш, үн чыгаруучу коңгуроонун, темир комуздун ж. б. ортосундагы аракетке келип туруучу металлдан жасалган бөлүгү, тилке сыяктанып чыгып турган тетиги. Коңгуроонун тили. Комуздун тили. 8. Кандайдыр бир нерсе жөнүндө кабарлаган билдирүү, жаңылык же башка нерселер жөнүндө алдын ала айтылган, маалымдалган кабар. Башчысы кайда, кайда деп, Кайнатам Карача хандан тил келет («Саринжи Бөкөй»). Тандап элчи жиберип, Тил алмак болду тоюнда («Эл адабияты»). Бир сагызган көңкананын үстүнө коно калып шакылыктады эле: – И, бу эмне деп жатат? – деди Татыбек. – Тил келээр да (Байтемиров). 9. Кимдир бирөөнүн акылын ой-пикирин билдирген сөз, бирөө тарабынан айтылган акыл ой, кеңеш. Бул бир селсаяктын тилин ээрчигениңер эмне? (Турусбеков). Үйүнө барып сүйлөшүп Тилге мыктап канайын («Эр Табылды»). 10. эск. Кандайдыр бир буюмга, мекемеге ж. б. таандык болуп, анын көз карашын, ишмердүүлүгүн баяндап, чагылдырып туруучу басма сөз органы. «Эркин Тоо» кыргыз кедей кембагалдарынын тили болгон.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Узун, кууш тилке кылып кесүү, тилик кылуу, тилик кылып кесүү. Тактай тил. Көк тил. Кайыш тил. Терең салып, тилип жерди тасмадай, Тегиз сээп, бермет данын жайнаткан (Осмонкул). Апийим тил. 2. Тилке түшүрүп жер айдоо (мис. соко менен) Тракторум күчкө кел, Дыңды бузуп тиле бер! (Турусбеков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТИЛКАТ – кандайдыр бир нерсени (м.: аткаруу милдеттенмеси, күбөлүк, лицензия, техника коопсуздугу боюнча нускама, чакыртма) алгандыгын күбөлөндүрүүчү бир жактуу кол коюлган документ. Укукта жазма далилдин бир түрү болуп саналат. Айрым учурларда келишим түзүлгөндүгүнүн күбөсү болуп саналат; м.: зайымчынын жазуу жүзүндөгү Т-ы, болбосо зайым берүүчүнүн белгилүү бир өлчөмдөгү акчаны же кандайдыр бир сандагы буюмду бергендигин күбөлөндүргөн документ болгондо гана зайым келишими түзүлгөн катары таанылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөдөн бир нерсе алгандыгын же өзүнүн ордуна башка бирөөнүн тиешелүү нерсени алуусуна макулдугун ырастоочу документ. Карыз алганың үчүн бу тил катка бармагыңды басып койчу (Абдукаримов). Мобу, тил катка кол коюңуз (Осмоналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. клочок;
тилке-тилке изодранный в клочья;
тилке кагаз хлочок бумаги;
2. геогр. полоса;
Россиянын орто тилкеси средняя полоса России;
3. перен. полоса;
токой тилкелери лесные полосы;
коргоо тилкелери защитные полосы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Узата, кууш келген бөлүк, нерсе. Тилке кагаз. Тилке-тилке кесилген кийиз.
2. Ушундай формада болгон (кууш, узата келген) жер аянты. Майда-майда тилке беде, жашыл жер, Урап жаткан кербен сарай жок болгон (Аалы). Нарындын жээгин каптаган токойлуу тилкени өрдөдү (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Узата, кууш келген бөлүк, нерсе. Тилке кагаз. Тилке-тилке кесилген кийиз. 2. Ушундай формада болгон (кууш, узата келген) жер аянты. Майда-майда тилке беде, жашыл жер, Урап жаткан кербен сарай жок болгон (Токомбаев). Нарындын жээгин каптаган токойлуу тилкени өрдөдү (Бейшеналиев). 3. Кандайдыр бир өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып туруучу же мүнөздөлүүчү аралыктагы убакыт, доор, мезгил.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсени айтууга, сүйлөөгө мүмкүнчүлүгү, укугу жок, акылдуу эмес. Полицей мени урат Тилим кыска айтарга (Токтогул). Башкармага айтууга тил кыска деп ийменип кайта кирди («Ала-Тоо»). 2. Оюндагысын айтайын дегенин толук, ачык жеткире албоо (көбүнчө башка бир тилден экинчи тилге карата). Тил кыска, эгер орус тилин жакшы билсем айтып чыгат элем («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени айтууга, сүйлөөгө мүмкүнчүлүгү, укугу жок, акылуу эмес абалда болуу. Полицей мени урат, Тилим кыска айтарга (Токтогул). Башкармага айтууга тил кыска деп ийменип кайта кирди («Ала-Тоо»). 2. Оюндагысын, айтайын дегенин толук, ачык жеткире албоо (көбүнчө башка бир тилден экинчи тилге карата). Тил кыска, эгер орус тилин жакшы билсем айтып чыгат элем («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Элдик имиш боюнча канаттуулардын тилин билип, аны ажырата алуучу киши. Кушка тилмер саятчы. Ушул кандын тушунда Кушка тилмер жан болгон (Молдо Кылыч). 2. Чечен, мыкты сүйлөгөн сөзмөр. Тилмер киши.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Котормочу, бир тилден экинчи тилге которуп берүүчү адам. Кыргыздарга тилмечтери которуп, Өздөрү да чоочун сөздөр үйрөндү (Токомбаев). Түгөл эки жакка тең тилмеч боло баштады (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тили жок, сүйлөй албаган же тилден калган абал. Тилсиз айбандын жүрөгүндө эмне бардыгын кайдан билейин (Жантөшев). Ал бир улак алдырып келди да, тилсиз жаткан Сатылганга өпкө чаптырды (Токомбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирин бири түшүнүпгүп, тез эле таанышып, жакын мамиледе болуп кетүү. Боюрса, ал экөөбүз тил табыштык өңдөнөт («Ала-Тоо»), Тоголок Молдом отур. Букарбай тилмечим экөө шаар аралаган эмелер тил табышкан имишсиңер (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирин бири түшүнүшүп, тез эле таанышып, жакын мамиледе болуп кетүү. Буюрса, ал экөөбүз тил табыштык өңдөнөт («Ала-Тоо»). Тоголок Молдом отур. Букарбай тилмечим экөө шаар аралаган эмелер тил табышкан имишсиңер (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көбүнчө улгайып калган же улуу адамдарга каяша кылып, тил кайрып, орунсуз, начар сөз айтып көңүлүн калтырып коюу. Аттиң, атамдай болгон кишиге тил тийгиздим... («Ленинчил жаш»). Орозкул аба болсо, өзү күйөө бала экенине карабайт, картаң кайнатасын жекирип, тил тийгизет (Айтматов). Оозу жаман катын энесине тил тийгиздиби деп коркот (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көбүнчө улгайып калган же улуу адамдарга каяша кылып, тил кайрып, орунсуз, начар сөз айтып көңүлүн калтырып коюу. Аттиң, атамдай болгон кишиге тил тийгиздим («Ала-Тоо»). Орозкул аба болсо, өзү күйөө бала экенине карабайт, картаң кайнатасын жекирип, тил тийгизет (Айтматов). Оозу жаман катын энесине тил тийгиздиби деп коркот (Укаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Натыйжасыз, курулай убада бере берип ишти узартуу, алдоо, куру бекер үмүткөр кылып, көпкө создуктура берүү. Жаңыдан курулуп жатат, - деп тил эмизип келе жатканына үч жылдан төрт жылга аяк басты («Чалкан»). Бармын деп Өскөнбай тил эмизип койгон го, келем десе, келип калат эле (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Натыйжасыз, курулай убада бере берип ишти узартуу, алдоо, куру бекер үмүткөр кылып, көпкө создуктура берүү. Жаңыдан курулуп жатат, – деп тил эмизип келе жатканына үч жылдан төрт жылга аяк басты («Чалкан»). Барамын деп Өскөнбай тил эмизип койгон го, келем десе, келип калат эле (Турусбеков).