Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сүйлөөгө жароо, жаңыдан сүйлөй баштоо. Экөөлөп баланы өбөт, көтөрөт. Баланын тили чыгып, буту басууга келет (Шүкүрбеков). 2. Кеп кайрып каяша сүйлөй баштоо, каршы сүйлөп, айтыша баштоо. Келинчегин көп урчу эле анын да тили чыгып, өчөшүп алыптыр («Ала-Тоо»). В.: Тил бүтүү. Азыр кары-жаш, бай-кедей дебей баарына кулач-кулач тил бүттү («Асаба»).