ТИЛЕГИ КАТУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Иши оңунан чыкпоо, көздөгөн максатына жетпей калуу, каалаганы ишке ашпоо. Тийиштик кылса душмандар, Тилеги катып жанчылат (Калык). Ишенген кишим кызматынан түшүп калыптыр, тилегим катты деп капалуу жүрдү («Чалкан»). В.: Тилеги таштай катуу. Анын тилеги таштай катты («Ала-Тоо»).