Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. тиле этишинин өздүк мамилеси. Уулуңдун убайын көрөм тиленип, Ушундай ишке арнадың, бакбадыңбы (Бөкөнбаев). 2. Тилемчилик кылуу, кайырчылык кылып сурануу. Кайырчы болдум бир кезде, Карды үчүн оокат тиленген (Токтогул). 3. Сурануу, өтүнүү. Аяш ата Момунжан, суукка тоңдум, тонуң бер, Тилендим эки колуң бер? («Сейтек»). Салам айтып өзүңө, Бек тиленди ханыбыз («Курманбек»).