ТИЛИ БАЙЛАНУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Өлүм алдында сүйлөөгө чамасы келбөө, тилден калуу. Эми байбичесине дайындамак болгондо тили байланды (Каимов). 2. Бир нерседен корккондуктан же кандайдыр бир себеп менен аптыгып, буулугуп сүйлөй албай калуу, үн катпоо. Кыздын жүрөгү алкымына кептелип, тили байлана түштү («Ала-Тоо»). Самсахун Каныбектин бул сөзунө жооп таба албай үнү туттугуп, тили байланды (Жантөшев). Жантайдын каратып туруп калп айтканына тилим байланып калды (Айтматов).