Тили жок, сүйлөй албаган же тилден калган абал. Тилсиз айбандын жүрөгүндө эмне бардыгын кайдан билейин (Жантөшев). Ал бир улак алдырып келди да, тилсиз жаткан Сатылганга өпкө чаптырды (Токомбаев).
Өрт, жер титирөө, сел жүрүү, суу каптоо сыяктуу табигый кырсыктар. Тилсиз жоо агып жатат түрмөктөнүп (Шамшиев). Телмиртип мени сүйрөгөн, Тилсиз жоо сага баркым жок! («Семетей»).