ТИЛИ КАТУУ І
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абдан катуу суусоо, чаңкоо. Таңдай кургап, тил катып, Күндөп-түндөп жол тартып («Манас»). Ал жолдо тили ката суусады («Жомоктор»). В.: Тили кургоо. Айнанын тили кургап, оозуна батпай чыкты (Жоошбаев). Тил кургайт, көп кыйындык тартканбыз, Суу үчүн кара жанды сатканбыз (Шамшиев).