Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Омурткалуу айбандардын жана адамдардын оозунун ичиндеги тамакты чайнап жутууга жардам берүүчү, анын даамын аныктоочу, ал эми адамдарда, андан тышкары, табыш чыгарууга катышуучу орган. Жылдызкандын эриндери кеберсип, тили оозуна батпай суусап жатат (Байтемиров). Тишиң түшүп, тил калган, Эби келбейт сүйлөөгө (Токтогул). 2. Сүйлөөгө, өзүнүн оюн айтып түшүндүрүүгө болгон жөндөмдүүлүк. Оолуктуруп адамды, Чечен кылган тил болот (Тоголок Молдо). Тил арстан босогоңдо комдонгон, Байкабасаң өзүңдү да жеп койгон (Баласагын). 3. Коомдо байланыш-катыш жасоонун, пикир алышуунун куралы болгон тыбыштык жана лексико-грамматикалык каражаттардын системасы. Кыргыз тили. Орус тили. Өлүү тилдер. 4. Жазуучунун, ар кандай чыгарманын, илимий эмгектердин, публицистиканын ж. б. түрлүүчө белгилер менен мүнөздөлүүчү, өз ара айырмалануучу стили, кеби. Газетанын тили. Адабий чыгарманын тили. Поэзиянын тили. Оозеки тил. Адабий тил. 5. сог. Керектүү маалымат алууга мүмкүн болгон туткун. «Тилди» алып келген Жапар болду (Баялинов). Арасын тосуп алалы, чором, Тилди кармап алалы, чором! («Манас»). 6. Сөгүү, сөгүп тилдеп айтылган сөз. Тил угуп калдык. Бекер тил укпайлы. 7. Ургулаганда, тартканда же какканда дабыш, үн чыгаруучу коңгуроонун, темир комуздун ж. б. ортосундагы аракетке келип туруучу металлдан жасалган бөлүгү, тилке сыяктанып чыгып турган тетиги. Коңгуроонун тили. Комуздун тили. 8. Кандайдыр бир нерсе жөнүндө кабарлаган билдирүү, жаңылык же башка нерселер жөнүндө алдын ала айтылган, маалымдалган кабар. Башчысы кайда, кайда деп, Кайнатам Карача хандан тил келет («Саринжи Бөкөй»). Тандап элчи жиберип, Тил алмак болду тоюнда («Эл адабияты»). Бир сагызган көңкананын үстүнө коно калып шакылыктады эле: – И, бу эмне деп жатат? – деди Татыбек. – Тил келээр да (Байтемиров). 9. Кимдир бирөөнүн акылын ой-пикирин билдирген сөз, бирөө тарабынан айтылган акыл ой, кеңеш. Бул бир селсаяктын тилин ээрчигениңер эмне? (Турусбеков). Үйүнө барып сүйлөшүп Тилге мыктап канайын («Эр Табылды»). 10. эск. Кандайдыр бир буюмга, мекемеге ж. б. таандык болуп, анын көз карашын, ишмердүүлүгүн баяндап, чагылдырып туруучу басма сөз органы. «Эркин Тоо» кыргыз кедей кембагалдарынын тили болгон.