Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Омурткалуу айбандардын жана адамдардын оозунун ичиндеги тамакты чайнап жутууга жардам берүүчү, анын даамын аныктоочу, ал эми адамдарда, андан тышкары, табыш чыгарууга катышуучу орган. Жылдызкандын эриндери кеберсип, тили оозуна батпай суусап жатат (Байтемиров). Тишиң түшүп, тил калган. Эби келбейт сүйлөөгө (Токтогул).
2. Сүйлөөгө, өзүнүн оюн айтып түшүндүрүүгө болгон жөндөмдүүлүк, речь. Кузьма Иванов тилге келбей жатып.. үзүлдү (Сасыкбаев). Оолуктуруп адамды, Чечен кылган тил болот (Тоголок Молдо).
3. Коомдо байланыш-катыш жасоонун, пикир алышуунун куралы болгон тыбыштык жана лексико-грамматикалык каражаттардын системасы. Кыргыз тили. Орус тили. Өлүү тилдер.
4. Жазуучунун, ар кандай чыгарманын, илимий эмгектердин, публицистиканын ж. б. түрлүүчө белгилер менен мүнөздөлүүчү, өз ара айырмалануучу стили, речь. Газетанын тили. Адабий чыгарманын тили. Поэзиянын тили. Оозеки тил. Адабий тил.
5. сог. Керектүү маалымат алууга мүмкүн болгон туткун. «Тилди» алып келген Жапар болду (Баялинов). Арасын тосуп алалы, чором, «Тилди» кармап алалы, чором! («Манас»).
6. Сөгүү, сөгүп тилдеп айтылган сөз. Тил угуп калдык. Бекер тил укпайлы.
Тили буудай кууруу к. буудай. Тили күрмөөгө келбөө к. күрмө II. Тилсиз жоо — ар кандай табигый кырсыктар. Телмиртип мени сүйрөгөн, Тилсиз жоо сага баркым жок! («Семетей»). Бал тилин салуу — алдоо, тили менен жыргатуу, көңүлүн көтөрүү. Бал тилимди салайын, Баарыңарды урдурбай, Аман алып калайын («Эр Табылды»). Тил кат к. кат I. Тили буулуу — сүйлөй албай калуу, тили байлануу. Көпкө чейин тилим буулуп калды. Тил эмизүү к. эмиз. Тили тешилүү — айтып-айтып чарчоо. Мурда айта берип тили тешилген (Байтемиров). Тили байлануу — сүйлөй албай калуу, тили буулуу. Сенин тилиң эмне үчүн байланып калды (Каимов). Тил алдына катуу — сары майдай сактоо, бек катуу, бек катып жүрүү. Падыша үчүн жыйнадык Кап менен жип, арканды, Аз күндө дагы беребиз Тил алдына катканды (Жантөшев). Тилиңе тишиң күбө — «сөзүңө бекем тур», «сөзүңө бек бол» деген мааниде колдонулат. Тилин тартпоо — тайманбастан, коркпостон каяша айтып туруу. Ушинтип кымындай сыр айтканы жок, Жазганып тилин такыр тарткан жок (Турусбеков). Тилден калуу — көбүнчө катуу ооруп сүйлөбөй калуу. Батма тилден калды (Баялинов). Каныбек үч күнү тилден калып жатты (Жантөшев). Тилге келүү — 1) бир нерсеге макул болуу, көнүү; 2) сүйлөөгө, бирдеме айтууга жароо (тилден калган, бирок кайра оңолуп, сүйлөй баштаган кишиге карата). Сатылган үйүнө келгенден кийин, алтынчы күндө, араң тилге келди (Аалы). Тил кыска к. кыска. Бөрү тил — уч жагы ичке келип, формасы бөрүнүн тилине окшош болгон найзанын учу. Бөрү тил болот сыр найза, Бөйрөгүнөн сундуруп («Олжобай менен Кишимжан»). Учу болот бөрү тил, Найзанын жайын эми бил («Эр Табылды»). Куш тилиндей — 1) кичинекей, кичине тилке формасында; 2) кыска, кыскача (бир-эки ооз сөздөн турган кабар, кат ж. б. карата).