ТИЛ ТИЙГИЗҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Көбүнчө улгайып калган же улуу адамдарга каяша кылып, тил кайрып, орунсуз, начар сөз айтып көңүлүн калтырып коюу. Аттиң, атамдай болгон кишиге тил тийгиздим... («Ленинчил жаш»). Орозкул аба болсо, өзү күйөө бала экенине карабайт, картаң кайнатасын жекирип, тил тийгизет (Айтматов). Оозу жаман катын энесине тил тийгиздиби деп коркот (Укаев).