ТИЛИ ТИЙҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөгө жаман сөз айтуу, катуу айтып тилдеп коюу. Жарты нан байдан сурап жеген күнүм, Көрүнгөн байдын тили тийген күнүм (Барпы). Менин дагы тим жүрбөй, Адылга тилим тийди эле (Жантөшев). Балам, сага ачуум менен тилим тийди кечирип кой, – деп өтүнгөндө, – кечтим, апа, – дедим («Ала-Тоо»). Менин жамандыгымбы же жаштыгымбы, сизге баягыда тилим тийип калды («Ала-Тоо»).