Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Тилеги бирге, бир максатташ. Сиз партияга мүчө болбогон менен, ага тилектеш адамсыз (Убукеев). Ага менен инидей Бир тилектеш элибиз (Барпы). Каптаган душман ала албайт, Тилектеш болсо миң адам (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тилеги бирге, бир максатташ. Сиз партияга мүчө болбогон менен, ага тилектеш адамсыз (Убукеев). Ага менен инидей, Бир тилектеш элибиз (Барпы). Каптаган душман ала албайт, Тилектеш болсо миң адам (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көз караштардын жана таламдардын жакындыгынын же жалпылыгынын негизинде кыймыл-аракеттерди уюмдарды же адамдарды колдоо. Чыгып сүйлөөдө жана аракет кылууларда макулдашкандык. Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо бүткүл дүйнөнүн аялдарынын тилектештигин дагы ого бетер чыңдайт. Бул – тилектештик, курбулук ысык мамиле (Каимов).