ТИЛЕКТЕШТИК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Көз караштардын жана таламдардын жакындыгынын же жалпылыгынын негизинде кыймыл-аракеттерди уюмдарды же адамдарды колдоо. Чыгып сүйлөөдө жана аракет кылууларда макулдашкандык. Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо бүткүл дүйнөнүн аялдарынын тилектештигин дагы ого бетер чыңдайт. Бул – тилектештик, курбулук ысык мамиле (Каимов).