Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Узата, кууш келген бөлүк, нерсе. Тилке кагаз. Тилке-тилке кесилген кийиз. 2. Ушундай формада болгон (кууш, узата келген) жер аянты. Майда-майда тилке беде, жашыл жер, Урап жаткан кербен сарай жок болгон (Токомбаев). Нарындын жээгин каптаган токойлуу тилкени өрдөдү (Бейшеналиев). 3. Кандайдыр бир өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып туруучу же мүнөздөлүүчү аралыктагы убакыт, доор, мезгил.