ТИЛ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБайыркы түрк тилинде ти этиши те түрүндө да айтылып, азыркы кыргызча де этишинин маанисин берген. Ага этиштен зат атооч жасоочу -л мүчөсү жырга-жыргал, болжо-болжол, куура-куурал деген сыяктуу сөздөрдө да катышары азыркы кыргыз тилинде даана байкалат. Азыркы кароол дөбө тизмегин кароолчу дөбө деп түшүнгөнгө барабар десек, анда тил сөзү да «дей турган орган» дегенди билдирген сөз болуп чыгат.