Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кадыр-барктан, сыйдан кетип, сөзү эм болбой калуу, кеби суу кечпөө, эч ким тоготпой калуу. Өмүрлүк жарыңа тилиң өтпөсө, менден кайсы жакшылыкты күтөсүң? (Бердикеев). Так ээси хандарыңар атасы баласына тили өтпөй, баласы атасына тили өтпөй, ...куулуп ташталды (Касымбеков).