Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Такылдап кыйын сүйлөө, чеченсип сүйлөө. Ия, оңбогон абышка, демейде деле тилиң буудай куурат (Бейшеналиев). 2. Быдылдап бат-бат сүйлөө, быжырап капкайдагыны сүйлөй баштоо (тили жаңыдан чыгып, сайрап турган жаш балага карата). Уулунун тили буудай кууруп, сайрап турган кезин эске түшүрдү («Ала-Тоо»). 3. Сөзү менен ыраазы кылуу, сөзү менен бүтүрүү (тилине күчү чыккан жалкоолорго карата). Сүйлөсө тили буудай куурат, иштесе эки колу шалдая түшөт («Чалкан»). Эшик-төрдүкөргөнүнө бир күн болбой жатып, тили менен тим эле буудай кууруйт (Айтматов).