Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирин бири угуу, түшүнүшө алуу. Кыздын атасы макул болбой жаткан имиш. Анын тилин билген кишини табуу керек болуп турат («Чалкан»). 2. Тетиктерин мыкты ажырата алуу, мыкты билүү. Ушундай станоктордун тилин билген мыкты адистерибиздин бири ушул кыз, – деп четте турган татынакай кызды көрсөттү («Кыргызстан аялдары»). В.: Тилин табуу. Букарбай тилмечиңиз табар алардын тилин (Бейшеналиев).