Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Такылдап кыйын сүйлөө, чеченсип сүйлөө. Ия, оңбогон абышка, демейде деле тилиң буудай куурат (Бейшеналиев). Акия өзү азамат келин, Тили буудай куурат (Сыдыкбеков). Тигини! Тигини! Тилиң буудай куурат, ээ! (Жакиев). 2. Быдылдап бат-бат сүйлөө, быжырап капкайдагыны сүйлөй баштоо (тили жаңыдан чыгып, сайрап турган жаш балага карата). Уулунун тили буудай кууруп, сайрап турган кезин эске түшүрдү («Ала-Тоо»). 3. Сөзү менен ыраазы кылуу, сөзү менен бүтүрүү (тилине күчү чыккан жалкоолорго карата). Сүйлөсө тили буудай куурат, иштесе эки колу шалдая түшөт («Чалкан»). В.: Тили бадырак кууруу. Таттуу, таттуу сүйлөп, тилиң бадырак куурат (Бейшеналиев). Буудай кууруу. Сүйлөсө жыйналышта буудай кууруп, Эмгекке сугарылган тили балдай! (Турусбеков).