Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Безеленип ырдоо, көп сүйлөө. Кара тилин кайраган, Кадимки чечен Акжолтой («Сейтек»). Кара жаак Акбалта, Кара тилин кайрады («Манас»). Торгой акын булбул чечен сайрады, Таңкы желде таңшып тилин кайрады (Маликов). В.: Тилин бүлөө. Кургак чечен далай-далай сайраган, Тилин бүлөп бекеринен кайраган (Турусбеков). Кызыл тилин сайратып, Бүлөп кетип барамын (Бөкөнбаев).