Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Натыйжасыз, курулай убада бере берип ишти узартуу, алдоо, куру бекер үмүткөр кылып, көпкө создуктура берүү. Жаңыдан курулуп жатат, - деп тил эмизип келе жатканына үч жылдан төрт жылга аяк басты («Чалкан»). Бармын деп Өскөнбай тил эмизип койгон го, келем десе, келип калат эле (Турусбеков).