Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көбүнчө улгайып калган же улуу адамдарга каяша кылып, тил кайрып, орунсуз, начар сөз айтып көңүлүн калтырып коюу. Аттиң, атамдай болгон кишиге тил тийгиздим («Ала-Тоо»). Орозкул аба болсо, өзү күйөө бала экенине карабайт, картаң кайнатасын жекирип, тил тийгизет (Айтматов). Оозу жаман катын энесине тил тийгиздиби деп коркот (Укаев).