Киргизско-русский словарь Юдахина
просить, желать;
душманга өлум тилегиче өзунө өмүр тиле погов. чем желать врагу смерти, лучше желай себе жизни;
кайыр тиле- просить милостыню;
көктөн тилегени жерден табылгандай нежданно-негаданно привалило (о чём-л. хорошем); как раз то, что искали, оказалось под руками;
өздөрү тилегенче по их собственному желанию.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши оңунан чыкпоо, көздөгөн максатына жетпей калуу, каалаганы ишке ашпоо. Тийиштик кылса душмандар, Тилеги катып жанчылат (Калык). Ишенген кишим кызматынан түшүп калыптыр, тилегим катты деп капалуу жүрдү («Чалкан»). В.: Тилеги таштай катуу. Анын тилеги таштай катты («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Иши оңунан чыкпоо, көздөгөн максатына жетпей калуу, каалаганы ишке ашпоо. Тийиштик кылса душмандар, Тилеги катып жанчылат (Калык). Ишенген кишим кызматынан түшүп калыптыр, тилегим катты деп капалуу жүрдү («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
желание, намерение, цель;
тилегим мое желание; мой желанный;
ак тилек
1) чистое, доброе намерение;
2) доброжелатель;
тилегиңе жет желаю тебе исполнения желаний;
тилегиме жеттим или тилегим колума тийди или тилегим ордунан чыкты моё желание исполнилось, мои надежды сбылись;
о кудайым! көптүн тилегин колуна бер! о боже! исполни желание народа!;
тилеги кабыл келген его желание (богом) услышано (букв. принято; его желание исполнилось);
тилеги таш капты или тилеги ташка тийди или тилеги катты его надежды разбиты, надежды его рухнули;
тилектерин ташка тийдирди он разбил его надежды;
тилегиңе ракмат спасибо (тебе) за (доброе) пожелание, спасибо на добром слове;
тилекке каршы к сожалению.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каалоо, өтүнүч, максат. Куп туюнтту жүрөктү, Кудай берди тилекти (Калмырза). Ак жолго түш, тилегиң кабыл болот, Сөзүңдү оңдо, түбөлүк бакыт конот (Баласагын). Тилегиңе жет. Жакшы тилек ар кимде бар (Каимов). Сага окшоп билсем деген тилек менде, Деп Бакең чай чынысын коёт жерге! (Осмонов). Күн да сонун, көлдү карап көп турдук, тилек айтып күмүш тыйын ыргытып (Акматалиев). 2. Көздөгөн максат. Күздөн баштап жогорку окуу жайына өтүү тилеги менен кыз азыр зымыраган машинада жолоочулап келатат (Сыдыкбеков). Кадырбайдан кек алуу керек деген тилекти алдына коёт (Жантөшев). Жакшы тилек – жарым ырыс (макал). Өтөлбөй калган бир тилек, Сенде же менде тумчугат (Мамазаирова).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Тилеги бирге, бир максатташ. Сиз партияга мүчө болбогон менен, ага тилектеш адамсыз (Убукеев). Ага менен инидей Бир тилектеш элибиз (Барпы). Каптаган душман ала албайт, Тилектеш болсо миң адам (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тилеги бирге, бир максатташ. Сиз партияга мүчө болбогон менен, ага тилектеш адамсыз (Убукеев). Ага менен инидей, Бир тилектеш элибиз (Барпы). Каптаган душман ала албайт, Тилектеш болсо миң адам (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көз караштардын жана таламдардын жакындыгынын же жалпылыгынын негизинде кыймыл-аракеттерди уюмдарды же адамдарды колдоо. Чыгып сүйлөөдө жана аракет кылууларда макулдашкандык. Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо бүткүл дүйнөнүн аялдарынын тилектештигин дагы ого бетер чыңдайт. Бул – тилектештик, курбулук ысык мамиле (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Белгилүү бир максатты көздөгөн, тилеги бар. Токтогул.. тилектүү, ойлуу, прогрессивдүү акын (Бөкөнбаев). Бул кандай деп сурасаң, Касиеттүү колхозум Жамандыкты жолотпойт, Ак тилектүү жолдошум (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. желать, стремиться;
2. испрашивать (гл. обр. у бога);
амаңыңды тиленип, асырап жакшы багалык фольк. испрашивая тебе (у бога) здоровья, мы хорошо будем за тобой ухаживать;
3. попрошайничать;
дубанадай тиленген жалактарды көргөмүн стих. видел я лодырей, которые попрошайничают, будто нищие;
4. ходатайствовать.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. тиле этишинин өздүк мамилеси. Уулуңдун убайын көрөм тиленип, Ушундай ишке арнадың, бакбадыңбы (Бөкөнбаев). 2. Тилемчилик кылуу, кайырчылык кылып сурануу. Кайырчы болдум бир кезде, Карды үчүн оокат тиленген (Токтогул). 3. Сурануу, өтүнүү. Аяш ата Момунжан, суукка тоңдум, тонуң бер, Тилендим эки колуң бер? («Сейтек»). Салам айтып өзүңө, Бек тиленди ханыбыз («Курманбек»).