Киргизско-русский словарь Юдахина
желание, намерение, цель;
тилегим мое желание; мой желанный;
ак тилек
1) чистое, доброе намерение;
2) доброжелатель;
тилегиңе жет желаю тебе исполнения желаний;
тилегиме жеттим или тилегим колума тийди или тилегим ордунан чыкты моё желание исполнилось, мои надежды сбылись;
о кудайым! көптүн тилегин колуна бер! о боже! исполни желание народа!;
тилеги кабыл келген его желание (богом) услышано (букв. принято; его желание исполнилось);
тилеги таш капты или тилеги ташка тийди или тилеги катты его надежды разбиты, надежды его рухнули;
тилектерин ташка тийдирди он разбил его надежды;
тилегиңе ракмат спасибо (тебе) за (доброе) пожелание, спасибо на добром слове;
тилекке каршы к сожалению.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каалоо, өтүнүч, максат. Куп туюнтту жүрөктү, Кудай берди тилекти (Калмырза). Ак жолго түш, тилегиң кабыл болот, Сөзүңдү оңдо, түбөлүк бакыт конот (Баласагын). Тилегиңе жет. Жакшы тилек ар кимде бар (Каимов). Сага окшоп билсем деген тилек менде, Деп Бакең чай чынысын коёт жерге! (Осмонов). Күн да сонун, көлдү карап көп турдук, тилек айтып күмүш тыйын ыргытып (Акматалиев). 2. Көздөгөн максат. Күздөн баштап жогорку окуу жайына өтүү тилеги менен кыз азыр зымыраган машинада жолоочулап келатат (Сыдыкбеков). Кадырбайдан кек алуу керек деген тилекти алдына коёт (Жантөшев). Жакшы тилек – жарым ырыс (макал). Өтөлбөй калган бир тилек, Сенде же менде тумчугат (Мамазаирова).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Тилеги бирге, бир максатташ. Сиз партияга мүчө болбогон менен, ага тилектеш адамсыз (Убукеев). Ага менен инидей Бир тилектеш элибиз (Барпы). Каптаган душман ала албайт, Тилектеш болсо миң адам (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тилеги бирге, бир максатташ. Сиз партияга мүчө болбогон менен, ага тилектеш адамсыз (Убукеев). Ага менен инидей, Бир тилектеш элибиз (Барпы). Каптаган душман ала албайт, Тилектеш болсо миң адам (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көз караштардын жана таламдардын жакындыгынын же жалпылыгынын негизинде кыймыл-аракеттерди уюмдарды же адамдарды колдоо. Чыгып сүйлөөдө жана аракет кылууларда макулдашкандык. Аялдардын эл аралык күнүн майрамдоо бүткүл дүйнөнүн аялдарынын тилектештигин дагы ого бетер чыңдайт. Бул – тилектештик, курбулук ысык мамиле (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Белгилүү бир максатты көздөгөн, тилеги бар. Токтогул.. тилектүү, ойлуу, прогрессивдүү акын (Бөкөнбаев). Бул кандай деп сурасаң, Касиеттүү колхозум Жамандыкты жолотпойт, Ак тилектүү жолдошум (Осмонов).