Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Каалоо, өтүнүч, максат. Куп туюнтту жүрөктү, Кудай берди тилекти (Калмырза). Ак жолго түш, тилегиң кабыл болот, Сөзүңдү оңдо, түбөлүк бакыт конот (Баласагын). Тилегиңе жет. Жакшы тилек ар кимде бар (Каимов). Сага окшоп билсем деген тилек менде, Деп Бакең чай чынысын коёт жерге! (Осмонов). Күн да сонун, көлдү карап көп турдук, тилек айтып күмүш тыйын ыргытып (Акматалиев). 2. Көздөгөн максат. Күздөн баштап жогорку окуу жайына өтүү тилеги менен кыз азыр зымыраган машинада жолоочулап келатат (Сыдыкбеков). Кадырбайдан кек алуу керек деген тилекти алдына коёт (Жантөшев). Жакшы тилек – жарым ырыс (макал). Өтөлбөй калган бир тилек, Сенде же менде тумчугат (Мамазаирова).