ТИЛИН ТАРТПОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өз оюндагысын тайманбастан, жалтанбастан айтуу, тартынбай жаман сөздөр менен тилдей берүү. Ыза көргөн Казак тилин тартпай ан сайын зулум куданын ачуусун кайнатты (Сыдыкбеков). Ушинтип кымындай сыр айткан жок, Жазганып тилин такыр тарткан жок (Турусбеков). Тирмийген жалгыз жаш бала, Тилин тартпай сүйлөдү (Бөкөнбаев).