ТИЛИ БАЙЛАНУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Өлүм алдында сүйлөөгө чамасы келбөө, тилден калуу. Сенин тилиң эмне үчүн байланып калды (Каимов). Эми байбичесине дайындамак болгондо тили байланды (Каимов). 2. Бир нерседен корккондуктан же кандайдыр бир себеп менен аптыгып, буулугуп сүйлөй албай калуу, үн катпоо. Кыздын жүрөгү алкымына кептелип, тили байлана түштү («Ала-Тоо»). Самсахун Каныбектин бул сөзүнө жооп таба албай үнү туттугуп, тили байланды (Жантөшев). В.: Тили буулуу. Акындардын тили буулуп, ооздоруна сөз кирбей калды («Жомоктор»). Ат коюуга жан чыкпай Калктын тили буулду («Сейтек»).