ТИЛИН ТИШТӨӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Оозун кармангандай, унчукпай, акырын тим болуу, ичинен тынуу. Ордо кишилери да нес болгондой, тилдерин тиштеп, көздөрү чекирейип, амирдин жообун күтүп калышты (Касымбеков). Агасынын арстан кабагынын серпилгенин көрүп, тилин тиштей токтоду (Бейшеналиев). Тилиңди тиштеп, шүк тур деди ышкырылта жекирип (Айтматов).