Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жан кейиткен заар сөздүү. – О-о, бул карыянын тили суук, айткан сөздөрү коркунучтуу (Абдукаримов). Качыкенин үйүнөн мурункусундай эле бирде жылуу, бирде тили суук каттар келип капалана берчү (Абдукаримов). В.: Тили заар. Какач, айткан сөзүң акыл болгону менен, тилиң заар (Жоошбаев). Тили уу. Тили уу немени шайтан ушу жерден сайды да койду (Осмоналиев).