Киргизско-русский словарь Юдахина
1. имеющий язык;
2. речистый;
чукугандай кеп тапкан тилдүү азамат речистый и находчивый молодец;
ургаачынын кара тилдүүсү самая речистая из женщин;
ооздуу-тилдүү или тилдүү-ооздуу тот, кто за словом в карман не лезет, у кого на слово готово десять;
бал тилдүү сладкоречивый;
кош тилдүү двуличный; предатель;
жатык тилдүү (см. жатык I 2).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Заар тили бар, бирөөлөрдү тилдеген, кагып силкип, жемелеген же жалпы эле көңүл ооруткан сөздөрдү көбүрөөк айткан сүйлөөк, тажаал, каяшачыл. Келинин баласына кылган мамилесин көрүп, байкуг эненин жүрөгү мыжыгат, бир нерсе айтайын дейт, бирок тилдүү келининен айбыгып унчуга албайт. Айта берип, дей берип, өзүм да тилдүү болуп кете турган болдум (Убукеев). 2. Сөзмөр, сөзгө уста, чечен, ширин сөздүү. Чаргын чукугандай кеп тапкан тилдүү азамат (Сыдыкбеков). Чечен тилдүү акындар да, Чебер кооз макташып (Нуркамал). Канымга сөзүн алдырбай, Тилдүү жигит жакшы экен (Барпы). Чебер тилдүү чечендердей сыягың (Калык).