ТИЛИҢЕ ТИБИРТКЕ ЧЫККЫР!
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Орду жок олдоксон айтылган сөзгө же жан кейиткен суук сөзгө карата тилдөө, каргоо маанисинде колдонулат. Какылдап кечке сүйлөйсүң, тилиңе тибиртке чыккыр! («Ала-Тоо»). В.: Тилиңе келгир! Тилиңе келгир! сөзүңдү токтотчу, – деп ачууланды («Ала-Тоо»). Тилиңе чок түшкүр! Тилиңе чок түшкүрдүн айтканын кара! («Чалкан»). Тилиңе күйдүргү чыккыр! Мени күйгүзгүң бар ээ, тилиңе күйдүргү чыккыр! («Ала-Тоо»). Тилиңе жара чыккыр! Болду эми, тилиңе жара чыккыр! Менин эмне иштеп жүргөнүм менен сенин кандай жумушуң бар? (Абдукаримов).