Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө жаман сөз айтуу, катуу айтып тилдеп коюу. Тим жүрбөй Адылга тилим тийди эле (Жантөшев). Балам, сага ачуум менен тилим тийди кечирип кой, - деп өтүнгөндө, - кечтим, апа,- дедим («Ала-Тоо»). Менин жамандыгымбы же жаштыгымбы, сизге баягыда тилим тийип калды («Ала-Тоо»).