ТИЛ ЖЕТПӨӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кандайдыр бир нерсени сүрөттөөгө же ички сезимди билдирүүгө карата: аны сөз менен айтып түшүндүрө албайм, сөз менен жеткирүүгө чамам келбейт деген мааниде колдонулат. Айтууга сымбатыңды тилим жетпейт (фольк.). Менин ошол күнкү кубанычымды, ошондогу толкунданып эргигенимди айтпа! Андагы менин абалымды сага айтууга тилим жетпейт («Ала-Тоо»).