Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от тил- II;
жантаймадан жыгылып, жаибашы ташка тилинген фольк. свалился он с косогора, бёдра его камнями были исполосованы;
кылыч тийип белине, тилингени андан көп фольк. а ещё больше (на поле брани) таких, поясниц которых касался меч, и они исполосованы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирин бири угуу, түшүнүшө алуу. Кыздын атасы макул болбой жаткан имиш. Анын тилин билген кишини табуу керек болуп турат («Чалкан»). 2. Тетиктерин мыкты ажырата алуу, мыкты билүү. Ушундай станоктордун тилин билген мыкты адистерибиздин бири ушул кыз, – деп четте турган татынакай кызды көрсөттү («Кыргызстан аялдары»). В.: Тилин табуу. Букарбай тилмечиңиз табар алардын тилин (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бирин бири угуу, түшүнүшө алуу. Кыздын атасы макул болбой жаткан имиш. Анын тилин билген кишини табуу керек болуп турат («Чалкан»). 2. Тетиктерин мыкты ажырата алуу, мыкты билүү. Ушундай станоктордун тилин билген мыкты адистерибиздин бири ушул кыз, -деп четте турган татынакай кызды көрсөттү («Кыргызстан аялдары»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айтканы айткандай келген, айтканы ката кетпеген, сүйлөгөн сөзү сыйкырдуу, таасирдүү күчкө ээ деген мааниде. Тилинде сөөлү бар зайып айтаар наалат-каргышын жаадырып жатты (Сыдыкбеков). В.: Таңдайында сөөлү бар. Бал тилиңди салганда, Таш да болсо эриткен Таңдайда сөөлүң бар экен («Эр Табылды»). Тамагында сөөлү бар. Каныкейдин таңдайында мөөрү бар, Тамагында сөөлү бар («Манас»). Тилинде мөөрү бар. Перинин кызы Айсалкын Касиеттүү жан экен, Тилинде мөөрү бар экен («Эр Төштүк»). Айтканы ката кетпеген, Тилинде мөөрү бар экен (фольк.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир нерсе жөнүндө айтууга камданып, оозунан чыгып кете жаздоо. Ушул жооп тилинин учунда ойноп турса да, оозу барбады экөөнүн тең (Өмүрбаев). Тилимдин учунда турду эле, кап, унутуп калбадымбы деп кейиди («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир нерсе жөнүндө айтууга камданып, оозунан чыгып кете жаздоо. Ушул жооп тилинин учунда ойноп турса да оозу барбады экөөнүн тең (Өмүрбаев). Өзүнүн жок-житиги жөнүндө тилинин учунда турса да азыр айта албады (Укаев). ...Бул уу сөз тилинин учуна келип, бирок артын ойлоп тиштенип, араң тыйынды Карасакал (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Безеленип ырдоо, көп сүйлөө. Кара тилин кайраган, Кадимки чечен Акжолтой («Сейтек»). Кара жаак Акбалта, Кара тилин кайрады («Манас»). Торгой акын булбул чечен сайрады, Таңкы желде таңшып тилин кайрады (Маликов). В.: Тилин бүлөө. Кургак чечен далай-далай сайраган, Тилин бүлөп бекеринен кайраган (Турусбеков). Кызыл тилин сайратып, Бүлөп кетип барамын (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз оюндагысын тайманбастан, жалтанбастан айтуу, тартынбай жаман сөздөр менен тилдей берүү. Ыза көргөн Казак тилин тартпай ан сайын зулум куданын ачуусун кайнатты (Сыдыкбеков). Ушинтип кымындай сыр айткан жок, Жазганып тилин такыр тарткан жок (Турусбеков). Тирмийген жалгыз жаш бала, Тилин тартпай сүйлөдү (Бөкөнбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Унчукпоо, сыр билгизбөө. Илгери-кийин оту күйүшүп кетер деген тилекте тилин тишине катып жүрдү (Ашымбаев). Тилин тишине катып, чыр күйөөсү менен ...жашап келген келинчегинин күйүп-жанаарын берки «көк түтүнгө» башы айланган баңги күйөөсү кайдан билсин («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Унчукпоо, сыр билгизбөө. Илгери-кийин оту күйүшүп кетер деген тилекте тилин тишине катып жүрдү (Ашымбаев). Тилин тишине катып, чыр күйөөсү менен жашап келген келинчегинин күйүп-жанаарын берки «көк түтүнгө” башы айланган баңги күйөөсү кайдан билсин («Кыргыз Туусу»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Оозун кармангандай, унчукпай, акырын тим болуу, ичинен тынуу. Ордо кишилери да нес болгондой, тилдерин тиштеп, көздөрү чекирейип, амирдин жообун күтүп калышты (Касымбеков). Агасынын арстан кабагынын серпилгенин көрүп, тилин тиштей токтоду (Бейшеналиев). Тилиңди тиштеп, шүк тур деди ышкырылта жекирип (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Оозун кармангандай, унчукпай, акырын тим болуу, ичинен тынуу. Ордо кишилери да нес болгондой, тилдерин тиштеп, көздөрү чекирейип, амирдин жообун күтүп калышты (Касымбеков). ...Агасынын арстан кабагынын серпилгенин көрүп, ...тилин тиштей токтоду (Бейшеналиев). Тилиңди тиштеп, шүк тур деди ышкырылта жекирип (Айтматов).