Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Сырьёлорду машиналык жол менен иштетип, ар кандай продукцияларды даярдап чыгаруучу өнөр жай ишканасы. Бектур 1951-жылы машыккан слесарь катарында «П» фабрикасында иштөөгө келди (Сасыкбаев). Сулуулар, пахта тергиле, Фабрикага бергиле (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чийки заттарды техникалык жол менен иштетип, ар кандай өндүрүмдөрдү даярдап чыгаруучу өнөр жай ишканасы. Бектур 1951-жылы машыккан ширетүүчү катарында «П» фабрикасында иштөөгө келди (Сасыкбаев). Сулуулар, пахта тергиле, Фабрикага бергиле (Үмөталиев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. что
1. уст. (изготовлять) жасап чыгаруу, өндүрүү;
фабриковать ткани кездеме токуу, кездеме өндүрүү;
2. перен. разг. неодобр. (производить во множестве) ыксыз көп чыгаруу, ыксыз көп өндүрүү;
3. перен. неодобр. (измышлять) жамандыкты чыгаруу, сөздү жасап калп айтуу, жалган (калп) нерсени ойлоп чыгаруу, жалган (калп) нерсени жасап ала коюу;
фабриковать слухи жалган кабарларды ойлоп чыгаруу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. фабрика-га т.; фабрикалык;
фабричные изделия фабрикада жасалган буюмдар;
фабричное клеймо фабрика белгиси;
фабричный корпус фабриканын корпусу;
фабричное здание фабрика ымараты;
2. (промышленный) фабрикалуу (фабрикасы көп);
фабричный район фабрикалуу район;
фабричные города Киргизии Кыргызстандын фабрикалуу шаарлары;
3. в знач. сущ. м., уст. фабрика жумушчусу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
фаза (1. тарыхый процесстин өнүгүшүндөгү белгилүү бир доор; 2. кандайдыр бир кубулуштун же организмдин белгилүү учуру же доору; кандайдыр бир заттын өзгөрүшүндөгү же абалындагы айрым учур же доор; ушундай учурдагы же доордогу заттын формасы же абалы; 3. астр. планеталардын өзгөргөн түрлөрү, мис. айдын толушу, кемиши ж.б.; 4. тех. генератордун ороолорунун ар бир группасы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир коомдук процесстин тарыхый өнүгүшүндөгү айрым кырдаалдык мезгил, доор. 2. экон. Бир нерсенин өнүгүү жана өзгөрүлүү жолундагы учуру, айрым кырдаалы, ошондой эле бул учурдун абалы.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Phasianidae) кыргоол сымалдуулар; тоок түспөлдүүлөр түркүмүндөгү илбээсин куштардын бир тукуму, булардын кыйла уруусу, 165 түрү бар: фазан алмазный (Chrysolophus amherstiae) — кулпунган кыргоол, ф. амударьинский — Аму-Дарыя кыргоолу, ф. аральский — Арал кыргоолу, ф. воротниковый — жакалуу кыргоол, ф. закаспийский — Түштүк Каспинин кыргоолу, ф. золотистый — к. ф. золотой, ф. золотой (Ch. pictus) — алтынсары кыргоол, ф. колхидский — к. ф. обыкновенный, фазан королевский (Syrmaticus reevesi) — чубак куйрук кыргоол, ф. обыкновенный (Phasianus colchicus) — Колхида кыргоолу, ф. персидский — перси кыргоолу, ф. священный — к. ф. королевский, ф. семиречинский (Ph. mongolicus) — Жети-Суу кыргоолу, кадимки кыргоол, ф. серебрянный — күмүш кыргоол, ф. уссурийский — Уссури кыргоолу, ф. ушастый обыкновенный — кадимки кулактуу кыргоол, фазаны воротниковые — жакалуу кыргоолдор (уруу), ф. ушастые — кулактуу кыргоолдор (уруу).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
факт (анык болгон иш);
исторический факт тарыхый факт;
общеизвестный факт жалпыга белгилүү факт;
привести факты факт келтирүү;
факты - упрямая вещь фактыга каршы талашуу кыйын;
факты говорят за себя фактынын өзү эле айтып турат;
голые факты куру фактылар;
факт тот, что... разг. иш... да; -гымда, -гында, -ында, -ганычын, туура;
факт тот, что я забыл эту книгу дома маселе менин бул китепти үйдө унутуп калгандыгымда;
факт, что он уже ждёт нас анын бизди күтүп жатканы чын.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ ТАРБЫЯЧЫ – КР үйбүлө укугу боюнча, эрезеге жетелек балдарды иш жүзүндө баккан жана тарбыялаган эмгекке жарамсыз адам; эгер ал өз балдарынан же жубайынан (мурдагы жубайынан) багуу көрбөгөн болсо, сот аркылуу өзүнүн ишке жарамдуу тарбиялануучуларынан багууну талап кылууга акысы бар. Камкордукта (көзөмөлдө) турган же асыроочу үйбүлөдө тарбыяланып жаткан жактарга багуу милдети жүктөлбөйт. Эгер И. ж. т. аларды 5 жылдан ашык эмес же тийиштүү деңгээлде бакпаган болсо, сот тарбыялануучуну мындай милдеттен бошотушу мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ НИКЕ – мыйзам тартибинде жолжоболоштурулбаган иш жүзүндөгү никелешүү. КРде кээде «жарандык нике» деп да аталат. И. ж. н. үйбүлө мыйзамдарында каралган жубайлык укук менен милдеттерди таңуулабайт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (движущая сила) фактор (кандайдыр бир процесстин же кубулуштун кыймылдаткыч күчү);
постоянно действующие факторы дайыма аракет кылып туруучу факторлор;
2. мат. фактор (ар бир көбөйтүлүүчү сан).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Факторинг (Factoring) —Факторинг – это приобретение требований к должнику и взыскание долга, когда одна сторона (финансовый агент) передает или обязуется передать другой стороне (клиенту) денежные средства в счет денежного требования клиента (кредитора) к третьему лицу (должнику), вытекающего из предоставления клиентом товаров, выполнения им работ или оказания услуг третьему лицу, а клиент уступает или обязуется уступить финансовому агенту это денежное требование.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Факторинг (Factoring) —Факторинг – бул, карызгерге карата талаптарды алуу жана карыздарды өндүрүү. Мында бир тарап (финансылык агент) экинчи тарапка (кардарга) кардардын товарларды сунуштоосунан, иштерди аткаруусунан же үчүнчү жакка кызмат көрсөтүүдөн улам, үчүнчү жакка карата келип чыккан, анын акчалай талаптарынын эсебинен акча каражатын берет же берүүгө милдеттенет, ал эми кардар финансылык агентке ошол акчалай талапты ыйгарып берет же ага милденттенет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАКТОРИНГ (акча талабын кыйуу алдындагы каржылоо келишими) – бир тарап (каржы агенти) башка тарапка (кардарга) кардардын (кредитордун) акча талаптарынын эсебинен үчүнчү тарапка (карызкорго) кардардын үчүнчү жакка товар берүүсүнөн, жумуш аткаруусунан же кызмат көрсөтүүсүнөн келип чыгуучу акча каражаттарын өткөрүп берүүчү же өткөрүп берүүгө милдеттенүүчү, а кардар каржы агентине ал акча талабын кыйуучу же кыйууга милдеттенүүчү келишим. Карызкорго карата акча талабынын кардар тарабынан каржы агентине кыйылышы ошондой эле кардардын каржы агентинин алдындагы милдеттенмесин камсыз кылуу максаттарында болушу ыктымал. Ф. боюнча кийинкисинин милдеттенмеси кардардын бухгалтердик эсебин жүргүзүүнү, ошондой эле ага кыйуу предмети болуп саналган акча талаптарына байланыштуу башка каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү өзүнө камтуусу мүмкүн. Каржы агенттери катары Ф-ди банктар жана башка кредиттик уюмдар, ошондой эле ошондой ишмердиктин түрүн ишке ашырууга улуксаты (лицензиясы) бар башка коммерциялык уюмдар түзө алышат. Ошон үчүн төлөө мөөнөтү эбак келген (болуп жаткан талаптар) да, жана төлөө мөөнөтү эми гана келүүчү (болочок талаптар да) акча каражаттарына карата укуктар да каржылоо берилүүчү кыйуунун предмети боло алат. Кыйуу предмети болгон акча талаптары кардар менен каржы агентинин келишиминде келишим түзүлүп жаткан учурдагы талаптарды жана болочок талаптарды – алардын пайда болуусунан кеч эмес учурда теңдештирүүгө мүмкүнчүлүк бергендей аныкталуусу тийиш.

ЮРИДИКАЛЫК ФАКТЫ – таасын-так укук мамилеси келип чыгуучу (өзгөрүүчү, токтотуучу) мыйзамда каралган жагдайлар. Ал эки топко бөлүнөт: окуя жана иш-аракет. Ю. ф. арасынан ошондой эле укуктук абал да бөлүнүп турат (аскер кызматында, нике, туугандыкта, издөөдө, кызматта ж. б. турган). Ю. ф. кесепет мүнөзү боюнча укук түзүүчү, укук токтотуучу, укук өзгөртүүчү болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАКУЛЬТАТИВДИК ПРОТОКОЛ – эларалык укуктагы адатта негизги келишимди түзүүгө байланыштуу жана ага тиркеме катарында (бирок анын ажырагыс бөлүгү болуп саналбаган) өзалдынча документ таризинде кол коюла турган көп тараптуу эларалык келишимдин бир түрү. Эгер факультативдик жоболор менен эскертүүлөрдү билдирүү мүмкүнчүлүгүн алдынала каралбай калса, негизги келишимдин баардык тараптарынын жалпы макулдугуна жетишилбей калган маселелерге карата биркатар катышуучулардын макулдашуусу Ф. п-до бекитилет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАКУЛЬТАТИВДИК ПРОТОКОЛ – эларалык укуктагы адатта негизги келишимди түзүүгө байланыштуу жана ага тиркеме катарында (бирок анын ажырагыс бөлүгү болуп саналбаган) өзалдынча документ таризинде кол коюла турган көп тараптуу эларалык келишимдин бир түрү. Эгер факультативдик жоболор менен эскертүүлөрдү билдирүү мүмкүнчүлүгүн алдынала каралбай калса, негизги келишимдин баардык тараптарынын жалпы макулдугуна жетишилбей калган маселелерге карата биркатар катышуучулардын макулдашуусу Ф. п-до бекитилет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
факультет (жогорку окуу жайынын илимдин бир тармагын өз ичине алган бир бөлүмү);
исторический факультет тарых факультети;
медицинский факультет медицина факультети;
математический факультет математика факультети.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. ист. фаланга (байыркы гректерде - бир нече катарга жыш болуп тизилген пехота строю);
2. ист. фаланга (Фурьенин утопиялык окуусунда (1772-1837) чоң община, коммуна);
3. анат. шыйбылчак, бейбелчек;
4. зоол. музоо баш.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (действие) фальсификациялоо, бурмалоо (кара ниеттик менен жасалма кылып чыгаруу);
фальсификация исторических фактов тарыхый фактыларды фальсификациялоо (бурмалоо);
2. (подделанная вещь) жасалмаланган, жалган, чыныгы эмес нерсе;
грубая фальсификация жемчуга орой жасалмаланган бермет, чыныгы эмеси көрүнүп турган бермет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУРМАЛОО – жасалмалоо, атайылап бурмалоо, (нактаны, чындыкты) жалган менен алмаштыруу. КР кылмыш-жаза укугунда шайлоо документтерин, референдум документтерин Б-го же добуштарды туура эмес саноого жоопкерчилик каралган; эгер ал аракет карызкор уюмдун жетекчиси же ээси, болбосо кудуретсиздикке кабылган учурда жеке ишкер тарабынан жасалса, экономикалык ишти чагылдыруучу бухгалтердик ж. б. документтерди Б.; далилдерди Б. ж. б.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. и несов. что
фальсификациялоо, бурмалоо, жасалмалоо (өзүндөй кылып көрсөтүү максаты менен бир нерсени бурмалоо, жасалмалоо, кара ниеттик максаты менен азыкты жасалма кылып чыгаруу);
фальсифицировать документы документтерди фальсификациялоо.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН ЗЭЭРЧИЛИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча, жасалма акчаны же баалуу кагазды жасоо менен сатууну көздөгөн экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштардын бири. Чыныгы акча белгисине же баалуу кагазга окшош жасалма акчаны же баалуу кагазды жасоонун баардык ыкмасы (колдон сүрөт түшүрүү, техникалык каражаттарды, көбүнчө ксерокөчүрмөнү ж. б. колдонуу аркылуу) жасоо катары эсептелет. Ошону менен бирге, окшоштугу максатка жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш – жасалма акчаны же баалуу кагазды сатууга.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (поддельный) жасалма, жалган;
фальшивый документ жасалма документ;
фальшивые зубы жасалма тиштер;
2. (неискренний, лицемерный) арампөөш, арамза;
фальшивая улыбка арамза жылмаюу;
3. (двусмысленный) арабөк;
оказаться в фальшивом положении арабөк абалда калуу;
4. муз. бузулган, натуура;
фальшивая нота натуура нота.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Өз аты менен бирге кошулуп айтылуучу жана балдарына (ылайык табышса аялына да) өтүп, укумдан тукумга сакталып колдонула берүүчү жалпы үй-бүлөлүк ат. Менин фамилиямды качан чакырар экен деп, Мусабек почтальонду чыдамсыздык менен жал-жал карайт (Абдумомунов).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАМИЛИЯ (АТА-ТЕК) (лат. familia ) – 1) курамына кандаш туугандардан тышкары кулдары да кире турган, Байыркы Римдеги үйбүлө чарбачылык-юридикалык бирдик; 2) туулганда, баштапкы Ф. өзгөргөндө, асырап алганда, никеде, мураска өткөндө алына турган ата-тек аталышы. Жаран ысымынын курамдык бөлүгү (кең маанисинен алганда).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз аты менен бирге кошулуп айтылуучу жана балдарына (ылайык табышса аялына да) өтүп, укумдан тукумга сакталып колдонула берүүчү жалпы үй-бүлөлүк ат. Менин фамилиямды качан чакырар экен деп, Мусабек почтальонду чыдамсыздык менен жал-жал карайт (Абдумомунов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАМИЛИЯ (АТА-ТЕК) (лат. familia ) – 1) курамына кандаш туугандардан тышкары кулдары да кире турган, Байыркы Римдеги үйбүлө чарбачылык-юридикалык бирдик; 2) туулганда, баштапкы Ф. өзгөргөндө, асырап алганда, никеде, мураска өткөндө алына турган ата-тек аталышы. Жаран ысымынын курамдык бөлүгү (кең маанисинен алганда).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. фамилия 2-ге т.;
фамильный архив Пушкиных Пушкиндин үй-бүлөсүнүн архиви;
2. (наследственный) тукум кууган;
фамильное сходство тукум кууган окшоштук (мис. ата-бала, бир туугандар).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Диний ишенимге жеткире сугарылган, ага өзгөчө катуу берилген, башка диндик ишенимди, анын өкүлдөрүн аябай жек көргөн киши. 2. Кандайдыр бир ишке, идеяга ж. б. өзгөчө кызыгуу менен берилген, аны жан-дили менен колдогон, анын бардык ишине ар дайым даяр турган киши.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Өзүнүн диний ишенимине өзгөчө катуу берилген, башка ишенимди кайнаса каны кошулбагандай жек көргөн фанатиктин ой-пикирине, түшүнүгүнө, аракетине мүнөздүү көрүнүш, анын өзгөчөлүгүн аныктоочу белгилердин жалпы жыйындысы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүнүн диний ишенимине өзгөчө катуу берилген, башка ишенимди кайнаса каны кошулбагандай жек көргөн фанатиктин ой-пикирине, түшүнүгүнө, аракетине мүнөздүү көрүнүш, анын өзгөчөлүгүн аныктоочу белгилердин жалпы жыйындысы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Диний ишенимге жеткире. сугарылган, ага өзгөчө катуу берилген, башка диндик ишенимди, анын өкүлдөрүн аябай жек көргөн киши.
2. Кандайдыр бир ишке, идеяга ж. б. өзгөчө кызыгуу менен берилген, аны жан дили менен колдогон, анын бардык ишине ар дайым даяр турган киши.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тыбыштардын жасалышы, кептеги тыбыштарды жасоо учурун, тыбыш жасоочу органдардын биргелешип иштеши о.э кепти угуу аркылуу кабылдоонун жыйындысы. 2. Кептин тыбыштык сапаты, аны айтууга зарыл болгон кекиртектин иштеши менен шартталышы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жакшы көрк берүү үчүн жыгачтан жасалган буюмдардын сыртынан каптатылган жыгачтын жука, жазы тилкеси.
2. Бир нече кат жука тактай тилкесинен катталган жана жабыштырылган такта. Иван Безруков болсо ушул кыштактагы фанера заводунда мастер болуп иштей турган (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жакшы көрк берүү үчүн жыгачтан жасалган буюмдардын сыртынан каптатылган жыгачтын жука, жазы тилкеси. 2. Бир нече кат жука тактай тилкесинен катталган жана жабыштырылган такта. Иван Безруков болсо ушул кыштактагы фанера заводунда мастер болуп иштей турган (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Чыгармачылык менен кыялданууга, кыялдуу ой жүгүртүүгө карата болгон жөндөмдүүлүк. Бул жазуучунун фантазиясы бай. Поэтикалык фантазия.
2. Куру кыял, иш жүзүнө ашпас, жалган нерсе.
3. муз. Эркин формадагы музыкалык чыгарма.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (творческое воображение) фантазия, кыял, элес (чыгармачылык менен кыялдануу);
художественная фантазия көркөмдүк фантазия;
у этого писателя богатая фантазия бул жазуучунун фантазиясы бай;
2. (мечта) кургак кыял, иш жүзүнө ашпас элес;
предаваться фантазиям кыялга чөгүү;
3. (выдумка, ложь) болбогон нерсени ойлоп чыгаруу, калп, жалган;
не верьте глупым фантазиям акылга сыйбаган калпка ишенбеңиз;
4. разг. (прихоть, причуда) фантазия, кербездик;
ему пришла в голову фантазия анын башына фантазия келе калды;
5. муз. фантазия (музыкалык чыгарманын эркин формадагы түру).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чыгармачылык менен кыялданууга, кыялдуу ой жүгүртүүгө карата болгон жөндөмдүүлүк. Бул жазуучунун фантазиясы бай. Поэтикалык фантазия. 2. Куру кыял, иш жүзүнө ашпас, жалган нерсе. З. муз. Эркин формадагы музыкалык чыгарма.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (сказочный, причудливый) фантазиялуу, фантазиялык, фантазияга окшогон, жомокко окшогон, укмуштуу;
2. перен. (несбыточный, невероятный) апыртылган; фантазиялуу; куру;
фантастические слухи апыртылган кабарлар;
фантастическая литература фантазиялуу адабият (ишке аша элек же чындыкка жатпаган окуяларды негиз кылып алган көркөм адабият).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. мор.
фарватер (суунун, дарыянын кеме жүрө ала турган бөлүгү);
быть в фарватере кого-л. или быть в фарватере чьей-л. политики бирөөнүн таасиринин астында болуу, кимдиндир саясатынын таасиринин астында болуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАРМАЦЕВДИК ИШ – дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү дүңсоода ишканалары жана дарыкана мекемелери тарабынан жүргүзүлчү иш; ага дары-дармек каражаттарын дүңү менен жана майдалап сатуу, аны даярдоо кирет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАРМАЦЕВДИК ИШ – дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү дүңсоода ишканалары жана дарыкана мекемелери тарабынан жүргүзүлчү иш; ага дары-дармек каражаттарын дүңү менен жана майдалап сатуу, аны даярдоо кирет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. фарфор (ак чопонун жогорку сортунан жасалган манералдык масса);
ваза из фарфора фарфордон жасалган ваза;
2. собир. (изделия, посуда) фарфор (фарфордон иштеп чыгарылган буюм, идиш-аяк);
коллекция русского фарфора орус фарфорунун коллекциясы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
фарфор-го т.;
фарфоровый чайник фарфор чайнек;
фарфоровая чашка фарфор кесе;
фарфоровые изоляторы эл. фарфор изоляторлор, фарфордон жасалган изоляторлор;
фарфоровый завод фарфор заводу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАС (англ. FAS , free alongside ship – «кеме бортун бойлой бош» дегендин кыскартылганы) – эларалык соода аталгысы, коммерциялык аткарымдардагы ташып жеткирүүнүн Франко-шарттарынын бири (1990-жылдагы «Инкотермс» басылмасында өзгөрүүсүз калган). Бул шартка ылайык, товар качан суужээк аялдамасындагы кеменин бортун бойлой жайгаштырылганда гана, сатуучу өзүнүн милдетин аткарган болуп эсептелет. Ошол учурдан тартып, баардык чыгымдарды, сынуу же талкалануу тобокелчилигин сатып алуучу тартат. Франко-завод шартындай эле, мындай аткарымдар сатуучуга жүк-төлгөн ФОБдон айырмаланып, сатып алуучу товарды экспорттук алымдар менен бажы жолжоболорунан тазалайт. ФАС шарты деңиз же дарыя ташууларында гана колдонууга жөндөмдүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФАС (англ. FAS , free alongside ship – «кеме бортун бойлой бош» дегендин кыскартылганы) – эларалык соода аталгысы, коммерциялык аткарымдардагы ташып жеткирүүнүн Франко-шарттарынын бири (1990-жылдагы «Инкотермс» басылмасында өзгөрүүсүз калган). Бул шартка ылайык, товар качан суужээк аялдамасындагы кеменин бортун бойлой жайгаштырылганда гана, сатуучу өзүнүн милдетин аткарган болуп эсептелет. Ошол учурдан тартып, баардык чыгымдарды, сынуу же талкалануу тобокелчилигин сатып алуучу тартат. Франко-завод шартындай эле, мындай аткарымдар сатуучуга жүк-төлгөн ФОБдон айырмаланып, сатып алуучу товарды экспорттук алымдар менен бажы жолжоболорунан тазалайт. ФАС шарты деңиз же дарыя ташууларында гана колдонууга жөндөмдүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бөлүк, глава. фасил Солто уругу. Тагайдан: Богорстон, Койлон, Кылжыр,– үч уул. Богорстондон – Солто, Койлондон – Жедигер. Кылжырдан: Темир, Болот, Тынай, Бугу – төрт уул (Кыргыз тарыхы)

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кийим-кечелерди белгилүү бир түргө салып бычуу же тигүү үчүн колдонулган үлгү, модель. Жаңы фасон менен тигилген окшош көйнөктөр.
2. Буюмдун же кандайдыр бир жасалганын сырткы көрүнүшү, формасы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (покрой, образец) фасон (кийимдин бычуусу, үлгүсү);
снять фасон фасонун түшүрүп алуу;
пальто нового фасона жаңы фасон менен тигилген пальто, жаңы фасондуу пальто;
2. перен. (вид, манера) фасон (кебете, түр, манера);
на новый фасон жаңы фасон менен, жаңы фасонго салып.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
эск. Чечим, токтом (мындай токтомду дин жолу менен муптулар, мужтахиддер чыгарган. Молдолор, эшендер, кожолор эмгекчилердин өлдүм-талдым дегенде тапкан бирин эки булдарын алдап, карындарын толтурду. Алда кайдагы эски фатывалар менен караңгы элдин көзүн будалады (Эркин-Тоо, №1, 1924-ж.). Төрөлөргө жана анын солдаттарына каршы казатка аттанууга «батуба» кылып тарашты (Убукеев).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
фауна (кандайдыр бир жердин, өлкөнүн же геологиялык доордун бардык түрдөгү айбандарынын жыйындысы);
фауна Средней Азии очень разнообразна Орто Азиянын фаунасы абдан ар түрдүү.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Империалисттик буржуазиянын жеткен агрессивдүү чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын көздөгөн өтө реакциячыл саясий агым жана ашкан шовинизм, расизм, бардык демократиялык боштондукту жок кылуу, басып алуучулук, согуштарды даярдоо, баштоо сыяктуу мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар монополисттик капиталдын террористтик диктатурасы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Империалисттик буржуазиянын жеткен агрессивдүү чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын көздөгөн өтө реакциячыл саясий агым жана ашкан шовинизм, расизм, бардык демократиялык боштондукту жок кылуу, басып алуучулук согуштарды даярдоо, баштоо сыяктуу мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар монополисттик капиталдын террористтик диктатурасы.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Phaethontidae) фаэтондор; калак буттуу куштардын бир тукуму: фаэтон белохвостый (Phaethon lepturus) — ак куйрук фаэтон, ф. красноклювый (Ph. aethereus) — Кызыл тумшук фаэтон, фаэтон краснохвостый (Ph. rubricauda) — кызыл куйрук фаэтон.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. полит.
федерализм (1. өзүнүн өз алдынчалыгын белгилүү даражада сактап калган айрым мамлекеттерди бириктирүүгө негизделген мамлекеттик түзүлүш системасы; 2. кээ бир капиталисттик, көбүнчө көп улуттуу капиталисттик өлкөлөрдө, федеративдик мамлекеттик түзүлүш үчүн болуучу кыймыл).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. полит. федерация (өз алдынча болгон мамлекеттерден бириккен бир бүтүн мамлекет);
2. (союз) федерация (кандайдыр коомдордун же уюмдардын бирикмеси, союзу);
Всемирная федерация профсоюзов Профсоюздардын Бүткүл Дүйнөлүк Федерациясы;
Всемирная федерация демократической молодёжи Демократиялык Жаштардын Бүткүл Дүйнөлүк Федерациясы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өз алдынча болгон мамлекеттерден бириккен бир бүтүн мамлекет. Биздин өлкөбүздөгү биринчи федерация Россиялык федерация болгон. 2. Айрым коомдордун же уюмдардын бирикмеси, союзу. Бүткүл дүйнөлүк профсоюздардын федерациясы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
фейерверк (жалбырт этап өтө жарык күймө жеңил жарылма кошунду; бул аскер жана деңиз иштеринде сигнал жана иллюминация үчүн колдонулат);
фейерверк слов сырты эң эле кооз болуп айтылган, бирок ичинде эч мааниси жок кооздолгон сөздөр.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жеңил жарылмалуу аралашмаларды күйгүзүүдөн пайда болуучу түркүн түстөгү кооз оттор. 2. Жалбырт этип өтө жарык күймө жеңил жарылма кошунду; бул аскер жана деңиз иштеринде сигнал жана иллюминация үчүн колдонулат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Күндөлүк турмуштагы ар кандай терс көрүнүштөрдү, кемчиликтерди, коомго жат адаттарды мыскылдап, ашкерелеп, көркөм адабияттын, өзгөчө сатиранын ыкмалары менен жазылган газета-журналдардын макаласы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күндөлүк турмуштагы ар кандай терс көрүнүштөрдү, кемчиликтерди, коомго жат адаттарды мыскылдап, ашкерелеп, көркөм адабияттын, өзгөчө сатиранын ыкмалары менен жазылган публицистикалык макала.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФЕМИДА – грек мифологиясындагы сот акыйкаттыгынын кудайы. Ал көзү таңылуу, колуна байгерчилик мүйүзү менен тараза кармаган бойдон сүрөттөлгөн («Ф. таразасы» – сот акыйкаттыгы, «Ф. көзтаңгагы» – мыйзам кызматчысы).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФЕМИДА – грек мифологиясындагы сот акыйкаттыгынын кудайы. Ал көзү таңылуу, колуна байгерчилик мүйүзү менен тараза кармаган бойдон сүрөттөлгөн («Ф. таразасы» – сот акыйкаттыгы, «Ф. көзтаңгагы» – мыйзам кызматчысы).

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Фен - чач кургаткыч. Аталыш электр жабдууларын чыгарган AEG немис компаниясы каттаган Fön соода маркасынан келип чыккан.  Föhn - Альпы тоолорунан урган жылуу кургак шамалдын түшүндүрөт.

 Фен

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж. биол.
фенология (биологиянын бирбөлүмү; бул бөлүм - өсүмдүктөрдүн жана айбандардын турмушундагы кубулуштардын закон чендүүлүгүн жана мезгилдүүлүгүн жана ал кубулуштардын климаттык факторлор менен болгон байланыштардын изилдейт).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
феномен (1. филос. идеалисттик философияда - аң-сезимде гана болот имиш жана объективдик чындыкты көрсөтө албайт имиш делинген субъективдүү кубулуш; 2. перен. эң сейрек боло турган, адаттагыдан тышкары болгон кубулуш же сапат).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жер, өндүрүш каражаттары бүт бойдон жана көз каранды крепостной дыйкандар жарым-жартылай феодалдардын менчиги болуп эсептелген, ошондой эле феодалдар өз территориясында мамлекеттик бийликти жүзөгө ашырууга укуктуу болгон капитализмден мурунку коомдук түзүлүш.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. ист.
феодализм (капитализмден мурунку коомдук-экономикалык формация; бул формация өндүрүш куралдары жана феодалдарга крепосттук көз карандылыкта болуп туруучу дыйкандар феодалдардын жеке менчигинде болууга негизделет).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жер, өндүрүш каражаттары бүт бойдон жана көз каранды крепостной дыйкандар жарым-жартылай феодалдардын менчиги болуп эсептелген, ошондой эле феодалдар өз территориясында мамлекеттик бийликти жүзөгө ашырууга укуктуу болгон капитализмден мурунку коомдук түзүлүш.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ферма;
кой-товар фермасы овцетоварная ферма;
2. разг. заведующий (колхозной) фермой;
фермасызбы? вы заведующий фермой?
Сабийра эжем кой фермасы дагы, парторг дагы тётя Сабийра и заведующая овцефермой, и парторг.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Колхоз менен совхоздордун мал жана канаттуу куштар боюнча адистештирилген айрым-айрым тармактарынын чарбасы. Колхоздун сүт-товар фермасы. Ферма башчысы.
2. Капиталисттик өлкөлөрдө: менчик же арендага алынган жер участкасында түзүлгөн жеке чарба, айыл чарба ишканасы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ферма I
ж. с.-х.
ферма (айыл чарбачылыгынын айрым бир тармагы менен кесиптенүүчү, айрым адистешкен, специализациялашкан чарба);
колхозная ферма колхоз фермасы;
овцеводческая ферма кой фермасы;
молочная ферма сүт фермасы.
ферма II
ж. тех.
ферма (түптөрүн бириктирип, айрыкча жол менен жайлаштырылган брустардан, төрт кырдуу устундардан турган инженердик курулуш);
стальная ферма болот ферма;
железобетонная ферма темир бетондуу ферма.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
фестиваль (мезгил-мезгили менен болуучу искусство майрамы; музыкалык, театрдык искусствону жана киноискусствону көрсөтүү, кароо);
Всемирный фестиваль молодёжи Жаштардын Бүткүл Дүйнөлүк Фестивалы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тумар, ырым-жырымга ишенген адамдар сыйкырдуу касиети бар, жардам сурап, тилек тилеп сыйынгандарга анын жардамы тиет деп эсептелген буюм. 2. өт. Далилсиз эле ыйык, сөзсүз чындык деп таанылган нерсе же кубулуш.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
фетишизм (1. ист. бойыркы урууларда - буюмга диний табынуу, сыйынуу; бул табынуунун, сыйынуунун калдыгы азыркы диндерде да бар; 2. перен. бир нерсеге сокур ишенүүчүлүк, далилсиз эле сыйынуучулук).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
фибра I
ж. анат.
(жилка) фибра (тарамыштын бир талы);
всеми фибрами души эң эле, жанынын бардыгынча, жан-дили менен.
фибра II
ж. тех.
фибра (пресстелген жумшак жана бышык кагаз; бул кагаз чемодан, коробка, портфель сыяктуу нерселерди каптоо үчүн жана бир нерсени изоляция кылуу үчүн колдонулат).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
фига 1-ге т.;
фиговое дерево анжыр жыгачы;
фиговый листок анжыр жалбырагы (статуяда эркектердин урук мүчөсү жабылуучу жалбырак);
прикрываться фиговым листком анжыр жалбырагы менен жабуу; абийирсиз нерсени билип туруп эле эки жүздүүлүк менен жаап-жашыруу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (телосложение) фигура, келбет, кишинин келбети;
у неё стройная фигура анын фигурасы келишкен, анын келбети келишкен;
2. перен. (человек) фигура, киши, адам (көбүнчө, бир чоң киши жөнүндө);
крупная политическая фигура саясий чоң фигура (саясий жагынан беделдүү адам);
3. иск. (скульптурное изображение) фигура (кишинин же айбандын скульптура сүрөтү);
бронзовая фигура колодон жасалган фигура;
4. мат. фигура (мис. үч бурчтук, тегерек ж.б.);
геометрические фигуры геометриялык фигуралар;
5. шахм. фигура (ат, пил, падыша сыяктуулары, дойбудан башкалары);
6. (в картах) фигура (балта, матыке, найза, туз);
7. (движение в танце, в гимнастике и т.п.) фигура (бир кыймыл аткаргандагы - мис. танецте, гимнастикада, коньки тебүүдө ж.б. - абал);
8. лит. фигура (речь обороту);
риторическая фигура риторикалык фигура;
9. фигура (самолёттун өйдө-ылдый, туурасынан, тикесинен, чалкасынан ойкуштанып учушу);
фигуры высшего пилотажа пилотаждын эң жогорку фигуралары;
представлять собой жалкую фигуру эчтемеге арзыбаган фигура болуп көрүнүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Келбет, кишинин сымбаты. 2. өт. Көбүнчө бир чоң киши жөнүндө. 3. Кишинин же айбандын скульптуралык келбети. 4. Геометриялык үч бурчтук, тегерек фигура. 5. шахм. Ат, пил, падыша сыяктуулары, дойбудан башка. 6. Картада – балта, матыке, найза, туз. 7. Бийде, гимнастикада, коньки тебүүдө ж. б. аткарылган кыймыл.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. фигуралуу, оймо-чиймелүү;
фигурная резьба фигуралуу оймо;
2. фигуралуу (ар түрдүү фигуралар жасап);
фигурное катание на коньках конькини фигуралуу тебүү;
фигурный полёт ав. самолёттун ар түрдүү фигура жасап учушу.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)

Фидуциарная ответственность —Ответственность, возникающая в отношениях, основанных на доверии. Для целей регулирования деятельности исламских банков и банков, имеющих «исламское окно», фидуциарная ответственность – это ответственность банка перед своими клиентами по надлежащему управлению денежными средствами держателей инвестиционных счетов и соблюдению условий, оговоренных в договорах мудараба.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Фидуциардык жоопкерчилик —Ишенимге негизденген мамилелерден улам келип чыккан жоопкерчиликтүүлүк. Ислам банктарынын жана «ислам терезесине» ээ банктардын ишин жөнгөсалуу максатында, фидуциардык жоопкерчиликтүүлүк – бул, инвестициялык эсеп ээлеринин акча каражаттарын талаптагыдай тескөөжана мудараба келишиминде белгиленген шарттарды сактоо боюнча банктын өз кардарлары алдында жоопкерчилиги.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Материянын түзүлүшү, касиети жана анын кыймылы, өзгөрүш формалары, органикалык эмес жаратылыштын жалпы закон ченемдүүлүгү жөнүндөгү илим. Ядролук физика. Электрондук физика. Физика окуу китеби.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Материянын түзүлүшү, касиети жана анын кыймылы, өзгөрүш формалары, органикалык эмес жаратылыштын жалпы закон ченемдүүлүгү жөнүндөгү илим. Ядролук физика. Электрондук физика. Физика окуу китеби.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
физиократ (18 кылымдын экинчи жарымындагы француздук буржуазиялык экономисттер; булар экономикалык кубугу иту изилдөөнү жүгүртүү сферасынан өндүрүш сферасына алып келишкен, бирок байлыктын бирден-бир булагы - жер жана дыйканчылык болот деп жана дыйканчылык эмгеги бирден-бир өндүрүмдүү эмгек болот деп натуура эсептешкен).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. физиология (организмдин тиричилик функциялары жөнүндөгү илим);
физиология человека адамдын физиологиясы;
физиология растений өсүмдүктөрдүн физиологиясы;
2. физиология (организмдин функциялары жана аларды башкаруучу закондор);
физиология дыхания дем алуунун физиологиясы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (лицо) физиономия (кишинин бети, түспөлү);
лукавая физиономия арамза физиономия;
2. перен. (вид) физиономия (ар нерсенин облиги, мүнөздүү өзгөчөлүктөрү);
физиономия города невероятно изменилась шаардын физиономиясы укмуштай өзгөрдү;
3. перен. физиономия (адамдын өзүн мүнөздөөчү, аныктоочу өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы);
политическая физиономия саясий физиономия.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
физиотерапия-га т.; физиотерапиялык;
физиотерапевтический кабинет физиотерапиялык кабинет (дарылоо мекемесинин физиотерапия методдору менен дарылоочу бөлүмү);
физиотерапевтическое лечение физиотерапиялык дарылоо.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНЕТАРБИЯ МАДАНИЯТЫ – адамдын денебой жактан өнүгүүсү менен денсоолугун чыңдоо максатында коом тарабынан түзүлүүчү, өнүктүрүлүүчү, колдонулуучу руханий жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы болуп саналган маданияттын курамдык бөлүгү, социалдык иш-аракет тармагы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. физика-га т.; физикалык, физический;
физическая лаборатория физика лабораториясы, физикалык лаборатория;
физический кабинет физикалык кабинет;
физическая химия физикалык химия;
физические опыты физикалык тажрыйбалар;
2. физический (денеге, булчуңга таандык);
физическая сила физический күч, дене күчү;
физический труд күч эмгеги, физический эмгек;
физическое наказание дене жазасы (мис. балак алуу, сабоо ж.б.);
физическая культура см. физкультура;
физическая география физикалык география;
физическое лицо юр. коомдун укукка жана милдетке жөндөмдүү мүчөсү болуп эсептелген адам.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНЕТАРБИЯСЫ – дени сак, денебой жана руханий жактан өнүккөн, адеп-актык жактан таза муунду түзүүгө, адамдын денсоолугун чыңдоого, ишке жөндөмдүүлүгүн арттырууга, чыгармачылык мөөнөтү менен өмүр жашын узартууга багытталган педагогикалык уюштурулган жүрүм.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮЧ КОЛДОНУП ЖЕ ПСИХИКАЛЫК МАЖБУРЛОО – кылмыш-жаза укугундагы кылмыш жосунун жокко чыгаруучу жагдайлардын бири. Эгер өзүнүн иш-аракетин колго алалбай калган учурда күч колдонуп мажбурлоонун натыйжасында кылмыш-жаза коргой турган кызыкчылыкка зыян келтирүү кылмыш катары саналбайт. Өз иш-аракетин колго алууга мүмкүнчүлүгү бар жагдайда күч колдонуп же психикалык мажбурлоо болгон учурда, кылмыш жоопкерчилиги тууралуу маселе КР кылмыш-жаза мыйзамдарын эске алуу аркылуу чечилет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨДӨГҮ КҮЧ ЗОМБУЛУГУ – адамдын денеси менен психикасынын саламаттыгына зыян тийгизе турган, анын адамдык ар-намысына шек келтире турган, ошондой эле жабыр тарткан баланын психикалык, денебой жана кертбашынын өнүгүүсүнө тоскоол боло турган же үйбүлө мүчөсүн өлүмгө алып келе турган бир бүлө мүчөсүнүн башка мүчөсүн кыйноосу же атайылап уруп-сабоосу, денсоолугуна залал келтирүүсү, бир бүлө мүчөсүнүн башка мүчөсүн эркин жүрүүсүнөн, туракжайынан, тамак-аштан, кийим-кечеден, дагы башка жашоо шартынан атайылап ажыратуусу, оор кара жумуш жасоого мажбурлоосу, ошондой эле ата-энесинин, асыроочунун, өз үйбүлөсүндө тарбыялоого алуучунун эрезеге жетелек балдарды багуудан, алардын денсоолугу менен жеке коопсуздугуна кам көрүүдөн баштартуусу.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАКТАЛГАН ЧЕГАРА – капиталдык курулуштар менен имараттарга, туруктуу табигый белгилерге же баардык бурулуш чекиттери белгилүү ыраатка ээ болгон геодезиялык жайларга бекитилген атайын үлгүдөгү аралык белгилери байлануучу накталай кыймылсыз мүлк бирдигинин (жер участогунун) чегарасы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. что
1. (отмечать, записывать) жазуу, жазып белгилеп коюу (мис. протоколго);
фиксировать все замечания
выступавших бардык чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн жазуу;
2. (устанавливать) белгилөө, дайындоо, аныктоо;
фиксировать дни заседаний заседание күндөрүн белгилөө;
3. (сосредоточивать) буруу, салуу;
всё внимание должно быть фиксировано на этом вопросе бардык көңүл бул маселеге бурулган болуш керек;
4. фото (закреплять) фиксаж кылуу (тартылган сүрөт негативде бекисин үчүн аны атайын эритиндиге салып жууш).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН КУДУРЕТСИЗДИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыш; эгер ал жосун ири зыян алып келе турган болсо, коммерциялык уюм жетекчисинин же ээсинин, ошондой эле жеке ишкердин карыздарын кийинкиге жылдыруу же азайтуу үчүн, демек карыздарын төлөбөө үчүн кредит бергендерди алдоо максатында өзүнүн кудуретсиздигин атайылап бурмалоо жолу менен жарыялоо. Ж. к-тин белгилери табылганда, прокурор ишкананын кудуретсиздиги тууралуу иш козгоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга акысы бар.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
жалган, калп, анткор, кара күчкө;
фиктивные права жалган укук;
фиктивная болезнь жалган оору, калп оору;
фиктивный капитал эк. фиктивный капитал (капиталисттик өлкөлөрдө - белгилүү доход бере турган ар түрдүү баалуу кагаздар).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН НИКЕ – жубайлардын чын ниетинен чыкпаган же алардын бири никени каттагандан кийин, кандайдыр бир пайда табууну көздөгөндүгүнөн улам келип чыккан нике. Ал жараксыз деп табылат. Эгер никесин каттаган адамдар иш сот тарабынан каралганга чейин эле иш жүзүндө үйбүлө түзүп алган болсо, сот аны жалган нике катары жокко чыгара албайт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. фикция (чындыкка туура келбеген жана көбүнчө бир белгилүү максат үчүн пайдаланыла турган атайы түзүлгөн абал);
2. (выдумка, вымысел) жок нерсени ойлоп чыгаруу; жалган, калп, чындыкта жок нерсе.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
филантропия (буржуазиялык "кайыр-садагачылык"; "бей-бечараларга жардам" кылабыз демиш болуп, буржуазиянын эмгекчилерди алдоо жана аларды таптык күрөштөн алагды кылуу үчүн жүргүзгөн чараларынын бири).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
филе I
ср. нескл.
(вышивка) филе (көзөнөк торго сайылган сайма).
филе II
ср. нескл.
1. (сорт мяса) карчыга (карчыганын эти);
2. (рыба, очищенная от костей) филе (сөөгү тазаланган эт же балык).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (доска, фанера) филёнка (бир рамага коюлуучу жука тактай же фанера, мис. каалгага, эшикке);
дверная филёнка эшик филёнкасы;
2. архит. (украшение) филёнка, кооздук (имараттын дубалына тик бурчтуу рамка сыяктуу жасалган кооздук).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИЛИАЛ (ТАМЫРЛАШ) (от лат. filialis – туунду) – КР жарандык мыйзамдары боюнча, ишкананын өзү турган жерден тышкары жайгашып, анын иш-милдетин же айрым бөлүгүн, анын ичинде өкүлчүлүк милдетин аткарган юридикалык жактын обочолонгон бөлүгү. Ф. юридикалык жак болуп саналбайт. Ишкана ага мүлк бөлүп берүү менен, Ф. жөнүндөгү жобону бекитет. Ф. жетекчилиги ишкана тарабынан дайындалып, анын ишеним катынын негизинде иштейт. Ал аны түзгөн ишкананын (юридикалык жактын) уюштуруу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИЛИАЛДАР АРАЛЫК ЭСЕПТЕР (ФАЭ) – эсептик-кассалык борборлордун (ЭКБ) ортосундагы мамлекеттин Борбордук банктын, ЭКБнын өздөрүнүн, коммерциялык банктардын аткарымдары боюнча эсептешүүлөр тутуму. ФАЭ каражаты баштапкы аткарым (баштапкы өткөрүү) боюнча ЭКБ түзүлүүчү жана ЭКБ дарегине жөнөтүлүүчү (акыркы өткөрүү) авизо болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИЛИАЛ (ТАМЫРЛАШ) (от лат. filialis – туунду) – КР жарандык мыйзамдары боюнча, ишкананын өзү турган жерден тышкары жайгашып, анын иш-милдетин же айрым бөлүгүн, анын ичинде өкүлчүлүк милдетин аткарган юридикалык жактын обочолонгон бөлүгү. Ф. юридикалык жак болуп саналбайт. Ишкана ага мүлк бөлүп берүү менен, Ф. жөнүндөгү жобону бекитет. Ф. жетекчилиги ишкана тарабынан дайындалып, анын ишеним катынын негизинде иштейт. Ал аны түзгөн ишкананын (юридикалык жактын) уюштуруу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
филигрань (1. эң ичке алтын, күмүш ж.б. сымдардан токулган, тор сыяктуу кооз жасалган заргер буюмдар; 2. суубелги; акчаны же облигацияны жарыкка салып караганда көрүнүүчү тунук белгилер же сүрөттөр).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)

Филины I (Bubo) сары үкүлөр; чоң үкүлөрдүн бир уруусу: филин американский (В. virginianus) — Америка сары укусу, ф. обыкновенный (В. bubo) — кадимки сары уку, ф. рыбный (Ketupa zeylonensis) — балыкчы сары үкү, ф. туркменский — түркмөндүн сары укусу.
Филины II (Phylino) филиналар; деңизде жашоочу үлүлдөрдүн бир уруусу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
философия (табияттын, адам коомунун, жана ойдун өрчүшүнүн жалпы закондору жөнүндөгү илим);
материалистическая философия материалисттик философия;
идеалистическая философия идеалисттик философия.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. фильм (сүрөт жана кино тартуу үчүн керек кылынуучу жука, тунук плёнка);
2. (кинокартина) фильм;
звуковой фильм үндүү фильм;
немой фильм үнсүз фильм;
документальный фильм документтүү фильм;
художественный фильм көркөм фильм;
мультипликационный фильм мультипликациялык фильм;
хроникальный фильм хроникалык фильм.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАСМА – чыгармачылык ой-чабыттын негизинде, кинотасмага же башка алып жүрүүчүлөргө түшүрүлгөн жана ырааттуу бүтүндүккө бириктирилген, тийиштүү техникалык жабдуулардын жардамы менен кабыл алууга багытталган, көркөм, хроникалдык-даректүү, илимий-популярдуу, окуу, анимациялык, телевизондук же башка таризде жаратылган кино-укма-көрмө чыгарма. Узактыгы 50 мүнөттөн аз болгон Т. кыска чакантартым Т-сы болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЛУТТУК ТАСМА – төмөнкү талаптарга жана шарттарга жооп берген тасма : эгер тасманын продюсеру – белгиленген тартипте КР аймагында катталган КР жараны же юридикалык жагы болсо; эгер тасманын авторлору – КР жарандары болсо; эгер тасманын тартуучу тобунун курамына (режиссер-коюучулары, оператор-коюучулары, операторлору, сүрөтчү-коюучулары, кийим-кече боюнча сүрөтчүлөрү, кураштыруучулары, башкы каармандарды ойноочу аткаруучу-актерлору) 30 пайыздан ашуун КР жарандыгына ээ эмес адамдар кирсе; эгер тасма мамлекеттик же КР башка элдеринин тилинде тартылса; эгер тасманы өндүрүү, нускалоо, прокаттоо жана көрсөтүү боюнча иштердин жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан кем эмеси белгиленген тартипте КР аймагында катталган кинематография уюмдары тарабынан ишке ашырылса. У. т. катары ошондой эле КР тийиштүү эларалык келишим шарттарын сактаган учурларда чет өлкөлүк кинематография уюмдары менен биргелешип тартылган тасмалар да каралышы мүмкүн.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
фимиам (1. түтөтүү үчүн колдонулатурган атыр жыттуу зат; 2. атыр жыт, жыпар жыт);
курить фимиам кому-л. бирөөгө кошамат кылуу, жалпалактоо; жерге, сууга тийгизбей мактоо; обу жок мактоо.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бир нерсенин корутундусу, акыры, аякталышы. Иш финалга жакындап калды.
2. иск. Музыкалык, театралдык же адабий чыгарманын корутунду бөлүгү.
3. спорт. Спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрдү аныктай турган акыркы бөлүгү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (завершение) финал (бир иштин корутундусу, натыйжасы, акыры, аягы, аякталышы);
блестящий финал эң сонун финал;
2. муз. финал (чоң музыкалык чыгарманын акыркы корутунду бөлүмү);
3. спорт. финал (мелдешүүчү спорт командасынын же спортсмендердин акыркы жолугушуусу);
финал шахматного чемпионата СССР СССР шахмат чемпионатынын финалы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин аягы, жыйынтыгы. Иш финалга жакындап калды. 2. иск. Музыкалык, театралдык же адабий чыгарманын корутунду бөлүгү. 3. спорт. Спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрдү аныктай турган жыйынтыктоочу бөлүгү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ КОМПАНИЯСЫ – айрым банк аткарымдарын орундатуучу кредиттик уюм. Эларалык иш-тажырыйбада К. к. чакан жана майда ишканаларга керектөө кредиттерин берүүгө, аманаттарды тартууга (эреже катары кыска мөөнөттүк), чектерди жолжоболоого адистешет, ошондой эле факторинг, камсыздандыруу, кыймылсыз мүлктү сатуу менен алектенет. Көпчүлүк уюмдар өз аталыштарында алып жүрүшсө да, КР мыйзамдарында «К. к.» түшүнүгү жок (кара:Банктык эмес кредиттик уюм).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ УЮМУ – тийиштүү лицензиянын негизинде банк аткарымдарын жана бүтүмдөрүн ишке ашыруучу, болбосо баалуу кагаздар базарында кызмат көрсөтүүчү, каржылык мүнөздөгү камсыздандыруу боюнча жана башка кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик эмес бааракы фонду, аны башкаруучу компания, пайлык инвестициялык фондду башкаруучу компания, кредиттик керек-жарак бирлиги жана башка каржылык рынокто кызмат көрсөтүүчү жана аткарымдарды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу уюм.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансы системасы (Financial System) —Финансы ортомчуларынын, финансы рынокторунун экономикада акчанын жана кредиттин жылышынын жана экономикада акчанын жана кредиттин жылышын камсыз кылган финансы инфраструктурасынын ортомчусу болуп саналган чогуу алгандагы институттары. Финансы системасы: финансы мекемелеринен, үй чарбалардан, финансылык эмес ишканалардан, мамлекеттик мекемелерден жана ишканалардан өз атынан активдерге ээлик кылууга, милдеттенмелерди кабыл алууга, экономикалык ишти жүзөгө ашырууга жана башка түзүмдөр менен операцияларды жүргүзүүгөмүмкүнчүлүгү бар ишканалардан турат. Финансы системасынын өлчөмү финансы системасынын түзүмүнө жараша эсептелет жана депозиттик мекемелерге, башка финансылык корпорацияларга, финансылык эмес корпорацияларга, үй чарбаларына, мамлекеттик башкаруу секторуна жана борбордук банкка таандык болгон финансылык активдердин суммасын түшүндүрөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КР КАРЖЫ ТУТУМУ – КР каржысына кирүүчү баардык тогоолорунун жана алардын өзара алакаларынын жыйындысы. КР К. т-ун төмөнкү тогоолор (институттар) түзөт: а) курамына мамлекеттик (республикалык) жана жергиликтүү бюджеттер кирген бюджет тутуму; б) бюджеттен тышкы максаттуу фонддор; в) экономикалык тармактардын уюмдарынын каржылары; г) мүлктүк жана өздүк камсыздандыруу; д) кредиттер (мамлекеттик жана банктык).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ МЕНЧИГИ – жарандык жана соода укуктарынын четжактык теориясындагы акча кагаздарын (облигацияларды, векселдерди, чектерди, ж. б.) жана документтерди өзүнө камтыган, аркыл коомдордо жана компанияларда (үлүштүк салымдар, акциялар) катышуу укугун чагылдыруучу түшүнүк.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансылык милдеттенме (Financial Liability) —Эки тараптын тең өз ара тиешелүү укуктарын жана милдеттенмелерин аныктайт, алар өз табиятына жараша финансылык катары каралууга тийиш жана карыз алуучудан кредитордун пайдасына, алардын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген жагдайларда төлөмдүн (төлөөлөрдүн) ишке ашырылышын талап кылат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ УКУГУ – укуктун бир тармагы, мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын акча фонддорунун (каржы ресурстарынын) түзүлүшүнүн, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун жүрүшүндө пайда болгон коомдук мамилелерди теске салуучу, алардын милдеттерин ишке ашыруучу зарыл юридикалык ченемдердин жыйындысы. Тийешелүү илим жана окуу курстары да К. у. деп аталат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансылык талаптар (Financial Claim) —Эки тараптын өз ара тиешелүү укуктарын жана милдеттенмелерин аныктайт, алар өз мүнөзүнөжараша финансылык катары каралууга тийиш жана кредиторго карыз алуучудан алардын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген жагдайларда төлөмдү (төлөмдөрдү) алуу укугун чегерет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫЛЫК-ПЛАНДОО АКТЫЛАРЫ – мамлекеттин жана өзалдынча башкаруу органдарынын ишмердиктеринин жүрүшүндө кабыл алынуучу, белгилүү мезгил аралыгындагы каржы тармагына конкреттүү тапшырманы камтыган, б. а. каржы ресурстарын моблизациялоо, бөлүштүрүү жана пайдалануу боюнча план болуп саналган актылар. К.-п. а-на: а) КР мамлекеттик бюджети; б) мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу фонддордун каржы пландары; в) банктардын каржы-кредиттик жана кассалык пландары; г) камсыздандыруу уюмдарынын каржы пландары; д) министрликтердин, ведомстволордун, башка мамлекеттик башкаруу органдарынын каржы пландары жана сметалары; е) мамлекеттик уюмдардын каржы пландары (кирешелердин жана чыгашалардын баланстары); ж) мамлекеттик бюджетте турган уюмдардын сметалары кирет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨНӨРЖАЙЛЫК-КАРЖЫ ТОП (ӨКТ) – ӨКТ түзүү келишиминин негизинде өздөрүнүн материалдык жана материалдык эмес активдерин (катышуу тутумун) толук же жарым-жартылай бириктиришкен, негизги жана кошумча коомдор түрүндө иштеп жатышкан юридикалык жактардын жыйындысы. ӨКТ катышуучуларынын ичинде товар өндүрүүчү жана тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү уюмдардын, ошондой эле банктардын же башка кредиттик уюмдардын болушу милдеттүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛЕКТРОНДУК ТӨЛӨМДӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮЧҮ КАРЖЫЛЫК ЖАНА БАШКА МЕКЕМЕЛЕР – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде электрондук төлөмдөрдү ишке ашыруу боюнча каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга адистештирилген каржы мекемелери жана башка коммерциялык банктар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР – төмөнкүлөр менен байланыштуу иштер: а) насыяларды, карыздарды, кредиттерди жана кредиттик кепилдиктерди берүү жана өткөрүү боюнча аткарымдар, ошондой эле акчалай кепилдиктерди берүү, кредит берүүчүлөр тарабынан берилген кредиттерди жана кредиттик кепилдиктерди, карыздарды башкаруу; б) депозиттик жана агымдагы эсеп аткарымдары менен байланышкан аткарымдар, ошондой эле башка эсептер, төлөмдөр, которумдар, карыздар милдеттенмелер, чектер жана жүгүртүмдөгү коммерциялык төлөм каражаттары, инкассо жана факторинг; в) алтын тыйындар жана коллекциялык нускалардан башка мыйзамдуу төлөм каражаттары болуп саналаган банкноттор, акча каражаттары; г) акциялар, облигациялар жана башка баалуу кагаздар менен байланышкан аткарымдар, ошондой эле баалуу кагаздардын сакталуусун камсыз кылуудан башка акциздик маркалар; д) каржылык ижара (лизинг) жана башка кередиттөө менен кыйыр байланышкан аткарымдар; е) инвестициялык фонддорду башкаруу менен байланышкан ишмердик.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ АГЕНТИ – 1) акча талаптарын төмөндөтүүгө кыюудан каржылануучу келишимдин тарабы; 2) КР Өкмөтү тарабынан КР Өкмөтүнүн атынан аткарымдарды ишке ашыруу ыйгарым укугу берилген каржы уюму.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ ВЕКСЕЛИ – негизги багыты акча каражаттарын жайгаштыруу болуп саналган, товардык жабылуусу жок вексель. К. в-нин түрлөрүнө: банктык, казыначылык, юридикалык жактардын мөөнөттөрү өткөн векселдери боюнча (ымала, коло) векселдер кирет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ ЖЫЛЫ (салык жылы) – мыйзамдуу белгиленген жылдык мөөнөт, салык укуктарынын ченемдерине ылайык анын ичинде аркыл уюштуруучулук-укуктук тариздеги чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердиктеринин жыйынтыктары жөнүндө каржылык отчеттор түзүлөт. Календардык жыл салык төлөөчүнүн К. ж. болуп саналат. Календардык жыл 1-январдан башталып 31-декабрда бүтөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ КӨЗӨМӨЛҮ – мамлекеттин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдардын акча фонддорун түзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тармагындагы аракеттердин мыйзамдуулугун жана максатка ылайыктуулугун көзөмөлдөө. Баардык каржы-укуктук институттарга таандык К. к. аркыл негиздер боюнча бирнече түрлөргө бөлүнөт. Өткөрүү мезгилине байланыштуу алдынала, агымдагы жана соңку болушу мүмкүн. Аны ишке ашыруучу органдарга (субъекттерге) байланыштуу К. к.: а) мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын; б) президенттин; в) жалып компетенциядагы аткаруучу органдардын; г) каржылоо-кредит органдарынын; д) ведомстволук жана ички чарбалык; е) коомдук; ж) аудитордук болуп бөлүнөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ ОТЧЕТУ (уюмдун) – чарба жүргүзүүчү субъекттер түзүүчү (мыйзам талаптарына ылайык) отчеттуулуктун милдеттүү таризи; уюмдун өткөн каржы жылындагы иштери жөнүндө ачык-айкын сандар менен көрсөтүлгөн отчету.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансылык тобокелдик (Financial risk) —Контрагенттин сапатына, контрагент өлкөнүн экономикалык абалына жана финансы рынокторундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу орун алышы ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги. Финансылык тобокелдик кредиттик тобокелдик, рыноктук тобокелдик жана ликвиддүүлүк тобокелдиги болуп бөлүнөт.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансы рыногу (Financial Market) —Экономикалык субъекттер катышуучулардын жүрүм-туруму боюнча белгиленген эрежелерге ылайык, финансылык талаптарды сатып алуу-сатууну жүзөгөашырышкан рынок катары аныкталат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Төлөм теңдеминин финансылык эсеби (Financial Аccount) —Өлкөнүн тышкы финансылык активдери жана милдеттенмелери менен операциялары төлөм теңдеминин финансылык эсебине кирет. Өлкөнүн тышкы финансылык активдери монетардык алтындан, ЭВФтин атайын карыз алышуу укуктарында авуарлардан жана резидент эместерге карата талаптардан турат. Өлкөнүн тышкы милдеттенмелери резидент эместердин резиденттерге карата талаптарынан турат. Финансылык эсепти классификациялоо эң оболу, четөлкө инвестицияларынын функционалдык багытына негизденген: тике, портфелдик жана башка инвестицияларга; туунду финансылык инструменттерге; резервдик активдерге бөлүнөт.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансовое обязательство (Financial Liability) —Определяет соответствующие взаимные права или обязанности обеих сторон, которые в силу своей природы должны рассматриваться как финансовые и требует от заемщика произвести платеж (платежи) в пользу кредитора в обстоятельствах, оговоренных в договоре между ними.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Аудиторское заключение о финансовой отчетности (The auditor conclusion about the financial statements) —Документ, содержащий выраженное в установленной форме мнение аудитора о достоверности бухгалтерской отчетности и соответствии порядка ведения бухгалтерского учета установленным требованиям. Является неотъемлемой частью годовой финансовой отчетности.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Внешний аудит финансовой отчетности (External audit of the financial statements) —Независимая проверка бухгалтерского учета и финансовой (бухгалтерской) отчетности организации аудитором (аудиторской организацией). Целью внешнего аудита является выражение мнения о достоверности финансовой (бухгалтерской) отчетности и соответствии ведения бухгалтерского учета установленным законодательством стандартам.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансовое требование (Financial Claim) —Определяет соответствующие взаимные права или обязанности обеих сторон, которые по своему характеру должны рассматриваться как финансовые, и дает кредитору право на получение платежа (платежей) от заемщика в обстоятельствах, оговоренных в договоре между ними.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансовый риск (Financial risk) —Риск возможных потерь, связанный с качеством контрагента, экономическим состоянием страны- контрагента и изменениями на финансовых рынках. Финансовый риск подразделяется на кредитные риски, рыночные риски и риск ликвидности.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Показатели финансовой устойчивости (ПФУ) (Financial Soundness Indicators) —Показатели текущего финансового состояния и устойчивости финансового сектора (банковского и небанковского секторов), корпоративного нефинансового сектора, домашних хозяйств, а также реального, бюджетного и внешнеэкономического секторов. Макропруденциальный анализ посредством показателей финансовой устойчивости является одним из методологических подходов оценки финансовой стабильности.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Нефинансовый корпоративный сектор (Non-financial Corporate Sector) —Юридические лица, основная деятельность которых заключается в производстве товаров или нефинансовых услуг с целью получения прибыли или иной финансовой выгоды для своих владельцев.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансовый рынок (Financial Market) —Определяется как рынок, на котором экономические субъекты осуществляют куплю-продажу финансовых требований в соответствии с установленными правилами поведения участников.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансовая система (Financial System) —Совокупность институтов финансового посредничества, финансовых рынков, являющихся посредниками движения денег и кредита в экономике, и финансовой инфраструктуры, обеспечивающих движение денег и кредита в экономике. Финансовая система состоит из: финансовых учреждений, домашних хозяйств, нефинансовых предприятий, государственных учреждений и предприятий, которые могут от своего имени владеть активами, принимать обязательства, осуществлять экономическую деятельность и проводить операции с другими структурами. Размеры финансовой системы рассчитываются исходя из структуры финансовой системы и представляет собой сумму финансовых активов, принадлежащих депозитным учреждениям, другим финансовым корпорациям, нефинансовым корпорациям, домашним хозяйствам, сектору государственного управления и центральному банку.  

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. спорт.
1. (заключительная часть состязания) финиш (жарыш мелдешинин акыркы бөлүмү);
бегун на финише ускорил темп жүгүргүч финишке жакындаганда темпин тездетти;
2. (конечный пункт) финиш (акыркы пункт, чек);
первым прийти к финишу финишке биринчи болуп келүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИРМА – 1) «фирмалык аталыш » түгөйлөш түшүнүгү; 2) ишкер жана юридикалык тилде коммерциялык уюм түшүнүгүнүн түгөйлөшү («аудитордук Ф.», «кеп-кеңеш берүү Ф.», «чет өлкөлүк Ф.», түшүнүктөрү жыш колдонулат.).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИРМА – 1) «фирмалык аталыш » түгөйлөш түшүнүгү; 2) ишкер жана юридикалык тилде коммерциялык уюм түшүнүгүнүн түгөйлөшү («аудитордук Ф.», «кеп-кеңеш берүү Ф.», «чет өлкөлүк Ф.», түшүнүктөрү жыш колдонулат.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Товар сатуучу же буюм жасап чыгаруучу соода же өнөр жай ишканасы. «Кыргызмебель» фирмасы. 2. Пайда алуу максатында товарларды же тейлөөлөрдү өндүрүү үчүн ресурстарды пайдалануучу, бир же бир нече ишканаларды (ээлик кылуучуларды) башкаруучу жана ээлик кылуучу уюм.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИРМАЛЫК АТАЛЫШ – бул юридикалык жакты башка юридикалык жактан айырмалоочу туруктуу, толук же кыскартылган аталыш. КР жарандык мыйзамдарынын ченем-талаптарына ылайык юридикалык жактын фирмалык аталышы юридикалык жактын уюштуруучулук-укуктук таризине ылайык энчилүү ат же аркыл маанидеги жалпы ат болуусу керек. Ишмердиктери КРУБ тарабынан лицензиялаштыруучу банктардын жана каржыкредиттик мекемелердин аталыштары КР банк жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүсү тийиш. Фирмалык аталыштарда «Кыргыз», «Мамлекеттик» жана «Улуттук» деген сөздөрдү кандай гана жалгаштарда пайдалануу, ошондой эле КР ырасмий толук жана кыскартылган аталышына көрсөтүүлөргө КР Президенти жана КР Өкмөтү билгилеген тартипте гана жол берилет. Кыргызпатент тарабынан каттоого алынган юридикалык жактын фирмалык аталышына экспертизанын жыйынтыктары боюнча анын корголуу жөндөмдүүлүгүн күбөлөөчү күбөлүк берилет. Башка бирөөнүн каттоодон өткөн Ф. а-ын укук ченемсиз пайдаланган жак, анын укук ээсинин талабы боюнча келтирилген зыяндарды калыбына келтирүүгө милдеттүү.

м. разг.
1. ист. фискал (Пётр I убагында көбүнчө финансы жана сот иштери жагынан мекемелердин жана адамдардын иштерине байкоо жүргүзүп турган чиновник);
2. разг. презр. ушакчы, сөз ташуучу.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИТОКӨЗӨМӨЛ (гр. phyton – өсүмдүк) – жугуштуу ооруларды жана айылчарба зыянкечтерин алып кирүүнү, жайылтууну болтурбоо үчүн өлкөгө алынып келинүүчү товарларга, унаа каражаттарына карата атайын мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу көзөмөлдөө-коргоо иш чараларынын комплекси. Уруктар, жемиштер, жандуу өсүмдүктөр жана алардын бөлүктөрү, өсүмдүктөрдүн өзөктөрү, кургак жемиштер жана өсүмдүк түрүндөгү башка жүктөр, ошондой эле карантиндик товарларды орооч катары кызмат кылган ийдиштер Ф-дөн өткөрүлөт. Ф. өлкөнүн аймагына кирген баардык унаа-көөлүктөрүн карантиндик кароодон өткөрүү жана товарлардын тийиштүү тастыктамаларын текшерүү менен ишке ашырылат. КР баардык карантиндеги объекттерди ташып келүүгө жана ташып өтүүгө тийиштүү мамлекеттик органдардын улуксаты менен гана жол берилет.

ФИТОСАНИТАРДЫК АБАЛ – жердин, токойлордун жана өсүмдүктөрдүн отоо чөптөрүнүн көптүгү жана өсүмдүк илдеттеринин таралышы, өсүмдүк зыянкечтеринин санына байланыштуу аныкталуучу абалы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИТОСАНИТАРДЫК ТАСТЫКТАМА – өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эларалык конвенцияда бекитилген тариз боюнча даярдалган тастыктама, өсүмдүк түркүмүндөгү продукциянын карантиндик абалын жана келген багытын, ал продукцияны ташып келүүнүн жана пайдалануунун шартын, тара менен таңгактын материалдарын аныктоочу, күбөлөөчү тастыктама.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИТОСАНИТАРДЫК АБАЛ – жердин, токойлордун жана өсүмдүктөрдүн отоо чөптөрүнүн көптүгү жана өсүмдүк илдеттеринин таралышы, өсүмдүк зыянкечтеринин санына байланыштуу аныкталуучу абалы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИТОСАНИТАРДЫК ТАСТЫКТАМА – өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эларалык конвенцияда бекитилген тариз боюнча даярдалган тастыктама, өсүмдүк түркүмүндөгү продукциянын карантиндик абалын жана келген багытын, ал продукцияны ташып келүүнүн жана пайдалануунун шартын, тара менен таңгактын материалдарын аныктоочу, күбөлөөчү тастыктама.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

фишинг (фишиң) - колдонуучунун логини, сырсөзү сыяктуу купуя маалыматтарын уурдоону көздгөн интернет алдамчылыктын бир түрү. Популярдуу бренддердин, банктардын ж.б. кызматтардын атынан массалык түрдө эмейл же социалдык медиалардан жеке кат жөнөтүү аркылуу жүргүзүлөт. Мындай катта көрүнүшү чыныгы вебсайттан айырмаланбаган окшош сайтка шилтеме болот. Же өзүнө керектүү башка сайтка өткөзүп жиберген багыттамасы болот. Колдонуучу жасалма сайтка киргенде, алдамчылар түрдүү психологиялык амалдарды колдонуп анын банк картасына жана эсептерине кирүүгө мүмкүнчүлүк берген логинин (колдонуучунун аты) жана сырсөзүн билип алышат. Фишинг – колдонуучулардын интернет коопсуздукту билбегенинен пайдаланган социалдык инженериянын бир түрү. Банктар же интернет кызматтар эч качан сиздин купуя маалыматтарыңызды сураган кат жөнөтүшпөйт!

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
желек;
государственный флаг мамлекеттик желек;
поднять флаг желек көтөрүү;
остаться за флагом максатына жетпөө, бир жакка жиберилбөө, бир нерсе иштөөгө уруксат ала албоо;
под флагом
1) туунун астында;
2) перен. демиш болуп, аты менен, өзүнүн чыныгы ниетин жашырып;
выкинуть флаг желек орнотуу, желек саюу.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Phoenicopteri) фламинголор; тайыз сууларда жашоочу, узун шыйрактуу куштардын бир түркүмү, булардын 6 түрү белгилүү: фламинго Андский (Phoenicoparus andinus) — Анды фламингосу, ф. Джемса (Ph. jamesi) — Джеймс фламингосу, ф. малый (Phoeniconaias minor) — кидик фламинго, ф. обыкновенный (Phoenicopterus ruber) — кадимки фламинго  ж. у. с.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. воен.
фланг (армиянын турушунда оң жана солжагы; строй, катардын оң жана сол жак учу);
правый фланг оң фланг;
левый фланг сол фланг;
ударить во фланг флангага уруу;
обойти противника с фланга душмандын флангасынан айланып өтүү;
охват флангов флангаларды курчап алуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адамдардын мүнөз-табиятын темпераменттик жакта бөлүштүрүү боюнча ички жан дүйнөсүнүн абалы сыртынан караганда билинбеген, сабырдуу, майда-чүйдө нерселер менен алек болууну жактырбаган, айткандан кайтпаган, кебелбеген, мүнөзү туруктуу адам.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Aulostomoidei) чоортумшук түспөлдүүлөр; тропиктик деңиздерде жашоочу балыктардын бир түркүмчөсү, буларга төмөнкү систематикалык категория кирет: флейторыл крапчатый (Aulostomus maculatus) — чаар чоортумшук, флейторылые (Aulostomidae) — чоортумшук сымалдуулар (тукум), флейторылы (Aulostomus) — чоортумшуктар (уруу).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж. лингв.
1. флексия (сөздүн аягын өзгөртүү аркылуу жаңы форма жасоо жолу);
2. флексия (жөндөлгөндө, жакталганда сөздүн өзгөрүп туруучу аягы);
внутренняя флексия ички флексия (грамматикалык формаларды түзүү учүн сөздүн уңгусундагы тыбыштардын алмашып турушу).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бүткүл мамлекеттин же айрым деңиздин, ири дарыянын бардык согуш же соода кемелеринин жалпы тобу, ири бирикмеси.
2. сог. Согуш-деңиз кемелеринин ири бирикмеси.
Аба флоту — учуучу аппараттардын жалпы тобу, авиация.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. флот (бир нерсеге арналган же бир нерсеге таандык болгон кемелердин жыйындысы);
военно-морскойфлот согуш-деңиз флоту;
морской флот деңиз флоту;
речной флот дарыя флоту;
торговый флот соода флоту;
2. флот (согуш-деңиз кемелеринин ири бирикмеси);
воздушный флот аба флоту (бир мамлекеттин самолётторунун, дирижаблдеринин ж.б. жыйындысы).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. см. флюгер 1;
2. (на шлюпке) желекче (кайыктагы желекче; бул желекче кайыктын кайсы кемеге тиешелүү экендигин билдирет);
3. (на трубе) флюгарка (шамал болгондо түтүндүн чыгышын жеңилдетүү үчүн мордун учуна кийгизиле турган айлангыч темир керней).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (флажок) флюгер (шамалдын багытын көрсөтүүчү мачтада тегеренип туруучу желекче, пластинка);
2. воен. желекче (найзадагы желекче);
3. перен. разг. флюгер, туруксуз (өз пикирин, ишенимин тез-тез өзгөртүп туруучу киши).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
флюс I
м. мед.
(нарыв) флюс (оору тиштин түбүндөгү ириңдеген көңдөй; бул - бетти шишитет).
флюс II
м. тех.
(плавень) флюс (руданы эриткенде, анын эритилишин күчөтүү үчүн катыштырылуучу зат).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОБ, франко-борт (англ. FOB , free on board – «бортто бош» дегендин кыскартылганы) – эларалык соода аталгысы, эларалык соодада товарларды апкелүү шарттарынын бири («Инкотермс 1990» боюнча «F» тобу). «Бортто бош» деген товар жүктөө бекетинде кеменин кырынан өткөндөн тартып сатуучу өзүнүн милдеттенмесин аткарды деп эсептелерин билдирет. Ошол учурдан баштап сатып алуучу баардык чыгымдарды жана тобокелчиликти көтөрөт. ФОБ шарттары боюнча товарды экспорттоо үчүн зарыл жыйымдардан тазалоо милдети сатып алуучуга жүктөлөт. Бул аталгы товарды деңиз же ички суу унаалары менен ташууда гана колдонулат. Товар кеменин борт кырынан өткөн учурдан тартып иш жүзүндө колдонуу маанисине ээ болбосо, м.: контейнерде ташылып келген учурда ФАС аталгысын колдонуу максатка ылайыктуурак болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОБ БААСЫ – товардын экспорттоочунун өлкөсү-нүн чегине жеткирүү боюнча баардык чыгымдарын жана анын өздүк наркын ичине камтыган баасы, алынган салык жеңилдиктерин алып салгандан кийинки экспорттук жыйымдар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОБ, франко-борт (англ. FOB , free on board – «бортто бош» дегендин кыскартылганы) – эларалык соода аталгысы, эларалык соодада товарларды апкелүү шарттарынын бири («Инкотермс 1990» боюнча «F» тобу). «Бортто бош» деген товар жүктөө бекетинде кеменин кырынан өткөндөн тартып сатуучу өзүнүн милдеттенмесин аткарды деп эсептелерин билдирет. Ошол учурдан баштап сатып алуучу баардык чыгымдарды жана тобокелчиликти көтөрөт. ФОБ шарттары боюнча товарды экспорттоо үчүн зарыл жыйымдардан тазалоо милдети сатып алуучуга жүктөлөт. Бул аталгы товарды деңиз же ички суу унаалары менен ташууда гана колдонулат. Товар кеменин борт кырынан өткөн учурдан тартып иш жүзүндө колдонуу маанисине ээ болбосо, м.: контейнерде ташылып келген учурда ФАС аталгысын колдонуу максатка ылайыктуурак болот.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Театрдын, клубдун ж. б. антракт убагында же оюн башталардын алдында оюн көрүүчүлөр басып жүрүүгө, эс алууга ылайыкталган залы. Клубдун чакан фойесинде, кулактандыруунун жанында, кооз кийинген жаштар (Абдумомунов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кыймылдын шамдагайлыгына, тездигине же кандайдыр бир амалдуулукка негизденген ыкма боюнча кандайдыр бир нерсенин көзгө алданма, жалган элесте көрүнүшү. Чын Де-ли анын көңүлүн алагды кылгысы келди. Фокусун жасап кирди (Байтемиров).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
фокус I
м.
1. физ. фокус (томпок же кабырыңкы айнек аркылуу өтүп чагылган же сынган шоолалардын кесип өткөн точкасы);
2. фото фокус (сүрөткө тартылган предмет, сүрөттө даана көрүнүүчү точка);
3. мед. фокус (организмдеги оору процессинин очогу);
4. перен. (средоточие, центр) борбор;
фокус землетрясения жер титирөөнүн борбору.
фокус II
м.
1. (ловкий приём, трюк) фокус (айлалуу, амалдуу, укмуштуу, таң калтыруучу амалдар);
показывать фокусы фокустарды көрсөтүү;
2. перен. разг. (хитрость, уловка) кылык-жорук, куулук, амал.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыймылдын шамдагайлыгына, тездигине же кандайдыр бир амалдуулукка негизденген ыкма боюнча кандайдыр бир нерсенин көзгө алданма, жалган элесте көрүнүшү. Чын Дели анын көңүлүн алагды кылгысы келди. Фокусун жасап кирди (Байтемиров).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
фон I
м.
1. фон (үстүнө картина тартыла турган негизги түс жана да сүрөттүн, картинанын арткы планы);
на голубом фоне неба асмандын көгүлдүр фонунда;
2. перен. (обстановка, среда) айлана, чөйрө.
фон II
м. эл., радио
фон (телефон трубкасындагы, радиоаппараттагы, репродуктордогу чуулдаган, дырылдаган, тарсылдаган жат тыбыш).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Anomalopidae) чыраккөздөр; тропиктердеги деңиздерде жашоочу балыктардын бир тукуму, булардын кыйла түрү белгилүү: фонареглаз большой (Anomalops katoptron) — ири чыраккөз, ф. малый (Photoblepharon palpebratus) — кидик чыраккөз, ф. ямайский (Kryptophaneron alfredi) — Ямайка чыраккөзу  ж. у. с.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. фонарь (панар);
уличный фонарь көчө фонары;
ручной фонарь кол фонары;
2. архит. (стеклянный просвет в крыше) фонарь (жарык болуп туруу үчүн үйдүн төбөсүнө коюлган айнек);
3. архит. (остеклённый выступ) фонарь (бир нерсенин айнектелип, уруюп тышка чыгып турган жери);
4. разг. (синяк под глазом) көздүн алдындагы көк ала;
поставить фонарь көздүн алдын көгөртө коюу;
волшебный фонарь см. волшебный.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Ар кандай максаттар, керектөөлөр үчүн ыйгарылган акча же башка материалдык каражаттар. Кызмат акы фондусу. Колхоздун бөлүнбөс фондусу.
2. Белгилүү бир нерсенин акча же башка материалдык ресурстардан турган запасы. Колхоздун үрөн фондусу. Тоют фондусу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (денежные средства) фонд (акча каражаттары);
фонд социалистического накопления социалисттик накоплениенин фондусу;
фонд зарплаты кызмат акы фондусу;
неделимый фонд колхоза колхоздун бөлүнбөс фондусу;
золотой фонд алтын фондусу
1) алтын акча запасы;
2) перен. бир нерсенин эң кымбатуу бөлүгү);
2. (запасы) фонд (запастар);
семенной фонд колхоза колхоздун үрөн фондусу;
зернофуражный фонд колхоза колхоздун жем-чөп фондусу;
жилой фонд турак үй фондусу;
основной словарный фонд лингв. негизги сөздүк фонд;
3. фонды мн. эк. (ценные бумаги) фонддор (белгилүү бир доход келтирүүчү баалуу кагаздар);
4. фонды мн. эк. (накопления, отчисления) фонддор (белгилүү максат үчүн жасалган накоплениелер, отчислениелер);
5. фонды мн. перен. разг. (шансы) фонддор (ийгиликке алып баруучу мүмкүндүктөр);
его фонды упали анын фонддору төмөн түштү (анын абийри, бедели, ийгиликке алып бара турган шарттары кемиди).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОНД – КР жарандык мыйзамдары боюнча, мүчөлүккө ээ эмес, жарандар жана/же юридикалык жактар тарабынан өз ыктыярдуу мүлктүк пайлардын негизин-де уюштурулган, социалдык, кайрымдуулук, маданий, агартуу жана башка коомдук пайдалуу максаттардагы коммерциялык эмес уюм. Анын уюштуруучулары Ф-го өткөрүп беришкен мүлкү Ф-дун менчиги болуп саналат. Уюштуруучулар өздөрү уюштурушкан Ф-дун милдеттенмелери боюнча, ал Ф. өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Ф. мүлктү анын уставында аныкталган максаттар үчүн пайдаланат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОНД – КР жарандык мыйзамдары боюнча, мүчөлүккө ээ эмес, жарандар жана/же юридикалык жактар тарабынан өз ыктыярдуу мүлктүк пайлардын негизин-де уюштурулган, социалдык, кайрымдуулук, маданий, агартуу жана башка коомдук пайдалуу максаттардагы коммерциялык эмес уюм. Анын уюштуруучулары Ф-го өткөрүп беришкен мүлкү Ф-дун менчиги болуп саналат. Уюштуруучулар өздөрү уюштурушкан Ф-дун милдеттенмелери боюнча, ал Ф. өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Ф. мүлктү анын уставында аныкталган максаттар үчүн пайдаланат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ар кандай максаттар, керектөөлөр үчүн ыйгарылган акча же башка материалдык каражаттар. Кызмат акы фондусу. 2. Белгилүү бир нерсенин акча же башка материалдык ресурстардан турган запасы. Үрөн фондусу. Тоют фондусу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОНДДОР (фр. fond , лат. fondus – негиздеме) – 1) ре-сурстар, корлор (м.: туракжай фонду, жер фонду, үрөн фонду); 2) ишкана пайдалануучу материалдык жана акча каражаттары, м.: негизги өндүрүштүк, жүгүртүм фонду, айлык акы фонду; 3) түзүүнүн жана пайдалануунун белгилүү тартибине ээ каражаттардын булагы (м.: уставдык фонд, кампалык фонд); 4) туруктуу киреше берүүчү баалуу кагаздар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОНДУЛУК БИРЖА – бул ишмердикти депозитардык жана өзара милдеттенмелерди аныктоо боюнча (клирингдик ишмердик) ишмердиктен башка эч кандай ишмердик менен алмаштырбаган баалуу кагаздар базарындагы соода-сатыктардын уюштуруучусу. КР Ф. б. коммерциялык эмес уюм болуп саналат жана биржа мүчөлөрүнүн ортосунда гана соодаларды уюштурат. Баалуу кагаздар базарынын катышуучулары биржада анын мүчөлөрүнүн ортомчулугу менен гана аткарымдарды жүргүзүшөт.

ӨЗАРА КРЕДИТТӨӨ ФОНДДОРУ – коммерциялык эмес уюмдар; туракжай үйлөрүн курууга жана оң-доого, чарбалык курулуштарды жүргүзүүгө, бакчалык, огороддук жана дача жер участокторун көрктөндүрүүгө кредиттерди берет. Кредиттер фонддун уюштуруучуларына гана берилет. Ө. к. ф-ру өз ишмердиктерин уюштуруучулары бекиткен Уставынын негизинде ишке ашырышат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПРОКАТТОО ФОНДДОРУ – коммерциялык эмес уюмдар, бакчачылар, огородчулар жана дачачылар тарабынан уюштуруучуларды турак үйлөрдү, чарба курулуштарын жана жайларын курууда жана оңдоодо, бакча, огород жана дача жер участокторун көрктөндүрүү-дө жана иштетүүдө колдонулуучу заманбап өндүрүш каражаттары менен камсыз кылуу максаттарында түзүлөт. П. ф. өз ишмердиктерин уставдын негизинде ишке ашырышат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОНОГРАММА ЖАСООЧУ – кандайдыр бир чыгарманын биринчи үн жазуу жоопкерчилиги менен демилгесин өзүнө алган жеке же юридикалык жак. Мындайда ал жак аны өзү даярдоосу же даярдоого тапшырык берүүсү жана төлөп берүүсү тийиш.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сууну күчтүү басым менен жогору карай оргутуп, атырылтып туруу үчүн атайын курулган жай. Муздак фонтан атырылып жыбырап, Салкын бактар жибек желге кыбырап (Аалы). Фонтан кайрадан оргуштай баштады («Ала-Тоо»).
2. өт. Бир нерсенин көп, мол болуп токтобостон чыгып турган, агып жаткан көрүнүшү, молдук.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. фонтан (оргума; бир тешиктен оргуп, атырылып чыккан суюктук);
нефтяной фонтан нефть фонтаны;
бить фонтаном фонтан болуп оргуу, фонтан болуп атырылуу;
2. перен. фонтан (бир нерсенин көп, мол болуп, токтобостон чыгып турушу, көрүнүшү);
фонтан красноречия чечендиктин фонтаны.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сууну күчтүү басым менен жогору карай оргутуп, атырылтып туруу үчүн атайын курулган жай. Муздак фонтан атырылып жыбырап, Салкын бактар жибек желге кыбырап (Аалы). 2. өт. Бир нерсенин көп, мол болуп токтобостон чыгып турган оргуп көрүнүшү, молдук.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Форвардная сделка (Forward dealing) —Нестандартизированная сделка с товарами, ценными бумагами, валютой, предусматривающая их поставку в будущем по цене, согласованной во время заключения форвардного контракта вне биржи.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОРВАРДДЫК БҮТҮМДӨР – айкын товарга (анын ичинде, баалуу кагаздар, валюталар) карата аны алып келип берүү мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен укуктарды жана милдеттенмелерди өзара өткөрүп беришүүгө байланышкан биржалык келишим. Ф. б. фьючерстик келишимдерден 2 жагдай менен айырмаланышат: базардын 2 катышуучусунун ортосунда түзүлөт жана тараптардын каалоолоруна жооп берүүчү шарттарды өзүнө камтыйт, ал эми биржаларда (фондулук, валюталык) түзүлгөн фьючерстик келишимдердин шарттары алдынала аныкталган жана стандартташтырылган болот; Ф. б. боюнча келишим ээсинин кирешелери же чыгымдары анын мөөнөтү бүткөн учурда аныкталат; фьючерстик келишимдер боюнча эсептөөлөр күн сайын өткөн соодалардын жыйынтыктарына жараша жүргүзүлөт.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Форвард бүтүмү (Forward dealing) —Биржадан тышкары форварддык контракт түзүүучурунда макулдашылган баа боюнча келечекте алардын берилишин караган товарлар, баалуу кагаздар, валюталар менен стандартка салынбаган бүтүмдөр.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОРВАРДДЫК БҮТҮМДӨР – айкын товарга (анын ичинде, баалуу кагаздар, валюталар) карата аны алып келип берүү мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен укуктарды жана милдеттенмелерди өзара өткөрүп беришүүгө байланышкан биржалык келишим. Ф. б. фьючерстик келишимдерден 2 жагдай менен айырмаланышат: базардын 2 катышуучусунун ортосунда түзүлөт жана тараптардын каалоолоруна жооп берүүчү шарттарды өзүнө камтыйт, ал эми биржаларда (фондулук, валюталык) түзүлгөн фьючерстик келишимдердин шарттары алдынала аныкталган жана стандартташтырылган болот; Ф. б. боюнча келишим ээсинин кирешелери же чыгымдары анын мөөнөтү бүткөн учурда аныкталат; фьючерстик келишимдер боюнча эсептөөлөр күн сайын өткөн соодалардын жыйынтыктарына жараша жүргүзүлөт.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
жилингирлер; сомбалыктар тукумуна кирүүчү балыктардын, түзсүз сууда жашоочу тобунун жалпы аты: форель алайская — Алай жилингири, ф. Иссык-Кульская (Salmo issickulensis) — Ысык-Көл жилингири, ф. обыкновенная (S. trutta morpha fario) — кадимки жилингир, ф. озерная (S. trutta morpha lacustris) — кол жилингири, ф. радужная (S. irideus) — кубулжуган жилингир, ф. ручьевая — к. ф. обыкновенная, форель севанская — к. Ишхан.

Киргизско-русский словарь Юдахина
в разн. знач. форма;
шар формасында в форме шара;
башкаруу формасы форма правления;
чарбанын формасы форма хозяйства;
ырдын формасы форма стиха;
форма менен мазмундун диалектикалык бирдиги диалектическое единство формы и содержания.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Тышкы көрүнүш, түр, кебете. Шар формасында жасалган түзүлүш. Квадрат формасындагы аянт. Формасы менен салынган сегиз бөлмөлүү үйү бар (Жантөшев).
2. Белгилүү бир нерсенин, иштин мазмунуна ылайыкталган, ага шартташылган принцип, тип, түзүлүш, жалпы көрүнүш. Башкаруунун формалары. Тарбиялык иштерди жүргүзүүнүн формалары.
3. Аскер кызматчылары, мекеме кызматчылары, окуучулар ж. б. кийүүчү бардыгына жалпы, бирдиктүү үлгүдө тигилген окшош кийим. Шахтёрлор формасын кийип, ордендерин тагынган бойдоң олтурушат (Сасыкбаев). Офицердик форма. Окуучулардын формасы.
4. тех. Калып. Деталь формаларын жасоочу станоктор катуу түрсүлдөп иштөөдө (Сасыкбаев).
5. канц. Бланканын, ар кандай иш кагаздарынын, толтурула турган документтердин ж. б. белгиленген үлгүсү. Бюллетендин формасы. Справканын формасы.
6. лингв. Грамматикалык категорияларды жана сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштарын уюштурган тилдик каражаттар. Этиштин мамиле формалары. Илик жөндөмөсүнүн формасы. Зат атоочтун таандык формалары.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (внешний вид) форма (тышкы көрүнүш, түр, кебете);
иметь форму шара шар формасында болуу;
придать форму формага келтирүү;
2. (устройство, строение, структура) форма (түзүлүшү, курулушу, белгилүү тартип);
диалектическое единство формы и содержания форма менен мазмундун диалектикалык бирдиги;
форма хозяйства чарбанын формасы;
форма правления башкаруу формасы;
форма организации труда эмгекти уюштуруу формасы;
3. (однотипная одежда) форма (аскер кызматчылары же мекеме кызматчылары жана окуучулар милдеттүү түрдө кийүүчү кийимдин түрү);
военная форма аскердик форма;
парадная форма парад формасы;
4. тех. калып;
форма для отливки куйманын калыбы;
5. канц. форма (бир нерсенин белгиленген үлгүсү);
сведения по форме № 3 № 3 форма боюнча берилген (берилүүчү) маалымат;
6. полигр. форма (тапографиялык набор ичине коюлуп бекитиле турган рама);
печатная форма печать формасы, печаттык форма;
две формы уже отпечатаны эки форма басылып бүттү;
7. перен. (видимость, формальность) форма (сырткы көрүнүшү үчүн гана, кайдигер иштелген нерсе; формалдуулук);
не следует делать что-либо только ради формы бир нерсени форма үчүн гана иштебөө керек;
8. формы мн. разг. (очертания фигуры) формалар (фигуранын сөлөкөтү, карааны);
изящные формы көркөм формалар;
9. формы мн. грам. формалар (грамматикалык категорияларды жана речтеги сөздөрдүн жана сүйлөмдөрдүн бири-бири менен байланышын берүүнүн жолу);
формы слова сөздүн формалары;
формы словоизменения сөздүн өзгөрүшүнүн формалары;
быть в форме өзүнүн бардык күчүн, жөндөмдүүлүгүн, билгенин көрсөтүүгө даяр абалда болуу;
шахматист сегодня не в форме шахматист бүгүн өзүнүн бардык күчүн, жөндөмдүүлүгүн, билимин көрсөткүдөй абалда эмес.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тышкы көрүнүш, түр, кебете. Шар формасында жасалган түзүлүш. Квадрат формасындагы аянт. Формасы менен салынган сегиз бөлмөлүү үйү бар (Жантөшев). 2. Белгилүү бир нерсенин, иштин мазмунуна ылайыкталган, ага шартташылган принцип, тип, түзүлүш, жалпы көрүнүш. Башкаруунун формалары. Тарбиялык иштерди жүргүзүүнүн формалары. 3. Аскер кызматчылары, мекеме кызматчылары, окуучулар ж. б. кийүүчү бардыгына жалпы, бирдиктүү үлгүдө тигилген окшош кийим. Шахтёрлор формасын кийип, ордендерин тагынган бойдон олтурушат (Сасыкбаев). Офицердик форма. Окуучулардын формасы. 4. тех. Калып. Деталь формаларын жасоочу станоктор катуу түрсүлдөп иштөөдө (Сасыкбаев). 5. канц. Бланканын, ар кандай иш кагаздарынын, толтурула турган документтердин ж. б. белгиленген үлгүсү. Бюллетендин формасы. Справканын формасы. 6. лингв. Грамматикалык категорияларды жана сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштарын уюштурган тилдик каражаттар. Этиштин мамиле формалары, Илик жөндөмөсүнүн формасы. Зат атоочтун таандык формалары. 7. Көркөм чыгарманын мазмунун жаратуунун ыгы катары колдонулган көркөм каражат, ыкмалардын системасы, о.э. чыгарманын жанрдык, тектик түрү. Форма менен мазмундун биримдиги. Баяндоо формасы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТ ТАРИЗИ – конституциялык укуктун теориясында мамлекеттик жогорку бийлик органдарын, бийликтин аймактык түзүлүштөрүн жана аны ишке ашыруунун усулдарын уюштуруу ыкмасы. М. т. төмөнкү 3 элементтен: башкаруу таризи , мамлекеттик түзүлүштүн таризи жана саясий бийлик болуп түзүлөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШТҮН ТАРИЗИ – конституциялык укук теориясында союз түзүүчү мамлекеттердин же мамлекеттин аймактык уюштуруу ыкмасы. Үч М. т. т. айырмаланат: федеративдик (биримдик), конфедеративдик (кошунду) жана унитардык (бирөңчөй) мамлекет. Калкынын курамы көп улуттуу өлкөлөргө карата кээде «улуттук-мамлекеттик түзүлүш таризи» деген түшүнүк колдонулат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Иштин мазмунуна, маңызына залал келтирүү менен, анын сырткы түрүн, формасын гана сактагандык, формалдык жагына гана өткөрө көңүл бургандык. Жетекчилик иштердеги формализмге каршы күрөшүү.
2. Чыгарманын форма жагына гана өткөрө баа берип, аны чыгармачылыктагы идеялык мазмундан толук түрдө ажыратып караган адабияттагы, искусстводогу, адабият таануу илиминдеги ж. б. идеалисттик багыт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
формализм (1. филос. идеалисттик философияда - теорияны практикадан ажыратуунун негизинде форманы мазмундан ажыратуу; 2. иск. искусстводогу, адабияттагы жана башкалардагы реакциячыл, идеалисттик багыт - чыгармачылыктын идеялык мазмунун, анын формасынан ажыратып, формага гана маани берүүчү, формага гана көңүл буруучу реакциячыл багыт; 3. сырткы формасына карап отуруп, ички мазмунуна зыян келтирүүчүлүк; формалдуу мамиле).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Иштин мазмунуна, маңызына залал келтирүү менен, анын сырткы түрүн, формасын гана сактагандык, формалдык жагына гана өткөрө көңүл бургандык. Жетекчилик иштердеги формализмге каршы күрөшүү. 2. Чыгарманын форма жагына гана өткөрө баа берип, аны чыгармачылыктагы идеялык мазмундан толук түрдө ажыратып караган адабияттагы, искусстводогу, адабият таануу илиминдеги ж. б. идеалисттик багыт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
формальность, формалчылык (форма жагы, бир ишти аткарууда керектүү болгон сырткы шарттарды орундоо, мис. почтадан акча алгандар паспортту көрсөтүп, номерин жазып, кол коюу ж.б.);
соблюдать все формальности бардык формальностуну сактоо;
пустая формальность курулай формальность;
придерживаться формальностей формальносттукту колдонуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. форма 9-го т.;
формальный анализ стихотворения ырды форма жагынан анализдөө;
2. (основанный на принципах формализма) формалдык (формализмдин принциптерине негизделген);
формальная логика формалдык логика;
3. (согласно закону) законго ылайык, закон боюнча;
формальный развод законго ылайык ажырашуу (эр менен аялдын законго ылайык ажырашуусу);
4. (существующий только по видимости) формалдуу (тышкы көрүнүшү үчүн гана жашаган);
формальные права формалдуу укуктар;
5. (об отношении и т.п.) формалдуу, кайдигер (мамиле жөнүндө);
формальное отношение к делу ишке формалдуу мамиле кылуу (ишке үстүртөн мамиле кылуу).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКАРУУ ТАРИЗИ – анын шарттуу булактары менен мүнөздөлгөн бийликти уюштуруу таризи; түзүмү жана жогорку органдарынын абалы (мамлекет, парламент, өкмөт башчысы), ошондой эле алардын өзара мамилелеринин белгиленген тартиби. Мамлекет башчысынын укуктук статусу Б. т. негизги аныктоочу белгиси болуп саналат (республикада – шайлануучу жана алмашуучу, монархиялык мамлекетте – мурасталуучу). Заманбап мамлекеттерге эки түрдүү: республикалык жана жеке бийлик Б. т. мүнөздүү.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бир нерсенин өнүгүшүндөгү белгилүү баскыч; өнүгүүнүн ошол баскычына туура келген түзүлүш. Социализм жана коммунизм коммунисттик коомдук-экономикалык формациянын эки баскычын түзөт («Коммунист»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. формация (коомдун өрчүшүндөгү белгилүү бир баскыч жана өрчүштүн ушул баскычына туура келүүчү структура);
общественно-экономическая формация коомдук-экономикалык формация;
социалистическая формация социалисттик формация;
2. перен. формация (көз караштардын системасы; мүнөздүү өзгөчөлүктөр жыйындысы);
люди новой формации жаңы формациянын кишилери, жаңы формациялык кишилер;
3. геол. формация (бир доорго жатуучу геологиялык катмарлардын жыйындысы).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. форма 3-кө т.; формалуу;
форменная одежда форма кийим, формалуу кийим;
2. перен., разг. (сущий) барып турган, анык, таптакыр;
он форменный плут ал анык митаам, ал барып турган митаам.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. түзүү, түзүлүү, куруу, курулуу;
формирование нового мировоззрения жаңы көз караштын түзүлүшү;
2. воен. формирование (жаңыдан уюштурулган войсколук бөлүк);
войсковые формирования войсколук формированиелер.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Математикалык чоңдуктардын шарттуу белгилер (тамгалар, сандар, атайын алынган башка белгилер) аркылуу көрсөтүлгөн туюнтмасы.
2. Химиялык заттардын составынын, химиялык процесстердин тамгалар жана башка белгилер аркылуу көрсөтүлгөн шарттуу туюнтмасы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (краткое определение) формула (кыска жаңа так түрдө айтылган ар бир корутунду);
2. мат. формула (шарттуу белгилер менен берилген математикалык чоңдуктардын жыйындысы);
алгебраическая формула алгебралык формула;
3. хим. формула (татаал химиялык заттардын жана химиялык процесстердин арип аркылуу берилген шарттуу туюнтмасы);
формула кислорода кислороддун формуласы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Математикалык чоңдуктардын шарттуу белгилер (тамгалар, сандар, атайын алынган башка белгилер) аркылуу көрсөтүлгөн туюнтмасы. 2. Химиялык заттардын составынын, химиялык процесстердин тамгалар жана башка белгилер аркылуу көрсөтүлгөн шарттуу туюнтмасы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОЙЛОП ТАБУУ ФОРМУЛАСЫ – патенттик укукта белгиленген ченемдик документтердеги эрежелер боюнча ойлоп табуунун техникалык маани-маңызын, анын көлөмүн аныктоочу сөз түрүндөгү кыскача мүнөздөмө. О. т. ф. бир баскычтуу жана көп баскычтуу болуусу жана ошого жараша 1 же бирканча пунктту өзүнө камтуусу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОРМУЛЯР (лат. formula – тариз, эреже) – 1) китепкананын каттоо карточкасы; 2) соода чөйрөсүндө мурдатан иштелип чыгылган жана контрагентке колкоюуга берилүүчү типтүү келишим. Контрагенттин сунушталган шарттарды өзгөртүүгө, а түгүл талкуулоого мүмкүн-чүлүгү жок. КР мыйзамдарында кошулуу келишими деп аталат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОРМУЛЯР (лат. formula – тариз, эреже) – 1) китепкананын каттоо карточкасы; 2) соода чөйрөсүндө мурдатан иштелип чыгылган жана контрагентке колкоюуга берилүүчү типтүү келишим. Контрагенттин сунушталган шарттарды өзгөртүүгө, а түгүл талкуулоого мүмкүн-чүлүгү жок. КР мыйзамдарында кошулуу келишими деп аталат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОРМУЛЯРДЫК ЖҮРҮМ (лат. aktiones per formulas ) – рим юстициясындагы жеке дооарыз боюнча сот өндүрүшүнүн экинчи бир түрү. А. ж-нүн маани-маңызы талаш-тартыштын юридикалык предметин доо коюучу тарап эмес, а претор түзгөндүгүндө жатат. Доочу жана жоопкер магистрдин алдында ишти каалагандай сөздөр менен түшүндүрүшкөн. Претор талаш-тартыштын юридикалык маңызын түшүндүргөн жана аны сотко даректеген атайын кыскача катта – formula баяндаган. Формулалар – типтүү болгон.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОРМУЛЯРДЫК ЖҮРҮМ (лат. aktiones per formulas ) – рим юстициясындагы жеке дооарыз боюнча сот өндүрүшүнүн экинчи бир түрү. А. ж-нүн маани-маңызы талаш-тартыштын юридикалык предметин доо коюучу тарап эмес, а претор түзгөндүгүндө жатат. Доочу жана жоопкер магистрдин алдында ишти каалагандай сөздөр менен түшүндүрүшкөн. Претор талаш-тартыштын юридикалык маңызын түшүндүргөн жана аны сотко даректеген атайын кыскача катта – formula баяндаган. Формулалар – типтүү болгон.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. и несов. что
1. (ускорить) ыкчамдатуу, тездетүү;
форсировать строительство курулушту тездетүү;
2. воен. (преодолеть с боем преграду) согушуп, кармашып басып өтүү (мис. суудан, ашуудан);
форсировать линию обороны противника душмандын коргонуу линиясын согушуп басып өтүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АРГАСЫЗ ЖАГДАЙ (ФОРС-МАЖОР) (фр. force majeure ) – жарандык укукта өзгөчө жагдайлардын жана болбой койбос шарттардын пайда болуусу, анын натыйжасы келишимдеги шарттардын аткарылбай калышы болуп саналат. А. ж-дын натыйжасында келишимдин бир тарабы эрксизден экинчи тарапка чыгаша тарттыруучу болуп калат. А. ж-дын жалпы жонунан багынбас күчкө юридикалык А. ж-ды да бөлүүгө болот. Баардык жарандык-укуктук тутумдарда жеңилбес күч жоопкерчиликтен бошотуучу жагдай болуп саналат. Юридикалык А. ж-га мамлекеттик жогорку органдардын чечимдери (импортко же экспортко тыюу салуу, валюталык чек-төөлөр, ж. б.), ишташтоо, согуштар, ыңкылап ж. б. кирет. Мааниси боюнча коммерциялык тобокелчилик болгон шарттар, м.: базардын конъюктуралык ыңгайсыздыктарына байланышкан кыйынчылыктар, баалардын өзгөрүшү ж. б. аргасыз жагдайлар катары таанылбайт. Юридикалык А. ж. түшүнүгү так аныктамага ээ эмес. Эреже катары, күтүлбөгөн жагдайларды жана алардын укуктук натыйжаларын келишимдик тартипте контрагенттер белгилешет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж. тех.
форсунка (ичинен күймө буу казандарынын мешине, кыймылдаткычтардын жана башкалардын цилиндрлерине суюк отунду же порошок түрүндөгү майда отунду бүркүү үчүн колдонулуучу прибор).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. фортификация (согуш жүргүзүү үчүн согуш майдан жерин чыңдоо жөнүндөгү согуштук-инженердик илим);
долговременная фортификация узак убакытка эсептелген фортификация, узак мезгилдүү фортификация;
2. (военно-инженерные сооружения) фортификация (согуштук иште колдонулуучу чептер жана согуштук-инженердик жумуштар).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Байыркы Рим мифологиясындагы кокустук иштердин колдоочу кудайы (анын элесин көзү таңылган. Канаты бар, шар же дөңгөлөкчөнү минип алган абалда сүрөттөшкөн). 2. Кокустан тушуккан бакыт, таалай, капыс пайда, тагдыр.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Байыркы Римде шаардын коомдук чогулуулары өткөрүлүүчү аянт. 2. Өзгөчө мүнөздө, кеңири мааниде болгон чогулуш. Жаштардын эл аралык форуму. Тил жана адабият институту «Ч. Айтматов жана жаштар» форумун өткөрүштү.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Форфейтинг (Forfaiting) —Форма кредитования экспортеров, продавцов при продаже товаров, применяемая чаще всего во внешнеторговых операциях. Банк (форфейтор) выкупает у экспортера (продавца) денежное обязательство импортера (покупателя) оплатить купленный им товар сразу же после поставки товара и сам производит досрочную, полную или частичную оплату стоимости товара экспортеру. В последующем, денежные средства банку-форфейтору в оплату товара перечисляет, уплачивает импортер, покупатель, уведомленный, что оплату за него произвел форфейтор. За досрочную оплату банк-форфейтор взимает с экспортера проценты. Операция форфейтинга аналогична операции факторинга.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Форфейтинг (Forfaiting) —Товарларды сатууда экспортточуларды, сатуучуларды кредиттөө формасы, бул көбүнчө тышкы соода операцияларында колдонулат. Банк (форфейтер) экспортточудан (сатуучудан) импорттоочунун ал тарабынан сатылып алынган товар жеткирилип берилгенден кийин дароо төлөө боюнча акчалай милдеттенмесин сатып алат жана экспортоочуга товардын наркын мөөнөтүнөн мурда, толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөнү өзү жүзөгө ашырат. Кийинчерээк банкка-форфейтерге товарга төлөөгөакча каражаттарын, төлөөнү ал үчүн форфейтор жүзөгө ашыргандыгынан кабардар болгон импортточу, сатып алуучу чегерет, төлөйт. Банк-форфейтер мөөнөтүнөн мурда төлөгөндүгү үчүн экспорттоочудан пайыздарда алат. Форфейтердин операциялары факторинг операцияларына окшош.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОРФЕЙТИНГ (англ. forfeiting ) – кредитке сатуудагы аткарым. Банк (форфейтор) экспорттоочуга товардын наркын токтоосуз төлөп берүүнү камсыз кылуу менен товар алынып келинип берилери менен импорттоочунун векселдерин (тратталарын) экспорттук жана форфейтордук кредиттердин ортосундагы айырманы чыгарып салуу менен сатып алат. Адатта, форфейтордун комиссиясы 1-1,5 пайызга жакынды түзөт. Форфейтор импорттоочудан банктык кепилдикти талап кылат же кошумча төлөөлөр үчүн тобокелчиликти өзүнө алат. Ф. экспроттоочуну иш жүзүндө баардык валюталык тобокелчиликтерден коргойт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФОРФЕЙТИНГ (англ. forfeiting ) – кредитке сатуудагы аткарым. Банк (форфейтор) экспорттоочуга товардын наркын токтоосуз төлөп берүүнү камсыз кылуу менен товар алынып келинип берилери менен импорттоочунун векселдерин (тратталарын) экспорттук жана форфейтордук кредиттердин ортосундагы айырманы чыгарып салуу менен сатып алат. Адатта, форфейтордун комиссиясы 1-1,5 пайызга жакынды түзөт. Форфейтор импорттоочудан банктык кепилдикти талап кылат же кошумча төлөөлөр үчүн тобокелчиликти өзүнө алат. Ф. экспроттоочуну иш жүзүндө баардык валюталык тобокелчиликтерден коргойт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
фосфат (1. хим. техникада, медицинада колдонулуучу жана жер семирткичтин бир бөлүмү болуп колдонулуучу фосфор кислотасынын тузу; 2. мин. фосфор кислотасы бар минерал; бул - жер семирткич катарында колдонулат).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
кээ бир минералдарда, жаныбарлардын сөөктөрүндө тез жалындоочу, караңгыда жарык болуп туруучу касиетке ээ, медицинада, өндүрүштө, айыл чарбасында кеңири пайдаланылуучу химиялык элемент. Ак фосфор. Кызыл фосфор.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж. физ.
фосфоресценция (жарык кылганда жалтыроо, жаркыроо жана жарык өчкөндөн кийин деле жаркырап туруу; кээ бир заттардын караңгыда өзүнөн өзү жаркырап туруу касиети; мындай жаркыроочу касиет, мис: күкүрттүү кальций, барий, стронцийдин кошундуларында бар).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (занятие) фотография (сүрөткө түшүрүү кесиби);
увлекаться фотографией фотография ишине берилүү, фотография ишинин артынан түшүү;
2. (снимок) сүрөт, фотография;
удачная фотография жакшы чыккан сүрөт, көңүлдөгүдөй түшүрүлгөн сүрөт;
3. (учреждение) фотография (сүрөткө түшүрүүчү жай);
сняться в фотографии фотографияда сүрөткө түшүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
сүр. Көркөм графикада негизинен плакатта колдонулган, фотоматериалды толуктап, бириктирип турган сүрөт каражаттары жана фотоаппарат менен тартылган сүрөттөрдүн айкалышынан турган графикалык техниканын бир түрү.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(физиол.) фототаксис; жөнөкөй организмдин денесинин бир жагына таасир тийгизген жарыкка анын кыймыл менен кайтарган жообу. Мунун эки түрү белгилүү: ф. отрицательный (физиол.) — терс фототаксис, жөнөкөй организм таасир тийгизген жарыктан оолактап качышы; ф. положительный (физиол.) — оң фототаксис; жөнөкөй организм таасир тийгизген жарыкка жакындап, ээрчиши.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (отрывок текста) фрагмент (адабият чыгарманын бир үзүндүсү);
фрагменты из романа "Война и мир" "Согуш жана тынчтык" романынан фрагмент;
2. иск. (обломок произведения искусства) фрагмент (архитектурадан, скульптурадан ж.б. сакталып калган бир сынык);
фрагменты старинной вазы байыркы вазанын сыныктары.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. фраза, сүйлөм (ойду сөз менен билдирүү);
длинная фраза узун сүйлөм, узун фраза;
2. перен. фраза, кургак сөз, маңызы жок сөз (жалган же жарды, маанисин жаап-жашырган, мааниси жок сөздөрдүн курулай эле тизмеги);
избитые фразы айтыла жүргөн, тантык болгон сөз;
пустая фраза кургак сөз, маңызы жок сөз;
3. муз. фраза (бир нече күүдөн бириктирилип түзүлгөн музыкалык чыгарма, мелодия).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
линг. Пикир алышууда жеке, айрым сөздөр сыяктуу эле бир бүтүн бирдик катары колдонулуп, белгилүү бир түшүнүктүү билдирүү, белгилөө милдетин аткарып, экспрессивдүү, эмоционалдуу касиетке ээ болгон тилдик каражат. Котур ташы койнунда, биттин ичегисине кан куюу, оозу менен орок оруу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Маанисинде анча так эмес, күңүрт болсо да жалпы маанинин курамындагы айрым сөздөрдүн семантикасы менен байланышы бардай сезилген сөз тизмеги. Ооздугу жок аттай, кабыргасы менен кеңешүү, кулак кагыш кылуу, оозу батпоо.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Саясий партиянын жалпы линиясына макул болбогон, жактабаган, андан өзгөчөлөнгөн көз карашта болуп, партияга каршы күрөшкөн, бирок анын катарында болгон өзүнчө топ, партиядагы негизги массадан өзүнчө бөлүнүп алган группировка.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж. полит.
фракция (бир партиянын парламенттеги, коомдук уюмдагы мүчөлөрүнүн тобу же буржуазиялык партиянын ичинен өзүнчө бөлүнүп чыккан группировка);
парламентская фракция парламенттик фракция.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ПАРЛАМЕНТ ФРАКЦИЯСЫ (ЖААТЫ) (депутаттык) – мыйзам чыгаруу жыйынында шайлоо бирикмелеринин негизинде түзүлүп, бир мандаттуу шайлоо аймагы боюнча КР ЖКга шайланган жана ал депутаттык бирикменин ишине катышууну каалаган депутаттар курамынан турган КРдеги депутаттык бирикме.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ком.
франко- ("жиберүүчү товарды жүктөө жана алуучуга жеткирүү расходу жөнөтүүчүнүн эсебинен" деген маанини билдирүүчү соода термини);
цена товара франко-вагон товардын баасы франко-вагон.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИРЕ ЖАЛДООЧУ – жетим бекетине чейин деңиз аркылуу өз жүгүн ташууга берген кире жалдоо келишиминин бир тарабы. К. ж. өзара шартташылган жүктү өз маалында берилүүсүн камсыз кылып, шартташылган киреакысын төлөөгө милдеттүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КИРЕ ЭЭСИ – бүтүндөй кемени же анын бир бөлүгүн же белгилүү бир кеме жайын берүү шарты менен, сыйакы үчүн жүктү деңиз аркылуу жетим бекетине чейин жеткирүү милдетин өзүнө алган кире жалдоо келишиминин бир тарабы.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Lixus) фракчандар; шиш тумшук коңуздардын бир уруусу, булардын 500дөн ашык түрү бар: фрачник омежниковый (L. paraplecticus) — балтырганчыл фракчан, ф. обыкновенный (L. iridis) — кадимки фракчан, ф. свекловичный (L. betae) — кызылчачыл фракчан  ж. у. с. кирет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
фрегат (1. воен.-мор. үч мачталуу, парустуу согуш кемеси; 2. воен.-мор. крейсерлик-сакчылык кызматын аткаруу үчүн пайдаланыла турган согуштук кеме: 3. зоол. деңиздеги чоң куштун бир түрү).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. тех.
фрезер (1. ар түрдүү металлдардын жана жыгачтардын үстүн иштеп чыгуу үчүн колдонулуучу тегеренме көп миздүү инструмент; 2. жерди казуу, грунтту майдалоо, чым көң кесүү үчүн колдонулуучу машина).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Австриялык врач-психиатр Зигмунд Фрейддин (1856–1940) ысмына байланыштуу келип чыккан термин. Фрейддин психологиялык теориясы боюнча адам табиятынын негизги кыймылдаткыч күчү болуп бейаң дүйнөдөгү табигый умтулуулар эсептелет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
сүр. Дубалдын бетине боёк менен тартылган искусство чыгармасы. Фресканын сол бурчуна Рафаэль өзү менен бул сүрөттү тартууга кол кабыш кылган сүрөтчү Содолдун элесин чагылдырган («Философиянын тарыхы»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
лингв.
ышкырма, шуулдама (жакындашкан сүйлөө органдарынын арасындагы жылчыктан чыккан абанын сүрүлүшүнөн келип пайда болгон ышкырыктуу добуш менен айтылуучу үнсуз тыбыштар жөнүндөгү термин; ышкырма үнсүз тыбыштар, мис. с, з жана башкалар).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
фронда (1. ист. 17 кылымдын орто чендеринде Франциядагы абсолютизмге каршы багытталган социалдык-саясий кыймыл; 2. перен. уст. керт башынын таламын көздөп оппозицияга өтүү; каяша кылып каршыгуу).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Согуш жүрүп жаткан майдан, душманга бет маңдайлаш, тылга карама-каршы келген стратегиялык район. Мыкты уулдар фронтто эркиндик үчүн күрөшкөн кез (Сыдыкбеков).
2. Мамлекеттик, коомдук иштердин айрым тармагы, сферасы. Маданий фронт. Идеологиялык фронт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. фронт (стройдун же аскерлердин согуштук жайлашуусунун маңдай жагы);
выстроить во фронт фронт боюнча катарга тургузуу;
2. фронт (согуш жүрүп жаткан жерде жайланышкан куралдуу күчтэр);
отправка пополнений на фронт фронтко толуктоолор жөнөтүү;
3. фронт (бир командачынын башкаруусу астында болгон армиялар тобу);
западный фронт батыш фронту;
4. перен. фронт (мамлекеттик маданий-экономикалык жана коомдук иштердин бир тармагы);
фронт мира тынчтык фронту;
народный фронт элдик фронт;
единый фронт бирдиктүү фронт;
идеологический фронт идеологиялык фронт;
культурный фронт маданий фронт;
переменить фронт фронтту алмаштыруу, жүрүш-турушун өзгөртүү, мурункусунан башкача сүйлөп калуу;
действовать на два фронта эки багытта аракет кылуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Согуш жүрүп жаткан майдан, душманга бет маңдайлаш, тылга карама-каршы келген стратегиялык район. Мыкты уулдар фронтто эркиндик үчүн күрөшкөн кез (Сыдыкбеков). Фронттон жалгыз уулу келбей калды, күтүүдөн какжырады дарбазасы (Султанов). 2. Мамлекеттик, коомдук иштердин айрым тармагы, сферасы. Маданий фронт. Идеологиялык фронт.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Фронт-офис (Front Office) —Структурное подразделение, которое выступает в качестве инициатора инвестиционных операций в соответствии с утвержденным делегированием полномочий, лимитами и контрольными ориентирами.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Фронт-офис (Front Office) —Бекитилген ыйгарым укуктарга, лимиттерге жана контролдук көрсөткүчтөргө ылайык, инвестициялык операциялардын демилгечиси катары иш алып барган түзүмдүк бөлүм.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Фронтэнд – англис тилиндеги front жана end терминдеринен куралып, алдыңкы жагы дегенди түшүндүрөт. Бул жерде вебсайттын же колдонмолордун колдонуучулар уруна турган интерфейсин (бетин) түшүндүрөт. Кененирээк мындан окуңуз!

Русско-кыргызский словарь Юдахина
межд.
тфу, туу, өх;
фу, как он надоёл! тфу, ал жадатты да-а!;
фу, какая гадость! туу, кайдагы оңбогон!;
фу, как я устал! өх, мен жаман чарчадым!;
фу-ты! туу атаңдын көрү!, туу, аттигинай!, ай кокуй ай!

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (основание, опора) фундамент (түп, негизи);
дом на каменном фундаменте таш фундаменттүү үй;
заложить фундамент фундамент салуу;
2. перен. (основа) фундамент (негиз, түп);
фундамент социалистической экономики социалисттик экономиканын фундаменти.

Русско-кыргызский словарь математических терминов (1996)
фундаменталдык система
©фундаментальная система решений чыгарылыштардын фундаменталдык системасы (дифференциалдык теңдемелердин сызыктуу көз каранды эмес бардык айрым чыгарылыштарынын системасы)

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАЙТҮП ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨР – адамдын, коомдун, табигый чөйрөнүн түзүлүшүнүн, иш-милдетинин, өнүгүүсүнүн негизги мызамченемдүүлүктөрү тууралуу жаңы илимий маалыматтарды алууга багытталган тажырыйбалык же теориялык иштер.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (большой, прочный) фундаменттүү, түптүү, бек, мыкты, чоң;
фундаментальное здание фундаменттүү үй (имарат);
2. (основательный) негиздүү, мыкты, олуттуу;
фундаментальное сочинение негиздүү чыгарма;
фундаментальное знание предмета предметти, сабакты мыкты билүү;
3. (основной) фундаменталдык (негизги);
фундаментальная библиотека фундаменталдык китепкана.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тилдик түзүлүш каражаттарынын функциясын жана алардын колдонулушун изилдөөчү грамматиканын бир түрү. Грамматиканын бул түрүндө түрдүү деңгээлге тиешелүү, бирок семантикалык функцияларынын жалпылыгынан улам бириктирилген тилдик каражаттарды бир системанын ичинде карайт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)

зат. 1. мат. Башка бир чоңдуктун өзгөрүлүшүнө ылайык өзгөрүп туруучу өзгөрүлмөлүү чоңдук.
2. биол. Организмдин тиричилигине байланыштуу дене мүчөлөрүнүн аткарган кызматы, жумушу. Калкан безинин функциясы.
3. Милдет, белгилүү иш милдетинин, милдеттүүлүктүн чөйрөсү. Мындай иштер менин функцияма кирбейт, тиешелүү жакка кайрылыңыз!деп койду инспектор («Ала-Тоо»). Илик жөндөмөсүнүн функциясы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина

ж.
1. (деятельность, обязанность, назначение) функция, кызмат, аракет, иш, милдет;
служебные функции -- кызмат иши;
выходить за пределы чьих-л. функций -- бирөөнүн милдетинен четке чыгып кетүү;
2. мат. функция (багынычтуу алмашма чоңдук, башка чоңдуктун өзгөрүшүнө карап өзгөрүүчү чоңдук);
3. биол. функция (организмдин жалпы тиричилигине байланыштуу бир гана мүчөгө тиешелүү милдет);
функция щитовидной железы -- калкан бездин функциясы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Милдет, кызмат, ишмердик. 2. мат. Башка бир чоңдуктун өзгөрүлүшүнө ылайык өзгөрүп туруучу өзгөрүлмөлүү чоңдук. 3. биол. Организмдин тиричилигине байланыштуу дене мүчөлөрүнүн аткарган кызматы, жумушу. Калкан безинин функциясы. Мындай иштер менин функцияма кирбейт, тиешелүү жакка кайрылыңыз! – деп койду инспектор («Ала-Тоо»). Илик жөндөмөсүнүн функциясы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. уст.
кадак (орустун 409,5 граммга тең болгон салмак өлчөмү);
фунт стерлингов фунт стерлинг (Англиянын акча единицасы);
это не фунт изюму разг. бул оңой-олтоң иш эмес.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж. тех.
1. (действие) футеровка, футерлөө (металл эритүүчү мештердин ичин отко эрибес материалдар менен каптоо);
2. (облицовка) футеровка (металлургиялык мештердин, темирден жасалган түтүн чыгуучу трубалардын ж.б. ичине капталган отко эрибес материалдар).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
футляр, куту (баалуу же сынма, морт нерселер сакталуучу куту);
футляр для очков көз айнектин кутусу;
человек в футляре кутудагы киши (өзүнүн керт башынын мүдөөлөрүнөн чыгалбаган, жаңылыктан качкан, ар бир нерсени формалдык жагынан гана баалоочу киши).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Emballonuridae) кынкуйрук сымалдуулар; жарганаттардын бир тукуму, булардын кыйла түрү бар: футлярохвост белый (Diclidurus albus) — ак кынкуйрук, ф. голобрюхий (Taphozous nudiventis) — жыланач курсак кынкуйрук, ф. носатый (Phynohicus naso) — тумшуктуу кынкуйрук  ж. б.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Искусстводо, адабиятта XX кылымдын башында пайда болуп, реализмди четке кагуучу жана эски искусствонун бардык традициясын, ыкмаларын кыйратып жоготууга тийиш болгон жаңы стилди түзүүгө аракеттенген формалисттик багыт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
футуризм (сүрөттөө искусствосундагы жана поэзиядагы реализмди четке каккан, формалисттикти, маанайы бастыкты, көңүлү чөгөттүктү көздөгөн, 20 кылымда Италияда чыгып, башка мамлекеттерге тараган буржуазиялык агым).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Искусстводо, адабиятта XX кылымдын башында пайда болуп, реализмди четке кагуучу жана эски искусствонун бардык традициясын, ыкмаларын кыйратып жоготууга умтулган жаңы стилди түзүүгө аракеттенген формалисттик багыт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Свитер сыяктуу жылуу сокмо көйнөк.
2. Пахта, жүн салып шырылган кыска. жылуу сырт кийим. Ал кара фуфайкасын желбегей жамынып жылаң баш турду (Байтемиров). Шырылган чолок фуфайкасын кыңай курчанып, сары кайыш мээлейи белине кыстарылган (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кебез жүн салып шырылган кыска жылуу сырт кийим. Ал кара фуфайкасын желбегей жамынып жылаң баш турду (Байтемиров). Шырылган чолок фуфайкасын кыңай курчанып, сары кайыш мээлейи белине кыстарылган (Сыдыкбеков).

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Сделка фьючерсная (Future dealing) —Сделка, предполагающая уплату денежной суммы за товар через определенный срок после заключения сделки по цене, установленной в контракте в целях получения разницы в ценах или курсах акций, возникающей к сроку завершения сделки.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Фьючерсный контракт (Futures contract) —Стандартизированный договор о купле или продаже фиксированного количества определенного товара, валюты или ценных бумаг для их поставки в оговоренную дату в будущем по согласованной цене. В отличие от форвардного контракта торгуется на бирже, имеет стандартизированные условия и обычно не предполагает физической поставки товара.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Фьючерс контракты (Futures contract) —Келечекте белгиленген күнү, макулдашылган баада аларды сунуштоо үчүн белгилүү бир товардын, валюталардын же баалуу кагаздардын катталган санын сатып алуу же сатуу жөнүндөстандартташтырылган келишим. Ал форварддык контракттан айырмаланып биржада сатылат, стандартташтырылган шарттарга ээ жана адатта товарлардын жеткирилип берилишин болжолдобойт.

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Фэнтези (англ. fantasy — «фантазия») — мифологиялык жана жомок мотивдеринин негизинде түзүлгөн, фантастика жанрына кирген, бирок илимий фантастикадан айырмаланып каралган жанр. Азыркы фэнтези XX кылымдын башында негизделген. Өткөн кылымдын ортосунан баштап фэнтезинин өнүгүүсүнө Жон Рональд Руэл Толкин зор салым кошкон.
Фэнтези чыгармалары көбүнчө окуя жалган дүйнөдө өтчү тарыхый-окуялуу роман болушат. Анын каармандары сыйкыр күчтөргө жана жандыктарга каршы турушат. Негизи фэнтези архетипикалык сюжеттердин негизинде түзүлөт.
Фэнтези — кинематографживопись, компьютердик жана үстөл оюндарынын жанрлары болуп эсептелинет.