Русско-кыргызский словарь Юдахина
фибра I
ж. анат.
(жилка) фибра (тарамыштын бир талы);
всеми фибрами души эң эле, жанынын бардыгынча, жан-дили менен.
фибра II
ж. тех.
фибра (пресстелген жумшак жана бышык кагаз; бул кагаз чемодан, коробка, портфель сыяктуу нерселерди каптоо үчүн жана бир нерсени изоляция кылуу үчүн колдонулат).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
фига 1-ге т.;
фиговое дерево анжыр жыгачы;
фиговый листок анжыр жалбырагы (статуяда эркектердин урук мүчөсү жабылуучу жалбырак);
прикрываться фиговым листком анжыр жалбырагы менен жабуу; абийирсиз нерсени билип туруп эле эки жүздүүлүк менен жаап-жашыруу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (телосложение) фигура, келбет, кишинин келбети;
у неё стройная фигура анын фигурасы келишкен, анын келбети келишкен;
2. перен. (человек) фигура, киши, адам (көбүнчө, бир чоң киши жөнүндө);
крупная политическая фигура саясий чоң фигура (саясий жагынан беделдүү адам);
3. иск. (скульптурное изображение) фигура (кишинин же айбандын скульптура сүрөтү);
бронзовая фигура колодон жасалган фигура;
4. мат. фигура (мис. үч бурчтук, тегерек ж.б.);
геометрические фигуры геометриялык фигуралар;
5. шахм. фигура (ат, пил, падыша сыяктуулары, дойбудан башкалары);
6. (в картах) фигура (балта, матыке, найза, туз);
7. (движение в танце, в гимнастике и т.п.) фигура (бир кыймыл аткаргандагы - мис. танецте, гимнастикада, коньки тебүүдө ж.б. - абал);
8. лит. фигура (речь обороту);
риторическая фигура риторикалык фигура;
9. фигура (самолёттун өйдө-ылдый, туурасынан, тикесинен, чалкасынан ойкуштанып учушу);
фигуры высшего пилотажа пилотаждын эң жогорку фигуралары;
представлять собой жалкую фигуру эчтемеге арзыбаган фигура болуп көрүнүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Келбет, кишинин сымбаты. 2. өт. Көбүнчө бир чоң киши жөнүндө. 3. Кишинин же айбандын скульптуралык келбети. 4. Геометриялык үч бурчтук, тегерек фигура. 5. шахм. Ат, пил, падыша сыяктуулары, дойбудан башка. 6. Картада – балта, матыке, найза, туз. 7. Бийде, гимнастикада, коньки тебүүдө ж. б. аткарылган кыймыл.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. фигуралуу, оймо-чиймелүү;
фигурная резьба фигуралуу оймо;
2. фигуралуу (ар түрдүү фигуралар жасап);
фигурное катание на коньках конькини фигуралуу тебүү;
фигурный полёт ав. самолёттун ар түрдүү фигура жасап учушу.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)

Фидуциарная ответственность —Ответственность, возникающая в отношениях, основанных на доверии. Для целей регулирования деятельности исламских банков и банков, имеющих «исламское окно», фидуциарная ответственность – это ответственность банка перед своими клиентами по надлежащему управлению денежными средствами держателей инвестиционных счетов и соблюдению условий, оговоренных в договорах мудараба.  

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Фидуциардык жоопкерчилик —Ишенимге негизденген мамилелерден улам келип чыккан жоопкерчиликтүүлүк. Ислам банктарынын жана «ислам терезесине» ээ банктардын ишин жөнгөсалуу максатында, фидуциардык жоопкерчиликтүүлүк – бул, инвестициялык эсеп ээлеринин акча каражаттарын талаптагыдай тескөөжана мудараба келишиминде белгиленген шарттарды сактоо боюнча банктын өз кардарлары алдында жоопкерчилиги.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Материянын түзүлүшү, касиети жана анын кыймылы, өзгөрүш формалары, органикалык эмес жаратылыштын жалпы закон ченемдүүлүгү жөнүндөгү илим. Ядролук физика. Электрондук физика. Физика окуу китеби.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Материянын түзүлүшү, касиети жана анын кыймылы, өзгөрүш формалары, органикалык эмес жаратылыштын жалпы закон ченемдүүлүгү жөнүндөгү илим. Ядролук физика. Электрондук физика. Физика окуу китеби.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
физиократ (18 кылымдын экинчи жарымындагы француздук буржуазиялык экономисттер; булар экономикалык кубугу иту изилдөөнү жүгүртүү сферасынан өндүрүш сферасына алып келишкен, бирок байлыктын бирден-бир булагы - жер жана дыйканчылык болот деп жана дыйканчылык эмгеги бирден-бир өндүрүмдүү эмгек болот деп натуура эсептешкен).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. физиология (организмдин тиричилик функциялары жөнүндөгү илим);
физиология человека адамдын физиологиясы;
физиология растений өсүмдүктөрдүн физиологиясы;
2. физиология (организмдин функциялары жана аларды башкаруучу закондор);
физиология дыхания дем алуунун физиологиясы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (лицо) физиономия (кишинин бети, түспөлү);
лукавая физиономия арамза физиономия;
2. перен. (вид) физиономия (ар нерсенин облиги, мүнөздүү өзгөчөлүктөрү);
физиономия города невероятно изменилась шаардын физиономиясы укмуштай өзгөрдү;
3. перен. физиономия (адамдын өзүн мүнөздөөчү, аныктоочу өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы);
политическая физиономия саясий физиономия.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
физиотерапия-га т.; физиотерапиялык;
физиотерапевтический кабинет физиотерапиялык кабинет (дарылоо мекемесинин физиотерапия методдору менен дарылоочу бөлүмү);
физиотерапевтическое лечение физиотерапиялык дарылоо.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНЕТАРБИЯ МАДАНИЯТЫ – адамдын денебой жактан өнүгүүсү менен денсоолугун чыңдоо максатында коом тарабынан түзүлүүчү, өнүктүрүлүүчү, колдонулуучу руханий жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы болуп саналган маданияттын курамдык бөлүгү, социалдык иш-аракет тармагы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. физика-га т.; физикалык, физический;
физическая лаборатория физика лабораториясы, физикалык лаборатория;
физический кабинет физикалык кабинет;
физическая химия физикалык химия;
физические опыты физикалык тажрыйбалар;
2. физический (денеге, булчуңга таандык);
физическая сила физический күч, дене күчү;
физический труд күч эмгеги, физический эмгек;
физическое наказание дене жазасы (мис. балак алуу, сабоо ж.б.);
физическая культура см. физкультура;
физическая география физикалык география;
физическое лицо юр. коомдун укукка жана милдетке жөндөмдүү мүчөсү болуп эсептелген адам.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНЕТАРБИЯСЫ – дени сак, денебой жана руханий жактан өнүккөн, адеп-актык жактан таза муунду түзүүгө, адамдын денсоолугун чыңдоого, ишке жөндөмдүүлүгүн арттырууга, чыгармачылык мөөнөтү менен өмүр жашын узартууга багытталган педагогикалык уюштурулган жүрүм.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КҮЧ КОЛДОНУП ЖЕ ПСИХИКАЛЫК МАЖБУРЛОО – кылмыш-жаза укугундагы кылмыш жосунун жокко чыгаруучу жагдайлардын бири. Эгер өзүнүн иш-аракетин колго алалбай калган учурда күч колдонуп мажбурлоонун натыйжасында кылмыш-жаза коргой турган кызыкчылыкка зыян келтирүү кылмыш катары саналбайт. Өз иш-аракетин колго алууга мүмкүнчүлүгү бар жагдайда күч колдонуп же психикалык мажбурлоо болгон учурда, кылмыш жоопкерчилиги тууралуу маселе КР кылмыш-жаза мыйзамдарын эске алуу аркылуу чечилет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ҮЙБҮЛӨДӨГҮ КҮЧ ЗОМБУЛУГУ – адамдын денеси менен психикасынын саламаттыгына зыян тийгизе турган, анын адамдык ар-намысына шек келтире турган, ошондой эле жабыр тарткан баланын психикалык, денебой жана кертбашынын өнүгүүсүнө тоскоол боло турган же үйбүлө мүчөсүн өлүмгө алып келе турган бир бүлө мүчөсүнүн башка мүчөсүн кыйноосу же атайылап уруп-сабоосу, денсоолугуна залал келтирүүсү, бир бүлө мүчөсүнүн башка мүчөсүн эркин жүрүүсүнөн, туракжайынан, тамак-аштан, кийим-кечеден, дагы башка жашоо шартынан атайылап ажыратуусу, оор кара жумуш жасоого мажбурлоосу, ошондой эле ата-энесинин, асыроочунун, өз үйбүлөсүндө тарбыялоого алуучунун эрезеге жетелек балдарды багуудан, алардын денсоолугу менен жеке коопсуздугуна кам көрүүдөн баштартуусу.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАКТАЛГАН ЧЕГАРА – капиталдык курулуштар менен имараттарга, туруктуу табигый белгилерге же баардык бурулуш чекиттери белгилүү ыраатка ээ болгон геодезиялык жайларга бекитилген атайын үлгүдөгү аралык белгилери байлануучу накталай кыймылсыз мүлк бирдигинин (жер участогунун) чегарасы.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов. что
1. (отмечать, записывать) жазуу, жазып белгилеп коюу (мис. протоколго);
фиксировать все замечания
выступавших бардык чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн жазуу;
2. (устанавливать) белгилөө, дайындоо, аныктоо;
фиксировать дни заседаний заседание күндөрүн белгилөө;
3. (сосредоточивать) буруу, салуу;
всё внимание должно быть фиксировано на этом вопросе бардык көңүл бул маселеге бурулган болуш керек;
4. фото (закреплять) фиксаж кылуу (тартылган сүрөт негативде бекисин үчүн аны атайын эритиндиге салып жууш).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН КУДУРЕТСИЗДИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыш; эгер ал жосун ири зыян алып келе турган болсо, коммерциялык уюм жетекчисинин же ээсинин, ошондой эле жеке ишкердин карыздарын кийинкиге жылдыруу же азайтуу үчүн, демек карыздарын төлөбөө үчүн кредит бергендерди алдоо максатында өзүнүн кудуретсиздигин атайылап бурмалоо жолу менен жарыялоо. Ж. к-тин белгилери табылганда, прокурор ишкананын кудуретсиздиги тууралуу иш козгоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга акысы бар.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
жалган, калп, анткор, кара күчкө;
фиктивные права жалган укук;
фиктивная болезнь жалган оору, калп оору;
фиктивный капитал эк. фиктивный капитал (капиталисттик өлкөлөрдө - белгилүү доход бере турган ар түрдүү баалуу кагаздар).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЛГАН НИКЕ – жубайлардын чын ниетинен чыкпаган же алардын бири никени каттагандан кийин, кандайдыр бир пайда табууну көздөгөндүгүнөн улам келип чыккан нике. Ал жараксыз деп табылат. Эгер никесин каттаган адамдар иш сот тарабынан каралганга чейин эле иш жүзүндө үйбүлө түзүп алган болсо, сот аны жалган нике катары жокко чыгара албайт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. фикция (чындыкка туура келбеген жана көбүнчө бир белгилүү максат үчүн пайдаланыла турган атайы түзүлгөн абал);
2. (выдумка, вымысел) жок нерсени ойлоп чыгаруу; жалган, калп, чындыкта жок нерсе.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
филантропия (буржуазиялык "кайыр-садагачылык"; "бей-бечараларга жардам" кылабыз демиш болуп, буржуазиянын эмгекчилерди алдоо жана аларды таптык күрөштөн алагды кылуу үчүн жүргүзгөн чараларынын бири).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
филе I
ср. нескл.
(вышивка) филе (көзөнөк торго сайылган сайма).
филе II
ср. нескл.
1. (сорт мяса) карчыга (карчыганын эти);
2. (рыба, очищенная от костей) филе (сөөгү тазаланган эт же балык).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (доска, фанера) филёнка (бир рамага коюлуучу жука тактай же фанера, мис. каалгага, эшикке);
дверная филёнка эшик филёнкасы;
2. архит. (украшение) филёнка, кооздук (имараттын дубалына тик бурчтуу рамка сыяктуу жасалган кооздук).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИЛИАЛ (ТАМЫРЛАШ) (от лат. filialis – туунду) – КР жарандык мыйзамдары боюнча, ишкананын өзү турган жерден тышкары жайгашып, анын иш-милдетин же айрым бөлүгүн, анын ичинде өкүлчүлүк милдетин аткарган юридикалык жактын обочолонгон бөлүгү. Ф. юридикалык жак болуп саналбайт. Ишкана ага мүлк бөлүп берүү менен, Ф. жөнүндөгү жобону бекитет. Ф. жетекчилиги ишкана тарабынан дайындалып, анын ишеним катынын негизинде иштейт. Ал аны түзгөн ишкананын (юридикалык жактын) уюштуруу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИЛИАЛДАР АРАЛЫК ЭСЕПТЕР (ФАЭ) – эсептик-кассалык борборлордун (ЭКБ) ортосундагы мамлекеттин Борбордук банктын, ЭКБнын өздөрүнүн, коммерциялык банктардын аткарымдары боюнча эсептешүүлөр тутуму. ФАЭ каражаты баштапкы аткарым (баштапкы өткөрүү) боюнча ЭКБ түзүлүүчү жана ЭКБ дарегине жөнөтүлүүчү (акыркы өткөрүү) авизо болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИЛИАЛ (ТАМЫРЛАШ) (от лат. filialis – туунду) – КР жарандык мыйзамдары боюнча, ишкананын өзү турган жерден тышкары жайгашып, анын иш-милдетин же айрым бөлүгүн, анын ичинде өкүлчүлүк милдетин аткарган юридикалык жактын обочолонгон бөлүгү. Ф. юридикалык жак болуп саналбайт. Ишкана ага мүлк бөлүп берүү менен, Ф. жөнүндөгү жобону бекитет. Ф. жетекчилиги ишкана тарабынан дайындалып, анын ишеним катынын негизинде иштейт. Ал аны түзгөн ишкананын (юридикалык жактын) уюштуруу документтеринде көрсөтүлүүгө тийиш.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
филигрань (1. эң ичке алтын, күмүш ж.б. сымдардан токулган, тор сыяктуу кооз жасалган заргер буюмдар; 2. суубелги; акчаны же облигацияны жарыкка салып караганда көрүнүүчү тунук белгилер же сүрөттөр).

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)

Филины I (Bubo) сары үкүлөр; чоң үкүлөрдүн бир уруусу: филин американский (В. virginianus) — Америка сары укусу, ф. обыкновенный (В. bubo) — кадимки сары уку, ф. рыбный (Ketupa zeylonensis) — балыкчы сары үкү, ф. туркменский — түркмөндүн сары укусу.
Филины II (Phylino) филиналар; деңизде жашоочу үлүлдөрдүн бир уруусу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
философия (табияттын, адам коомунун, жана ойдун өрчүшүнүн жалпы закондору жөнүндөгү илим);
материалистическая философия материалисттик философия;
идеалистическая философия идеалисттик философия.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. фильм (сүрөт жана кино тартуу үчүн керек кылынуучу жука, тунук плёнка);
2. (кинокартина) фильм;
звуковой фильм үндүү фильм;
немой фильм үнсүз фильм;
документальный фильм документтүү фильм;
художественный фильм көркөм фильм;
мультипликационный фильм мультипликациялык фильм;
хроникальный фильм хроникалык фильм.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАСМА – чыгармачылык ой-чабыттын негизинде, кинотасмага же башка алып жүрүүчүлөргө түшүрүлгөн жана ырааттуу бүтүндүккө бириктирилген, тийиштүү техникалык жабдуулардын жардамы менен кабыл алууга багытталган, көркөм, хроникалдык-даректүү, илимий-популярдуу, окуу, анимациялык, телевизондук же башка таризде жаратылган кино-укма-көрмө чыгарма. Узактыгы 50 мүнөттөн аз болгон Т. кыска чакантартым Т-сы болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УЛУТТУК ТАСМА – төмөнкү талаптарга жана шарттарга жооп берген тасма : эгер тасманын продюсеру – белгиленген тартипте КР аймагында катталган КР жараны же юридикалык жагы болсо; эгер тасманын авторлору – КР жарандары болсо; эгер тасманын тартуучу тобунун курамына (режиссер-коюучулары, оператор-коюучулары, операторлору, сүрөтчү-коюучулары, кийим-кече боюнча сүрөтчүлөрү, кураштыруучулары, башкы каармандарды ойноочу аткаруучу-актерлору) 30 пайыздан ашуун КР жарандыгына ээ эмес адамдар кирсе; эгер тасма мамлекеттик же КР башка элдеринин тилинде тартылса; эгер тасманы өндүрүү, нускалоо, прокаттоо жана көрсөтүү боюнча иштердин жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан кем эмеси белгиленген тартипте КР аймагында катталган кинематография уюмдары тарабынан ишке ашырылса. У. т. катары ошондой эле КР тийиштүү эларалык келишим шарттарын сактаган учурларда чет өлкөлүк кинематография уюмдары менен биргелешип тартылган тасмалар да каралышы мүмкүн.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
фимиам (1. түтөтүү үчүн колдонулатурган атыр жыттуу зат; 2. атыр жыт, жыпар жыт);
курить фимиам кому-л. бирөөгө кошамат кылуу, жалпалактоо; жерге, сууга тийгизбей мактоо; обу жок мактоо.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бир нерсенин корутундусу, акыры, аякталышы. Иш финалга жакындап калды.
2. иск. Музыкалык, театралдык же адабий чыгарманын корутунду бөлүгү.
3. спорт. Спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрдү аныктай турган акыркы бөлүгү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (завершение) финал (бир иштин корутундусу, натыйжасы, акыры, аягы, аякталышы);
блестящий финал эң сонун финал;
2. муз. финал (чоң музыкалык чыгарманын акыркы корутунду бөлүмү);
3. спорт. финал (мелдешүүчү спорт командасынын же спортсмендердин акыркы жолугушуусу);
финал шахматного чемпионата СССР СССР шахмат чемпионатынын финалы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин аягы, жыйынтыгы. Иш финалга жакындап калды. 2. иск. Музыкалык, театралдык же адабий чыгарманын корутунду бөлүгү. 3. спорт. Спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрдү аныктай турган жыйынтыктоочу бөлүгү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ КОМПАНИЯСЫ – айрым банк аткарымдарын орундатуучу кредиттик уюм. Эларалык иш-тажырыйбада К. к. чакан жана майда ишканаларга керектөө кредиттерин берүүгө, аманаттарды тартууга (эреже катары кыска мөөнөттүк), чектерди жолжоболоого адистешет, ошондой эле факторинг, камсыздандыруу, кыймылсыз мүлктү сатуу менен алектенет. Көпчүлүк уюмдар өз аталыштарында алып жүрүшсө да, КР мыйзамдарында «К. к.» түшүнүгү жок (кара:Банктык эмес кредиттик уюм).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ УЮМУ – тийиштүү лицензиянын негизинде банк аткарымдарын жана бүтүмдөрүн ишке ашыруучу, болбосо баалуу кагаздар базарында кызмат көрсөтүүчү, каржылык мүнөздөгү камсыздандыруу боюнча жана башка кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик эмес бааракы фонду, аны башкаруучу компания, пайлык инвестициялык фондду башкаруучу компания, кредиттик керек-жарак бирлиги жана башка каржылык рынокто кызмат көрсөтүүчү жана аткарымдарды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу уюм.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансы системасы (Financial System) —Финансы ортомчуларынын, финансы рынокторунун экономикада акчанын жана кредиттин жылышынын жана экономикада акчанын жана кредиттин жылышын камсыз кылган финансы инфраструктурасынын ортомчусу болуп саналган чогуу алгандагы институттары. Финансы системасы: финансы мекемелеринен, үй чарбалардан, финансылык эмес ишканалардан, мамлекеттик мекемелерден жана ишканалардан өз атынан активдерге ээлик кылууга, милдеттенмелерди кабыл алууга, экономикалык ишти жүзөгө ашырууга жана башка түзүмдөр менен операцияларды жүргүзүүгөмүмкүнчүлүгү бар ишканалардан турат. Финансы системасынын өлчөмү финансы системасынын түзүмүнө жараша эсептелет жана депозиттик мекемелерге, башка финансылык корпорацияларга, финансылык эмес корпорацияларга, үй чарбаларына, мамлекеттик башкаруу секторуна жана борбордук банкка таандык болгон финансылык активдердин суммасын түшүндүрөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КР КАРЖЫ ТУТУМУ – КР каржысына кирүүчү баардык тогоолорунун жана алардын өзара алакаларынын жыйындысы. КР К. т-ун төмөнкү тогоолор (институттар) түзөт: а) курамына мамлекеттик (республикалык) жана жергиликтүү бюджеттер кирген бюджет тутуму; б) бюджеттен тышкы максаттуу фонддор; в) экономикалык тармактардын уюмдарынын каржылары; г) мүлктүк жана өздүк камсыздандыруу; д) кредиттер (мамлекеттик жана банктык).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ МЕНЧИГИ – жарандык жана соода укуктарынын четжактык теориясындагы акча кагаздарын (облигацияларды, векселдерди, чектерди, ж. б.) жана документтерди өзүнө камтыган, аркыл коомдордо жана компанияларда (үлүштүк салымдар, акциялар) катышуу укугун чагылдыруучу түшүнүк.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансылык милдеттенме (Financial Liability) —Эки тараптын тең өз ара тиешелүү укуктарын жана милдеттенмелерин аныктайт, алар өз табиятына жараша финансылык катары каралууга тийиш жана карыз алуучудан кредитордун пайдасына, алардын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген жагдайларда төлөмдүн (төлөөлөрдүн) ишке ашырылышын талап кылат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ УКУГУ – укуктун бир тармагы, мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын акча фонддорунун (каржы ресурстарынын) түзүлүшүнүн, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун жүрүшүндө пайда болгон коомдук мамилелерди теске салуучу, алардын милдеттерин ишке ашыруучу зарыл юридикалык ченемдердин жыйындысы. Тийешелүү илим жана окуу курстары да К. у. деп аталат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансылык талаптар (Financial Claim) —Эки тараптын өз ара тиешелүү укуктарын жана милдеттенмелерин аныктайт, алар өз мүнөзүнөжараша финансылык катары каралууга тийиш жана кредиторго карыз алуучудан алардын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген жагдайларда төлөмдү (төлөмдөрдү) алуу укугун чегерет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫЛЫК-ПЛАНДОО АКТЫЛАРЫ – мамлекеттин жана өзалдынча башкаруу органдарынын ишмердиктеринин жүрүшүндө кабыл алынуучу, белгилүү мезгил аралыгындагы каржы тармагына конкреттүү тапшырманы камтыган, б. а. каржы ресурстарын моблизациялоо, бөлүштүрүү жана пайдалануу боюнча план болуп саналган актылар. К.-п. а-на: а) КР мамлекеттик бюджети; б) мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу фонддордун каржы пландары; в) банктардын каржы-кредиттик жана кассалык пландары; г) камсыздандыруу уюмдарынын каржы пландары; д) министрликтердин, ведомстволордун, башка мамлекеттик башкаруу органдарынын каржы пландары жана сметалары; е) мамлекеттик уюмдардын каржы пландары (кирешелердин жана чыгашалардын баланстары); ж) мамлекеттик бюджетте турган уюмдардын сметалары кирет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨНӨРЖАЙЛЫК-КАРЖЫ ТОП (ӨКТ) – ӨКТ түзүү келишиминин негизинде өздөрүнүн материалдык жана материалдык эмес активдерин (катышуу тутумун) толук же жарым-жартылай бириктиришкен, негизги жана кошумча коомдор түрүндө иштеп жатышкан юридикалык жактардын жыйындысы. ӨКТ катышуучуларынын ичинде товар өндүрүүчү жана тейлөө кызматтарын көрсөтүүчү уюмдардын, ошондой эле банктардын же башка кредиттик уюмдардын болушу милдеттүү.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЭЛЕКТРОНДУК ТӨЛӨМДӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮЧҮ КАРЖЫЛЫК ЖАНА БАШКА МЕКЕМЕЛЕР – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде электрондук төлөмдөрдү ишке ашыруу боюнча каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга адистештирилген каржы мекемелери жана башка коммерциялык банктар.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР – төмөнкүлөр менен байланыштуу иштер: а) насыяларды, карыздарды, кредиттерди жана кредиттик кепилдиктерди берүү жана өткөрүү боюнча аткарымдар, ошондой эле акчалай кепилдиктерди берүү, кредит берүүчүлөр тарабынан берилген кредиттерди жана кредиттик кепилдиктерди, карыздарды башкаруу; б) депозиттик жана агымдагы эсеп аткарымдары менен байланышкан аткарымдар, ошондой эле башка эсептер, төлөмдөр, которумдар, карыздар милдеттенмелер, чектер жана жүгүртүмдөгү коммерциялык төлөм каражаттары, инкассо жана факторинг; в) алтын тыйындар жана коллекциялык нускалардан башка мыйзамдуу төлөм каражаттары болуп саналаган банкноттор, акча каражаттары; г) акциялар, облигациялар жана башка баалуу кагаздар менен байланышкан аткарымдар, ошондой эле баалуу кагаздардын сакталуусун камсыз кылуудан башка акциздик маркалар; д) каржылык ижара (лизинг) жана башка кередиттөө менен кыйыр байланышкан аткарымдар; е) инвестициялык фонддорду башкаруу менен байланышкан ишмердик.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ АГЕНТИ – 1) акча талаптарын төмөндөтүүгө кыюудан каржылануучу келишимдин тарабы; 2) КР Өкмөтү тарабынан КР Өкмөтүнүн атынан аткарымдарды ишке ашыруу ыйгарым укугу берилген каржы уюму.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ ВЕКСЕЛИ – негизги багыты акча каражаттарын жайгаштыруу болуп саналган, товардык жабылуусу жок вексель. К. в-нин түрлөрүнө: банктык, казыначылык, юридикалык жактардын мөөнөттөрү өткөн векселдери боюнча (ымала, коло) векселдер кирет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ ЖЫЛЫ (салык жылы) – мыйзамдуу белгиленген жылдык мөөнөт, салык укуктарынын ченемдерине ылайык анын ичинде аркыл уюштуруучулук-укуктук тариздеги чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердиктеринин жыйынтыктары жөнүндө каржылык отчеттор түзүлөт. Календардык жыл салык төлөөчүнүн К. ж. болуп саналат. Календардык жыл 1-январдан башталып 31-декабрда бүтөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ КӨЗӨМӨЛҮ – мамлекеттин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдардын акча фонддорун түзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тармагындагы аракеттердин мыйзамдуулугун жана максатка ылайыктуулугун көзөмөлдөө. Баардык каржы-укуктук институттарга таандык К. к. аркыл негиздер боюнча бирнече түрлөргө бөлүнөт. Өткөрүү мезгилине байланыштуу алдынала, агымдагы жана соңку болушу мүмкүн. Аны ишке ашыруучу органдарга (субъекттерге) байланыштуу К. к.: а) мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын; б) президенттин; в) жалып компетенциядагы аткаруучу органдардын; г) каржылоо-кредит органдарынын; д) ведомстволук жана ички чарбалык; е) коомдук; ж) аудитордук болуп бөлүнөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ ОТЧЕТУ (уюмдун) – чарба жүргүзүүчү субъекттер түзүүчү (мыйзам талаптарына ылайык) отчеттуулуктун милдеттүү таризи; уюмдун өткөн каржы жылындагы иштери жөнүндө ачык-айкын сандар менен көрсөтүлгөн отчету.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансылык тобокелдик (Financial risk) —Контрагенттин сапатына, контрагент өлкөнүн экономикалык абалына жана финансы рынокторундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу орун алышы ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги. Финансылык тобокелдик кредиттик тобокелдик, рыноктук тобокелдик жана ликвиддүүлүк тобокелдиги болуп бөлүнөт.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансы рыногу (Financial Market) —Экономикалык субъекттер катышуучулардын жүрүм-туруму боюнча белгиленген эрежелерге ылайык, финансылык талаптарды сатып алуу-сатууну жүзөгөашырышкан рынок катары аныкталат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Төлөм теңдеминин финансылык эсеби (Financial Аccount) —Өлкөнүн тышкы финансылык активдери жана милдеттенмелери менен операциялары төлөм теңдеминин финансылык эсебине кирет. Өлкөнүн тышкы финансылык активдери монетардык алтындан, ЭВФтин атайын карыз алышуу укуктарында авуарлардан жана резидент эместерге карата талаптардан турат. Өлкөнүн тышкы милдеттенмелери резидент эместердин резиденттерге карата талаптарынан турат. Финансылык эсепти классификациялоо эң оболу, четөлкө инвестицияларынын функционалдык багытына негизденген: тике, портфелдик жана башка инвестицияларга; туунду финансылык инструменттерге; резервдик активдерге бөлүнөт.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансовое обязательство (Financial Liability) —Определяет соответствующие взаимные права или обязанности обеих сторон, которые в силу своей природы должны рассматриваться как финансовые и требует от заемщика произвести платеж (платежи) в пользу кредитора в обстоятельствах, оговоренных в договоре между ними.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Аудиторское заключение о финансовой отчетности (The auditor conclusion about the financial statements) —Документ, содержащий выраженное в установленной форме мнение аудитора о достоверности бухгалтерской отчетности и соответствии порядка ведения бухгалтерского учета установленным требованиям. Является неотъемлемой частью годовой финансовой отчетности.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Внешний аудит финансовой отчетности (External audit of the financial statements) —Независимая проверка бухгалтерского учета и финансовой (бухгалтерской) отчетности организации аудитором (аудиторской организацией). Целью внешнего аудита является выражение мнения о достоверности финансовой (бухгалтерской) отчетности и соответствии ведения бухгалтерского учета установленным законодательством стандартам.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансовое требование (Financial Claim) —Определяет соответствующие взаимные права или обязанности обеих сторон, которые по своему характеру должны рассматриваться как финансовые, и дает кредитору право на получение платежа (платежей) от заемщика в обстоятельствах, оговоренных в договоре между ними.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансовый риск (Financial risk) —Риск возможных потерь, связанный с качеством контрагента, экономическим состоянием страны- контрагента и изменениями на финансовых рынках. Финансовый риск подразделяется на кредитные риски, рыночные риски и риск ликвидности.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Показатели финансовой устойчивости (ПФУ) (Financial Soundness Indicators) —Показатели текущего финансового состояния и устойчивости финансового сектора (банковского и небанковского секторов), корпоративного нефинансового сектора, домашних хозяйств, а также реального, бюджетного и внешнеэкономического секторов. Макропруденциальный анализ посредством показателей финансовой устойчивости является одним из методологических подходов оценки финансовой стабильности.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Нефинансовый корпоративный сектор (Non-financial Corporate Sector) —Юридические лица, основная деятельность которых заключается в производстве товаров или нефинансовых услуг с целью получения прибыли или иной финансовой выгоды для своих владельцев.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансовый рынок (Financial Market) —Определяется как рынок, на котором экономические субъекты осуществляют куплю-продажу финансовых требований в соответствии с установленными правилами поведения участников.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансовая система (Financial System) —Совокупность институтов финансового посредничества, финансовых рынков, являющихся посредниками движения денег и кредита в экономике, и финансовой инфраструктуры, обеспечивающих движение денег и кредита в экономике. Финансовая система состоит из: финансовых учреждений, домашних хозяйств, нефинансовых предприятий, государственных учреждений и предприятий, которые могут от своего имени владеть активами, принимать обязательства, осуществлять экономическую деятельность и проводить операции с другими структурами. Размеры финансовой системы рассчитываются исходя из структуры финансовой системы и представляет собой сумму финансовых активов, принадлежащих депозитным учреждениям, другим финансовым корпорациям, нефинансовым корпорациям, домашним хозяйствам, сектору государственного управления и центральному банку.  

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. спорт.
1. (заключительная часть состязания) финиш (жарыш мелдешинин акыркы бөлүмү);
бегун на финише ускорил темп жүгүргүч финишке жакындаганда темпин тездетти;
2. (конечный пункт) финиш (акыркы пункт, чек);
первым прийти к финишу финишке биринчи болуп келүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИРМА – 1) «фирмалык аталыш » түгөйлөш түшүнүгү; 2) ишкер жана юридикалык тилде коммерциялык уюм түшүнүгүнүн түгөйлөшү («аудитордук Ф.», «кеп-кеңеш берүү Ф.», «чет өлкөлүк Ф.», түшүнүктөрү жыш колдонулат.).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИРМА – 1) «фирмалык аталыш » түгөйлөш түшүнүгү; 2) ишкер жана юридикалык тилде коммерциялык уюм түшүнүгүнүн түгөйлөшү («аудитордук Ф.», «кеп-кеңеш берүү Ф.», «чет өлкөлүк Ф.», түшүнүктөрү жыш колдонулат.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Товар сатуучу же буюм жасап чыгаруучу соода же өнөр жай ишканасы. «Кыргызмебель» фирмасы. 2. Пайда алуу максатында товарларды же тейлөөлөрдү өндүрүү үчүн ресурстарды пайдалануучу, бир же бир нече ишканаларды (ээлик кылуучуларды) башкаруучу жана ээлик кылуучу уюм.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИРМАЛЫК АТАЛЫШ – бул юридикалык жакты башка юридикалык жактан айырмалоочу туруктуу, толук же кыскартылган аталыш. КР жарандык мыйзамдарынын ченем-талаптарына ылайык юридикалык жактын фирмалык аталышы юридикалык жактын уюштуруучулук-укуктук таризине ылайык энчилүү ат же аркыл маанидеги жалпы ат болуусу керек. Ишмердиктери КРУБ тарабынан лицензиялаштыруучу банктардын жана каржыкредиттик мекемелердин аталыштары КР банк жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүсү тийиш. Фирмалык аталыштарда «Кыргыз», «Мамлекеттик» жана «Улуттук» деген сөздөрдү кандай гана жалгаштарда пайдалануу, ошондой эле КР ырасмий толук жана кыскартылган аталышына көрсөтүүлөргө КР Президенти жана КР Өкмөтү билгилеген тартипте гана жол берилет. Кыргызпатент тарабынан каттоого алынган юридикалык жактын фирмалык аталышына экспертизанын жыйынтыктары боюнча анын корголуу жөндөмдүүлүгүн күбөлөөчү күбөлүк берилет. Башка бирөөнүн каттоодон өткөн Ф. а-ын укук ченемсиз пайдаланган жак, анын укук ээсинин талабы боюнча келтирилген зыяндарды калыбына келтирүүгө милдеттүү.

м. разг.
1. ист. фискал (Пётр I убагында көбүнчө финансы жана сот иштери жагынан мекемелердин жана адамдардын иштерине байкоо жүргүзүп турган чиновник);
2. разг. презр. ушакчы, сөз ташуучу.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИТОКӨЗӨМӨЛ (гр. phyton – өсүмдүк) – жугуштуу ооруларды жана айылчарба зыянкечтерин алып кирүүнү, жайылтууну болтурбоо үчүн өлкөгө алынып келинүүчү товарларга, унаа каражаттарына карата атайын мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу көзөмөлдөө-коргоо иш чараларынын комплекси. Уруктар, жемиштер, жандуу өсүмдүктөр жана алардын бөлүктөрү, өсүмдүктөрдүн өзөктөрү, кургак жемиштер жана өсүмдүк түрүндөгү башка жүктөр, ошондой эле карантиндик товарларды орооч катары кызмат кылган ийдиштер Ф-дөн өткөрүлөт. Ф. өлкөнүн аймагына кирген баардык унаа-көөлүктөрүн карантиндик кароодон өткөрүү жана товарлардын тийиштүү тастыктамаларын текшерүү менен ишке ашырылат. КР баардык карантиндеги объекттерди ташып келүүгө жана ташып өтүүгө тийиштүү мамлекеттик органдардын улуксаты менен гана жол берилет.

ФИТОСАНИТАРДЫК АБАЛ – жердин, токойлордун жана өсүмдүктөрдүн отоо чөптөрүнүн көптүгү жана өсүмдүк илдеттеринин таралышы, өсүмдүк зыянкечтеринин санына байланыштуу аныкталуучу абалы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИТОСАНИТАРДЫК ТАСТЫКТАМА – өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эларалык конвенцияда бекитилген тариз боюнча даярдалган тастыктама, өсүмдүк түркүмүндөгү продукциянын карантиндик абалын жана келген багытын, ал продукцияны ташып келүүнүн жана пайдалануунун шартын, тара менен таңгактын материалдарын аныктоочу, күбөлөөчү тастыктама.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИТОСАНИТАРДЫК АБАЛ – жердин, токойлордун жана өсүмдүктөрдүн отоо чөптөрүнүн көптүгү жана өсүмдүк илдеттеринин таралышы, өсүмдүк зыянкечтеринин санына байланыштуу аныкталуучу абалы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИТОСАНИТАРДЫК ТАСТЫКТАМА – өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эларалык конвенцияда бекитилген тариз боюнча даярдалган тастыктама, өсүмдүк түркүмүндөгү продукциянын карантиндик абалын жана келген багытын, ал продукцияны ташып келүүнүн жана пайдалануунун шартын, тара менен таңгактын материалдарын аныктоочу, күбөлөөчү тастыктама.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

фишинг (фишиң) - колдонуучунун логини, сырсөзү сыяктуу купуя маалыматтарын уурдоону көздгөн интернет алдамчылыктын бир түрү. Популярдуу бренддердин, банктардын ж.б. кызматтардын атынан массалык түрдө эмейл же социалдык медиалардан жеке кат жөнөтүү аркылуу жүргүзүлөт. Мындай катта көрүнүшү чыныгы вебсайттан айырмаланбаган окшош сайтка шилтеме болот. Же өзүнө керектүү башка сайтка өткөзүп жиберген багыттамасы болот. Колдонуучу жасалма сайтка киргенде, алдамчылар түрдүү психологиялык амалдарды колдонуп анын банк картасына жана эсептерине кирүүгө мүмкүнчүлүк берген логинин (колдонуучунун аты) жана сырсөзүн билип алышат. Фишинг – колдонуучулардын интернет коопсуздукту билбегенинен пайдаланган социалдык инженериянын бир түрү. Банктар же интернет кызматтар эч качан сиздин купуя маалыматтарыңызды сураган кат жөнөтүшпөйт!