Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИРМА – 1) «фирмалык аталыш » түгөйлөш түшүнүгү; 2) ишкер жана юридикалык тилде коммерциялык уюм түшүнүгүнүн түгөйлөшү («аудитордук Ф.», «кеп-кеңеш берүү Ф.», «чет өлкөлүк Ф.», түшүнүктөрү жыш колдонулат.).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИРМА – 1) «фирмалык аталыш » түгөйлөш түшүнүгү; 2) ишкер жана юридикалык тилде коммерциялык уюм түшүнүгүнүн түгөйлөшү («аудитордук Ф.», «кеп-кеңеш берүү Ф.», «чет өлкөлүк Ф.», түшүнүктөрү жыш колдонулат.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Товар сатуучу же буюм жасап чыгаруучу соода же өнөр жай ишканасы. «Кыргызмебель» фирмасы. 2. Пайда алуу максатында товарларды же тейлөөлөрдү өндүрүү үчүн ресурстарды пайдалануучу, бир же бир нече ишканаларды (ээлик кылуучуларды) башкаруучу жана ээлик кылуучу уюм.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ФИРМАЛЫК АТАЛЫШ – бул юридикалык жакты башка юридикалык жактан айырмалоочу туруктуу, толук же кыскартылган аталыш. КР жарандык мыйзамдарынын ченем-талаптарына ылайык юридикалык жактын фирмалык аталышы юридикалык жактын уюштуруучулук-укуктук таризине ылайык энчилүү ат же аркыл маанидеги жалпы ат болуусу керек. Ишмердиктери КРУБ тарабынан лицензиялаштыруучу банктардын жана каржыкредиттик мекемелердин аталыштары КР банк жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жооп берүүсү тийиш. Фирмалык аталыштарда «Кыргыз», «Мамлекеттик» жана «Улуттук» деген сөздөрдү кандай гана жалгаштарда пайдалануу, ошондой эле КР ырасмий толук жана кыскартылган аталышына көрсөтүүлөргө КР Президенти жана КР Өкмөтү билгилеген тартипте гана жол берилет. Кыргызпатент тарабынан каттоого алынган юридикалык жактын фирмалык аталышына экспертизанын жыйынтыктары боюнча анын корголуу жөндөмдүүлүгүн күбөлөөчү күбөлүк берилет. Башка бирөөнүн каттоодон өткөн Ф. а-ын укук ченемсиз пайдаланган жак, анын укук ээсинин талабы боюнча келтирилген зыяндарды калыбына келтирүүгө милдеттүү.