Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ АГЕНТИ – 1) акча талаптарын төмөндөтүүгө кыюудан каржылануучу келишимдин тарабы; 2) КР Өкмөтү тарабынан КР Өкмөтүнүн атынан аткарымдарды ишке ашыруу ыйгарым укугу берилген каржы уюму.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ ВЕКСЕЛИ – негизги багыты акча каражаттарын жайгаштыруу болуп саналган, товардык жабылуусу жок вексель. К. в-нин түрлөрүнө: банктык, казыначылык, юридикалык жактардын мөөнөттөрү өткөн векселдери боюнча (ымала, коло) векселдер кирет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ ЖЫЛЫ (салык жылы) – мыйзамдуу белгиленген жылдык мөөнөт, салык укуктарынын ченемдерине ылайык анын ичинде аркыл уюштуруучулук-укуктук тариздеги чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердиктеринин жыйынтыктары жөнүндө каржылык отчеттор түзүлөт. Календардык жыл салык төлөөчүнүн К. ж. болуп саналат. Календардык жыл 1-январдан башталып 31-декабрда бүтөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ КӨЗӨМӨЛҮ – мамлекеттин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдардын акча фонддорун түзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тармагындагы аракеттердин мыйзамдуулугун жана максатка ылайыктуулугун көзөмөлдөө. Баардык каржы-укуктук институттарга таандык К. к. аркыл негиздер боюнча бирнече түрлөргө бөлүнөт. Өткөрүү мезгилине байланыштуу алдынала, агымдагы жана соңку болушу мүмкүн. Аны ишке ашыруучу органдарга (субъекттерге) байланыштуу К. к.: а) мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын; б) президенттин; в) жалып компетенциядагы аткаруучу органдардын; г) каржылоо-кредит органдарынын; д) ведомстволук жана ички чарбалык; е) коомдук; ж) аудитордук болуп бөлүнөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЖЫ ОТЧЕТУ (уюмдун) – чарба жүргүзүүчү субъекттер түзүүчү (мыйзам талаптарына ылайык) отчеттуулуктун милдеттүү таризи; уюмдун өткөн каржы жылындагы иштери жөнүндө ачык-айкын сандар менен көрсөтүлгөн отчету.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансылык тобокелдик (Financial risk) —Контрагенттин сапатына, контрагент өлкөнүн экономикалык абалына жана финансы рынокторундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу орун алышы ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги. Финансылык тобокелдик кредиттик тобокелдик, рыноктук тобокелдик жана ликвиддүүлүк тобокелдиги болуп бөлүнөт.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Финансы рыногу (Financial Market) —Экономикалык субъекттер катышуучулардын жүрүм-туруму боюнча белгиленген эрежелерге ылайык, финансылык талаптарды сатып алуу-сатууну жүзөгөашырышкан рынок катары аныкталат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Төлөм теңдеминин финансылык эсеби (Financial Аccount) —Өлкөнүн тышкы финансылык активдери жана милдеттенмелери менен операциялары төлөм теңдеминин финансылык эсебине кирет. Өлкөнүн тышкы финансылык активдери монетардык алтындан, ЭВФтин атайын карыз алышуу укуктарында авуарлардан жана резидент эместерге карата талаптардан турат. Өлкөнүн тышкы милдеттенмелери резидент эместердин резиденттерге карата талаптарынан турат. Финансылык эсепти классификациялоо эң оболу, четөлкө инвестицияларынын функционалдык багытына негизденген: тике, портфелдик жана башка инвестицияларга; туунду финансылык инструменттерге; резервдик активдерге бөлүнөт.